10:28 28 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR103.0066
  • RUB1.1301
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (377)
184601

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө, көчмөн кыргыз элинин отурукташуусуна зор салым кошкон кыргыздын алгачкы интеллигенциясынын өкүлү Баялы Исакеев 1938-жылы ноябрь айында жалган жалаа менен атылып кеткен. Ал 1957-жылы акталган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги дээринен дипломат, сөзгө чечен, мамлекеттин өнүгүшү үчүн идиректүү иштерди жасап кеткен Баялы Исакеевдин өмүрүнүн урунттуу учурларына токтолдук.

Баялы Исакеев тууралуу фактыларды даярдоодо ачык булактагы бир катар макалалар жана материалдар пайдаланылды.

Атасынан эрте ажырап... Баялы Исакеев 1897-жылы Кочкор өрөөнүндөгү Үчүкө болуштугундагы Үкөк айылында төрөлгөн. Окууга ынтызар Баялы 10 жашынан айылдык мектепте окуп, 1916-жылы Нарындагы үч жылдык орус-тузем мектебин бүткөн. Анын алгачкы макалалары да ушул жылдары чыга баштаган. Кээ бир маалыматтарда Баялы Исакеев дыйкандын үй-бүлөсүндө туулгандыгы айтылат. Бирок айрым булактарда атасы Дыйканбай түбү манаптын тукуму болсо дагы мансапка жулунбаган, аштык айдап дыйканчылык кылган өз оокатына тың адам болгондугу тууралуу жазылат.

1900-жылы атасынан эрте калган төрт жаштагы Баялыны Дыйканбайдын агасы Исаке багып алат. Ошол кишинин колунда тарбияланып айылдагы мусулман мектебинде үч жыл окуган. Исаке оокат-аштуу, эл ичинде кадыр-баркка ээ адам болгон дешет. Бирок арадан 13 жыл өткөндөн кийин Исаке да көз жумат.

Билим алуусу. 17 жашка толгон Баялынын идиректүүлүгүн байкаган Исакенин досу Акмолдо жергиликтүү бийлик менен кеңешип, аны Нарындагы үч жылдык орус-тузем мектебине алып барат. Баялы Исакеевдин орусча кат сабаты да ушул мектептен жоюлган. Ал андан ары да окуусун улантууну каалайт, бирок каражаттын жоктугунан окуй албай калган. Кичинесинен эсеп-кысап сабактарына жакын болгон экен. Негизинен ошол учурдун талабы менен алганда Исакеев билимдүү жаштардын катарын толуктап турган. Кийин, 1923-жылы, Ташкенттеги Орто Азия коммунисттик университетин жана Москвадагы партиялык мектепти бүтүргөн (1926-жыл).

Үркүн. 1916-жылы Баялы Исакеев (19 жашта) совет бийлигин орнотуу иштерине катышкан соң туугандары менен кошо Синьцзянь (Кытай) провинциясына качып барган. 1916-жылдагы көтөрүлүш, андагы кайгылуу окуялар тууралуу кийин Фрунзеде жумушчулардын алдында кенен доклад жасаган. 1932-жылы Баялы Исакеев Үркүн тууралуу бир катар макалаларды жазган. 

Мемориал в честь 100-летия Уркуна (Великий исход), установленный в Караколе (Иссык-Кульская область).
© Фото / пресс-служба полпредства Иссык-Кульской области при правительстве КР
1916-жылы Баялы Исакеев (19 жашта) совет бийлигин орнотуу иштерине катышкан соң туугандары менен кошо Синьцзянь (Кытай) провинциясына качып барган.

Үй-бүлөсү. Баялы Исакеев 1917-1919-жылдары орусча жакшы билгендиктен Нарындагы Кумбел-Ата почта бекетине кароолчу, кийин арабакеч болуп жумушка кирет. Бирок ошол жылдары айылды каптаган жугуштуу оору менен ачарчылыктын кесепетинен ал апасынан, агасынан, инисинен жана карындашынан айрылат. Мындай жоготуу ага абдан катуу сокку болот.

Баялы Исакеев биринчи никеси менен оту күйүшпөй, аны Алматыга төркүнүнө жеткирип берип тогуз айлык кызы Ларисаны өзү менен алып калат. Бирок ажырашса да Баялы Исакеев камалганда биринчи аялы да камакка алынып, кийин акыл-эсинен айныганда түрмөдөн чыгарылат.

Лариса Исакеева үч жашка чыкканда атасы жана өгөй энеси Надежда Щеглова камалып кетет. Бир жылдан соң Баялы Исакеев ак жеринен атууга кеткенде кызы тайларында калып, Алматыдагы балдар үйүндө тарбияланган. Кийин Кыргызстанга кайтып келген Лариса Исакеева Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти 17 жыл башкарып, бир катар виолончелисттерди тарбиялап чыгарган. Мамлекеттик ишмердин кызы 2017-жылы 83 жашында дүйнө салган.

Эмгек жолу. 1920-жылдын 10-сентябрында Исакеев большевиктер партиясына мүчөлүккө кабыл алынат. Мына ошондон баштап ал партиялык жогорку кызматтарга көтөрүлө баштайт. 1920-1921-жылдары Үчүкө болуштук советинин аткаруу комитетинин депутаты болгон. 1921-1923-жылы Нарын уезддик партия комитетинин үгүт-насыят бөлүмүнүн башчылыгына шайланат. 1924-25-жылдары Түркестан АССР КПнын Лепси жана Каракол уезддик жана шааркомунун, 1926-1927-жылдары Кыргыз АССР КП Каракол округдук комитетинин бөлүм башчылыгына шайланат. 1927-28-жылдары "Кызыл Кыргызстан" (азыркы "Кыргыз Туусу" ) гезитинин жооптуу редактору болуп иштеп, принципиалдуулугу, иш билгилиги жана сөзгө чебердиги менен эл арасында сый-урмат күткөн.

