Ыктыярчы Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө 1 миллион сом төлөнүп берилди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкектеги стационарда ыктыярчы катары иштеп жүрүп көз жумган Адинай Мырзабекова. Архив
Бишкектеги стационарда ыктыярчы катары иштеп жүрүп көз жумган Адинай Мырзабекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус жуктуруп алып, алты айдан бери оор абалда жаткан дарыгер Мукарам Ураимовага да 200 миң сом компенсация бөлүнгөнү кошумчаланды.

БИШКЕК, 29-сен. – Sputnik. Бишкектеги стационарда ыктыярчы катары иштеп жүрүп көз жумган Адинай Мырзабекованын жакындарына бир миллион сом компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Мындан сырткары, коронавирус жуктуруп алып, алты айдан бери оор абалда жаткан дарыгер Мукарам Ураимовага да 200 миң сом акча бөлүнгөнү кошумчаланды.

Белгилей кетсек, ыктыярчы-медик Адинай Мырзабекова 13-июль күнү Бишкектеги стационарлардын биринде жумуш учурунда көз жумган. Ал болгону 21 жашта болчу.

КР медиктерине төлөнчү компенсация тууралуу кызыктуу үч жагдай. Талдоо

Ал эми Ураимова Ноокат районундагы "Барын" медициналык борборунун башкы дарыгеринин орун басары болуп эмгектенип келген. Ал 2020-жылдын 18-19-мартында COVID-19 пандемиясынын биринчи толкунунда обсервациялык жайда иштеп, ошол жактан коронавирус инфекциясын жуктуруп алган.

Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин адистер Адинайдын сөөгүн ачып көрүшкөнүн, алдын ала маалыматтар боюнча, ал пневмониядан көз жумганын кабарлашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0