ШИИБ маршрутка айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбоого чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековВременные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса
Временные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милицияга маршрутка айдоочуларынын ортосунда ишке чыкпоо, нааразычылык акциясын уюштуруу сыяктуу чагымчыл чакырыктар тарап жаткандыгы тууралуу билдирме түшкөн.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кичи автобустардын айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбоого чакырды.
Белгилүү болгондой, милицияга маршрутка айдоочуларынын ортосунда ишке чыкпоо, нааразычылык акциясын уюштуруу сыяктуу чагымчыл чакырыктар тарап жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
"Борбор калаада коомдук тартипти туруксуздаштыруу КРдин мыйзамын бузуу болуп саналат. Ошондуктан ШИИБ маршрутка айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбоого чакырат", — деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда айдоочулар коом үчүн өтө зарыл жана чоң иш аткарып жатканын эстен чыгарбашы керектиги белгилеген.
"Эгер чагымчыл иштерге жол берилип, коомдук тартип бузула турган болсо, ошондой эле коомдук транспортто же көчөдө жарандардын жана балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралса, менчик жана мамлекеттик мүлктөр жабыркаса, КРдин мыйзамына ылайык олуттуу чаралар көрүлөт", — деп эскерткен ШИИБ.
18-январда иш ташташы мүмкүн болгон маршрутка айдоочулары эмне дейт? Түз эфир - Sputnik Кыргызстан
18-январда иш ташташы мүмкүн болгон маршрутка айдоочулары эмне дейт? Видео
Милиция 12-январда Бишкек шаардык кеңеши, мэрия жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү жеке менчик ташып жеткирүүчү компаниялардын жетекчилери менен жолукканын эске салган. Анда жол кирени көтөрүү маселеси козголгон.
Айрым маршрутка айдоочулары жол кирени 15 сомго чейин көтөрүү талабын койгон. Мэрия аталган маселе акырындык менен чечилерин, маршрутка айдоочуларынын койгон талаптарын караган жумушчу топ түзүлгөнүн буга чейин айткан.
ШИИБ айдоочуларга кагаз түрүндө эскертүү таратылганын белгиледи. Анда кокус коомдук тартип бузула турган болсо, мэрия жеке менчик фирмалар менен кызматташууну карап чыга турганы жазылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0