БИШКЕК, 13-ноя. – Sputnik. Россия коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу иш-чараларынын алкагында Кыргызстанга 50 миң тест-система жөнөтөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Биринчи вице-премьер Артем Новиков Россияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Роспотребнадзордун жетекчиси, башкы санитардык дарыгер Анна Попова менен жолукту. Алар COVID-19 менен күрөш жана эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо жаатында кызматташуу жөнүндө сүйлөшүштү.
"Коронавирус жайылып, оор кырдаал жаралган кезде Кыргызстанга жардам берген Россияга ыраазычылык билдирем. Илдет менен күрөшүүдө россиялык медиктердин ролу абдан чоң", — деди Новиков.
Тараптардын сүйлөшүүсүнүн натыйжасында Россия Кыргызстанга гумжардам катары 50 миң даана тест-система бермей болду.