Андан кийин 1928-29-жылдары ВКП (б) Кыргыз обкомунун бөлүм башчысы, ал эми 1930-33-жылдары республикалык партиялык комитеттин экинчи катчылыгына шайланат. 1935-37-жылдары Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар советинин төрагасы болуп иштейт. Ошол эле убакта ВЦИКтин Президиумуна да мүчө, ВКП(б) БКнын 17-съездинин жана СССР советинин атайын чакырылган 6-7-8-съезддеринин делегаты болгон.

Баялы Исакеев кызматта турганда Кыргызстандын өнөр жайын өстүрүп, элди отурукташтыруу менен жашоо маданиятын көтөрүүдө бир топ эмгек жасаган.

Бой-келбети, мүнөзү. Тарыхчылардын айтымында, Исакеевдин бою ортодон жогору, бир аз толмочураак адам экен. Табиятынан дипломат, талаштуу маселелерде жөндүү сүйлөп, сөзгө чечен болгон. Эмгекчил, ошол эле убакта мейманга көп барууну жана конок чакырууну да жактырбаптыр. Мал-киндиктүү жерде өскөндүктөнбү, атты аябай жакшы көргөн. Замандаштары анын үйүндө дайыма аттын жакшы жасалган ээр токуму турганын көрүшчү.

"Манас" эпосуна салымы. Министрлер кеңешинин төрагасы болуп иштеген жылдары Баялы Исакеев көркөм адабиятка көп көңүл бурган экен. 1935-жылы Кыргыз АССРнин Борбордук комитети тарабынан "Манас" эпосун басып чыгаруу тууралуу токтом кабыл алынып, 80 миң рубль да кошо бөлүнүп берилет. Мына ушундан тарта эпосту басмадан чыгаруу менен орусчага которуу боюнча иштер башталган. Бул үчүн Россиядан мыкты котормочулар алып келинип, аларга жакшы шарттар түзүлгөн. Исакеев Москвага барганда да нечен чыгаан адамдардын, дүйнөгө белгилүү инсандардын алдында Манас тууралуу кеңири баяндама жасаган. Кийин башына кара булут айланып, өмүрү кылдын учунда турса да өз башынын эмес, улуу эпостун камын көргөн дешет.

Куугунтукка кабылган күндөрдүн биринде Исакеев "Чоң Казатка" баш сөз жазган редакторлордун бири Е. Мозольковго телефон чалып, Манасты жарыкка чыгарууда аягына чейин иштөөсүн суранып, улуу эпос элге, деги эле жалпы адамзатка керек экенин түшүндүрүп акыркы өтүнүчүн билдирген. Сөзүнүн аягында көрүшпөй калуусу мүмкүндүгүн айтып, коштошкон экен. Айткандай эле бул алардын акыркы сүйлөшүүсү жана Исакеевдин керээзи болуп калган. 

© Sputnik / Эмиль Садыров , Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР
"Ата-Бейиттин" ыйы жана зыйнаты. 26 жыл илгери. Архивден алынган кадрлар

Айыпталып атылышы. 1937-жылы август айында "Правда" гезитине "Буржуазиялык улутчулдар" деген макала жарыяланат. Макалада Баялы Исакеев баштаган бир топ азаматтар улутчул деп аталып, ал 5-сентябрда Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар советинин төрагасы кызматынан четтетилет.

Исакеев 1937-жылдын 10-сентябрында улутчул-контрреволюциячыл деген жалаа менен камалып, 1938-жылдын ноябрь айында атылып кеткен. Кийин, 1957-жылы, толук акталып чыккан.

Сөөгү "Ата-Бейитте". Бишкектен түштүктү көздөй 30 чакырым алыстыкта, Чоң-Таш деп аталган айылдын жанында "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси жайгашкан. Анда мамлекетибиздин пайдубалын түптөгөн Жусуп Абдрахманов, Мурат Салихов, Осмонкул Алиев, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов, Эркинбек Эсенаманов, Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков болуп жалпы 138 чыгаан инсандын сөөгү жашырылган. Булардын жашыруун көмүлгөнү 53 жыл белгисиз болуп келген. 1991-жылы гана Бүбайра Кыдыралиева кыш чыгаруучу эски заводдун жүрөк титиреткен сырын ачыкка чыгарган

© Sputnik / Эмиль Садыров , Акылбек Батырбеков
Тоо түбүндөгү "Ата-Бейит". Трагедиялуу тагдырлар, ата-бала Айтматовдор жаткан жай

Ал эми 1991-жылдын 30-августунда Кыргызстан эгемендүү мамлекет болордон бир күн мурда 138 адамдын сөөгү ак кепинделип, кастарланып, кайра көмүлдү. Алардын арасында кыргыздын залкар уулу Баялы Исакеевдин да сөөгү бар.

Исакеевдин эстелиги борборго коюлуп, ысымы Бишкектин бир көчөсүнө жана Кочкор районундагы туулган айылына берилген.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (377)

Тема боюнча

Жүздөгөн майып жөө жүрүшкө чыгып, 7-апрель баатырларын эскерди
Алгачкы кыргыз профессору. Касым Тыныстанов тууралуу 8 факты
Белгилер:
репрессия, Үркүн, Ата-Бейит мемориалдык комплекси, Баялы Исакеев

ЭҢ МААНИЛҮҮ