00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Көчмөндөрдүн дүйнөсү: VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жаңы багыты, даярдыктар
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Зачем Кыргызстану кодекс о мореплавании, если у страны нет моря
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Илим жана инновация: Кыргызстанда ойлоп табуулардын саны өсүүдөбү?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Путеводитель соотечественника как навигатор по жизни в Кыргызстане
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге экспорт көбөйөт — онлайн соодагерлер үчүн эсеп-фактуранын жаңы формасы ишке кирди
13:04
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салттуу медицина кандайча жөнгө салынат: лицензиялоо маселелери кандай?
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Талант Эралиев о планах центра кардиологии в 2026 году
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда балдардын 9 пайызга жакыны ашыкча салмактан жапа чегет. Балдардын ден соолугуна кантип кам көрсөк болот?
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Столичные дороги: что будут ремонтировать и где ждать пробок
18:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Ажырашууга бир кадам калганда… «Берекем» тасмасы сүйүүнүн чыныгы баасын көрсөтөт
19:06
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Почему при росте экономики бизнес всё ещё чувствует риски - беседа с главой МДС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салттуу медицина кандайча жөнгө салынат: лицензиялоо маселелери кандай?
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңы паспорттун дизайнын шакаба кылгандарга Мамкаттоо жооп кайтарды

© Фото / пресс-служба ГРС Кыргызстандын жалпы жарандык биометрикалык паспортунун үлгүсү
Кыргызстандын жалпы жарандык биометрикалык паспортунун үлгүсү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч күн мурун документтин үлгүсү коомчулукка жарыяланган. Мамкаттоо ал боюнча пикирин билдиргендерге ыраазычылык айтып, баарына жагуу кыйын экенин белгиледи.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) Кыргызстандын жалпы жарандык биометрикалык паспортунун жаңы дизайнын соцтармактарда шакаба кылгандарга түшүндүрмө берди.

Буга чейин айрым жарандар документтин айланма түрүндөгү сызыкчалар түшүрүлгөн сырткы көрүнүшүн күлкүгө алышкан. МКК паспорттун үлгүсүн 15-декабрда жарыялаган.

​Соцтармак колдонуучулары дизайн тууралуу ар кандай тамашаларды ойлоп табышууда.

​Ошондой эле Европа өлкөлөрүнүн бажы кызматкерлери паспорттун дизайнын көрүп кандай реакция кылмактыгын болжоп жазышкан.

​Мындан башка дагы сын-пикирлер айтылганын көрүүгө болот.

​МККнын маалымат кызматы болсо кыргызстандыктарга жарандык позициясы жана документке кайдыгер карабагандыктарына ыраазычылык билдирди.

"Тилекке каршы, баарына жагыш кыйын. Жаңы дизайнды иштеп чыгууга биздин адистер бланкаларды жеткирүү Mulhbauer ID Services GmbH компаниясы менен биргеликте көп жылдык эмгек жасады", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бул долбоор боюнча жумушчу топко өкмөттүн аппаратынан, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлик жана ведомство өкүлдөрү, Улуттук сүрөт академиясынын сүрөтчү, дизайнерлери кирген. Аны менен катар КР элдик чеберлер союзу, "Кыял" улуттук көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси, I-Media дизайн-студиясы тартылган.

МККнын маалыматы боюнча, документтин барактарындагы сүрөттөрдүн ар бир деталы жана көп түрдүү түстөр коргоонун маанилүү элементтери.

Выдача биометрических паспортов гражданам КР - Sputnik Кыргызстан
ПИН кайсы учурда керек, экөө-үчөө чыкса эмне кылуу зарыл? 7 суроого жооп
Ошондой эле тажрыйбасы мол жеткирүүчү германиялык компания документтин жасалгасына жогорку баа бергени белгиленет. Натыйжада бардык стандарттарга жооп берген заманбап паспорт даярдалган.

Жаңы документти кийинки жылдын биринчи жарымында колдонууга чыгаруу пландалууда. Жалпы жарандык паспорттун үлгүсү 2006-жылдан бери өзгөртүлө элек. Документти жасалмалоо фактылары катталгандан кийин жаңысын жасоо чечими кабыл алынган.

Жаңы версиядагы паспорттун артыкчылыктары:

  • коргоочу 30 элемент камтылып, электрондук чип жайгашкан. Ошондой эле заманбап материалдар менен жасалып, жеке маалыматтар лазердик технология менен жазылат;
  • бардык талаптарга жана Эл аралык жарандык авиациянын стандарттарына жооп берет;
  • АКШнын кыргызстандыктарды киргизүүгө койгон санкциясын жокко чыгарууга жасалган иштердин маанилүү бир бөлүгү;
  • мамлекеттик чек арадан өтүп жаткандарды бир жолку идентификациядан өткөрөт жана каттоого алат;
  • мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүнү, мыйзамсыз миграция уюштурууну, адам сатууну алдын алуу жана транс чек аралаш кылмыштарды аныктоонун эффективдүүлүгүн жогорулатат;
  • документти жасалмалоо жана мыйзамсыз түрдө колдонуу менен эффективдүү күрөшсө болот;
  • дүйнөдө өлкө имиджин жогорулатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0