БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Түрмөгө жалган жалаа менен камалып жана атылган 137 кишинин сөөгүн атайын автоунаа эки күн бою ноябрдын түндөрү ташыптыр. Сөөктөрдү ээн калган кирпич заводдун мешине каршы-терши ыргытып, үстүнөн топурак менен жаап салган дешет…
Жашыруун көмүлгөн сөөктөр ың-жыңсыз 53 жыл жатып, кийин гана аны чүкөдөй болгон кемпир бийликке билдирип, ал иш ачыкка чыккан. Мамлекеттик масштабда иликтөө иштери башталып, ошол жерден табылган 137 сөөк биздин түшүнүк менен айтканда, ак кепинделип, бала-чакасынын, элдин, бийликтин катышуусу менен кайрадан көмүлгөн.
Жарым кылымга жакын туугандары, балдары дайын-дарегин, кайсы жерге көмүлгөнүн билбей келген 137 кишинин аты дайын болуп, 1991-жылы август айында элдин катышуусу менен жерге берилген.
Ошентип, аталган комплекс кыргызстандыктар үчүн мааниси зор, зыярат кылып, өткөндөргө таазим кылуучу жайга айланган.
19 улуттун каймак жигиттери
Маалыматтарда репрессиялангандар 19 улуттун өкүлдөрүнөн тургандыгы айтылып келет.
Ал жерге кыргыз элинин каймактары, Кыргызстандагы интеллигенция өкүлдөрү Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Эркинбек Эсенаманов, Иманаалы Айдарбеков баштаган адамдар жатат. Ал жерден Юн Сан Син, Хунлава Харти аттуу фамилияларды да кезиктирүүгө болот.
Ошол кезде атасынан керээзин зиректиги менен эстеп калып, унчуга албай жүрүп, кийин гана чүкөдөй кемпир болгондо ачыкка чыгарган Бүбүра Кыдыралиева болбогондо, 137 киши ың-жыңсыз калат беле?..
"Ата-Бейит" комплексинин жетектөөчү адиси Өктөм Кадырова 137 киши камалып турган абак туурасында айтып берди.
"Тарыхый маалыматтарга таянсак, 137 киши азыркы Бишкек шаарындагы Токтогул — Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги абакта кармалып турган. Кыязы, ошол жерден аларды атып, андан кийин бул аймакка ташып келип, сөөктөрдү заводдун мешине шашылыш түрдө ыргытып, үстүн топурак менен жапкан", — деди Кадырова.
Армандаган Айтматов "өх-хх…" дегенде. Жанаша жаткан ата-бала
Тагдырдын буйругун караңыз, кийин Чыңгыз Айтматов каза болгондон кийин сөөгү атасынын жанына, "Ата-Бейитке" коюлду. Зар какшап, атасынын сөөгү кайда жатканын билбей бир кезде издеген уулу мезгили келгенде атасынын жанынан түбөлүккө жай алды. Ошентип, "Ата-Бейит" кыргызстандыктар, дегеле Чыңгыз абанын чыгармачылыгын билгендер үчүн баасы бийик жайдын бири болуп калды…
Репрессияга жанашкан Үркүн менен Апрель революциясы
Кийин "Ата-Бейиттин" аймагында 2010-жылы болгон апрель революциясында көз жумган мекендештерибиздин 27өөнүн сөөгү коюлду. Ошентип, 2010-жылдагы Апрель революциясынын баатырларына арналган мемориалдык комплекс пайда болду.
Ошентип, "Ата-Бейит" оңой эмес тагдырларга кабылган, өмүрү, каны менен тарых жараткандардын жаткан жайына айланды.
Бул материалды жөн жерден "Кыргызстандагы кыя өтпөгөн жерлер" рубрикасынан берип жаткан жокпуз, окурман. Өткөндү эстеп, аны кийинки муундарга айтып, дей жүрөлү деген ниет.