Бишкекке Өзбекстандан гуманитардык жүк келди. Тизме

© Фото / пресс-служба правительства КРКыргызстанга бүгүн Өзбекстандан коронавируска каршы күрөшүү боюнча дары жана медициналык каражаттардан турган жардам келип түштү
Кыргызстанга бүгүн Өзбекстандан коронавируска каршы күрөшүү боюнча дары жана медициналык каражаттардан турган жардам келип түштү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз өкмөтүнүн атынан вице-премьер Эльвира Сурабалдиева берилген жардам үчүн Өзбекстанга ыраазылык билдирди.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргызстанга бүгүн Өзбекстандан коронавируска каршы күрөшүү боюнча дары жана медициналык каражаттардан турган жардам келип түштү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба правительства КРВ рамках договоренностей, достигнутых между президентами Кыргызской Республики и Республики Узбекистан, в Бишкек прибыл очередной гуманитарный груз
Кыргызстанга бүгүн Өзбекстандан коронавируска каршы күрөшүү боюнча дары жана медициналык каражаттардан турган жардам келип түштү - Sputnik Кыргызстан
1/3
Кыргызстанга бүгүн Өзбекстандан коронавируска каршы күрөшүү боюнча дары жана медициналык каражаттардан турган жардам келип түштү
© Фото / пресс-служба правительства КРВ рамках договоренностей, достигнутых между президентами Кыргызской Республики и Республики Узбекистан, в Бишкек прибыл очередной гуманитарный груз
Жүктү вице-премьер Эльвира Сурабалдиева, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
2/3
Жүктү вице-премьер Эльвира Сурабалдиева, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кабыл алды
© Фото / пресс-служба правительства КРВ рамках договоренностей, достигнутых между президентами Кыргызской Республики и Республики Узбекистан, в Бишкек прибыл очередной гуманитарный груз
Кыргыз өкмөтүнүн атынан вице-премьер Эльвира Сурабалдиева өзбек тарапка COVID-19 илдетине каршы күрөшүү боюнча чаралардын алкагында көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген - Sputnik Кыргызстан
3/3
Кыргыз өкмөтүнүн атынан вице-премьер Эльвира Сурабалдиева өзбек тарапка COVID-19 илдетине каршы күрөшүү боюнча чаралардын алкагында көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген
1/3
Кыргызстанга бүгүн Өзбекстандан коронавируска каршы күрөшүү боюнча дары жана медициналык каражаттардан турган жардам келип түштү
2/3
Жүктү вице-премьер Эльвира Сурабалдиева, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кабыл алды
3/3
Кыргыз өкмөтүнүн атынан вице-премьер Эльвира Сурабалдиева өзбек тарапка COVID-19 илдетине каршы күрөшүү боюнча чаралардын алкагында көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген

Жүктү вице-премьер Эльвира Сурабалдиева, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кабыл алды. Ал жерде Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов болду.

Жардам катары төмөнкүлөр жеткирилген:

  • Гепарин 5 мл. – 1 миң куту;
  • Ремдесевир – 5 миң таңгак;
  • COVID-19ду алдын алуу үчүн медициналык топтом – 10 миң;
  • COVID-19ду аныктоо тести – 10 миң даана;
  • 100 мл. натрий хлор – 4 миң даана;
  • бир жолку шприцтер – 60 миң даана;
  • тамчылатуучу система – 20 миң даана
  • бир жолку кол каптар – 100 миң даана;
  • бир жолку коргоочу комбинезондор – 10 миң даана;
  • коргоочу көз айнектер – 2 000 даана;
  • бир жолку бет каптар – 100 миң даана;

Кыргыз өкмөтүнүн атынан вице-премьер Эльвира Сурабалдиева өзбек тарапка COVID-19 илдетине каршы күрөшүү боюнча чаралардын алкагында көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.

"Бул коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүгө багытталган алгачкы гуманитардык жардам эмес. Белгилей кетсек, кыйынчылык учурда Өзбекстан тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо өз учурунда берилген. Бул биздин өлкөлөр ортосундагы чыныгы бир туугандык мамилелердин көрсөткүчү болуп саналат", - деген Сурабалдиева.

Кыргызстанда да дүйнөдөгү башка мамлекеттер сыяктуу эле COVID-19 баш көтөрүүдө. Соңку суткада өлкөдө коронавируска 551 адамдын кабылганы жана үч кишинин көз жумганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0