Sputnik Кыргызстан агенттиги анын эмгек жолундагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Билимге умтулган слесарь
Инженер, конструктор...
Болочоктогу көрүнүктүү мамлекеттик ишмер 1976-жылы кесипкөйлүгүн жогорулатып Москвадагы курулуш институтуна стажировкага кетет. Кыргызстанга кайтып келгенде Фрунзе атындагы айыл чарба техникасын куруу заводунун жетекчиси инженер кызматына чакырткан. Кийинки жылы эле Балыкчыдагы ири ишканага инженер болуп барып, ал жакта бир жумада эле конструктордук жөндөмүн пайдаланып конвейердин жаңы эскизин иштеп чыгып, өндүрүштү жакшыртып, 37 жашында заводдун директору болгонго жетишкен.

Кызматтык тепкичтери
Эл менен бат тил табыша билген, кесипкөй жаш Ибраимов кайсы кызматка дайындалбасын, иштин майын чыгара билген жетекчи болгонун анын замандаштары эскерет. Ал 1985-жылы Балыкчы шаардык элдик көзөмөл комитетинин төрагасы, андан соң ошол эле калаанын коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп бекитилет. Үч жылдан кийин өлкөнүн компартиясынын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басары, Чүй облустук компартиянын экинчи катчысы болуп дайындалып, 1990-жылы СССРдин Жогорку Советтин бир, КРдин Жогорку Кеңешинин эки жолку депутаты болуп шайланган.
Алдыга талпынган…
Иш билги инсан союз кулап, мамлекет каатчылыкка кептелгенде эл керегине жараган. Дайым изденүүнүн үстүндө жүргөн Жумабек Ибраимов 1992-93-жылдары "Жанар" акционердик коомун башкарып, кийин Фрунзе ЭВМ заводун жетектөө милдети жүктөлөт. Тажрыйбалуу адис карызга белчесинен батып, чыгашага учураган ишканалардын өндүрүшүн жанданткан. Мисалы, союз маалында учактын борттук техникаларын даярдаган заводду калкка керектүү жабдууларды чыгартууга өткөргөн. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген рационализатору өлкөнүн тез бутуна туруп, мамлекеттин элдин алдындагы милдеттерин аткаруу үчүн сырттан инвестиция тартууга, өз убагында туура саясий чечимдерди кабыл алууга бел байлаган.

Акаевдин кеңешчиси
Чарбачыл жетекчи эгемендиктин алгачкы жылдарында президент Аскар Акаевдин көзүнө илинген. Өлкө башчы аны алгач борбор калаанын мэри кылып дайындап, андан кийин өзүнө жакындатып мамлекеттик катчы, кеңешчиси жана Жогорку Кеңеште ыйгарым укуктуу өкүлү кылып бекитет. Ошондой эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси кызматын аркалаган.
Өтө жөнөкөй өкмөт башчы
Физика-математика илимдеринин кандидаты барган жеринде иштин майын чыгара иштеген саясатчы 1998-жылдын декабрь айында өлкөнүн премьер-министрлигине киришип, бир топ шалаакы аткаминерлерди кызматтан айдоого кудурети жеткен. Замандаштары анын элдин акчасын кантип үнөмдөө керектигин иш жүзүндө көргөзгөнүн айтып келет. Ал өкмөт башчысы болуп турганда Германияга эконом класстагы учак менен жанына үч адамды ээрчитип иш сапарга барып, көпчүлүккө үлгү болгон.
