КР медиктерине төлөнчү компенсация тууралуу кызыктуу үч жагдай. Талдоо

© AP Photo / Vladimir VoroninКүндүзгү стационарда бейтапты карап жаткан дарыгер. Архив
Күндүзгү стационарда бейтапты карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жазында өкмөт COVID-19га каршы күрөшкө катышкан медицина кызматкерлери вирусту жуктуруп же ушул илдеттен көз жумса компенсация төлөнөрү туурасында жарыялаган. Жайында президент төлөм боюнча мыйзамга кол койду. Эки документтен адашпаш үчүн макалага көз жүгүртүңүз.

Ишин аткарууда коронавирус илештирип алган медиктерге төлөнө турган компенсация боюнча кыргызстандыктар арасында көптөгөн суроолор жаралууда. Атүгүл илдетке кабылган медиктерге убадалангандан эки эсе аз сумма төлөнүп жатканын, "министрлер кабинети калкка берген убадасын аткарбай жатат" деп билдирген эл өкүлдөрүнүн бири парламентте өкмөттүн отставкасын да талап кылган.

Чындыгында Саламаттык сактоо министрлиги мындай маалымат түшүнбөстүктөрдөн улам гана жаралганын, чындыгында кеп бөлөк төлөмдөр жөнүндө экенин түшүндүргөн. Бирок компенсация боюнча кырдаал чындыгында жеңил эмес. Эпидемия башталгандан тарта вирус жуктурган медицина кызматкерлеринин арасынан төлөмдү бир нече гана киши алган.

Биринчи жагдай: эмнеге компенсация төлөө мынчалык кечеңдөөдө?

Быйыл көктөмдө бийлик коронавируска жумушта кабылган медиктер 200 миң сомдон компенсация аларын, ал эми ушул илдеттен каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө миллион сомдон төлөп берерин жарыялаган. Май айында министрлер кабинети республикалык бюджеттен бир жолку компенсация төлөөгө 50 миллион сом бөлөрүн билдирген.

Эми акча берилбейби? Медиктерге компенсация төлөөнүн шарты өзгөрүүдө

Биринчи төлөмдү медиктер дароо алышкан жок. Алардын басымдуу бөлүгү азыркыга дейре компенсация күтүүдө. Анткени акча илдетти илештирүү жагдайларынын баарын изилдеп чыккан соң гана бөлүнөт. Азыр муну Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан уюштурулган атайын комиссия териштирүүдө.

Бир миллион сом өлчөмүндөгү компенсацияны каза болгон эки медиктин гана үй-бүлөлөрү алганын айтат тийиштүү министрликтин каржылык башкармалыгынын жетекчиси Мухтарбек Баймурзаев.

"Илдет илештирген төрт медикке 200 миң сомдон төлөнгөн, дагы үч учур боюнча чечим кабыл алынды, ошондо жалпы жети учур такталды. Комиссия калган учурларды да иликтөөнү улантууда", — деп түшүндүрдү ал.

Ал эми Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Индира Жумабаева төлөмдөр зарыл кагаздардын толук эмес толтурулушунан улам созулуп жатканына токтолду . Анын айтымында, адатта үч документ менен көйгөй жаралууда.

"Эпидемиологиялык иликтөө анкеталары туура эмес толтурулуп жатат. Жумушта вирус жуктурганын тастыктоо үчүн бейтап кимдер менен байланышта болгонун тактоо зарыл. Андан сырткары, кызматтык иликтөөнүн бүтүмү жана вируска кабылган жагдайлардын актысы боюнча да маселе чыгууда", — деди ал.

Кыргызстанда ооруканада ВИЧ/СПИД жуктургандарга компенсация төлөнөт

Көйгөйдү чечүү үчүн жеринде окуулар өтүп жатканы кошумчаланды.

"Көчмө топ медицина кызматкерлерине бардык анкета жана актыларды кантип толтурууну түшүндүрдү. Бардык аймак жана облустардан документтер келип түштү. Ишти оптималдаштыруу үчүн эксперттик топ түзүлгөн. Ал комиссияга тапшырылган документтерди алдын ала карап чыкмакчы. Бул үчүн ар бир облустан бир нече адис жөнөтүлүп, таблицалардын жыйынтыгы иштелип чыккан. Мунун баары ишти жеңилдетүүсү кажет. Мында кеп чакан сумма жөнүндө эмес, ошондуктан укук коргоо органдарында шек жаралбагыдай жана алардын ачыктыгы үчүн процесс ийне-жибине чейин такталууга тийиш", — деп белгиледи ал.

Бирок бул суммалар менен төлөм маселеси жабылып калбайт...

Экинчи жагдай: жаңы мыйзам жана жаңы компенсациялар

Жогорку Кеңештин сайтында апрелдин ортосунда "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүүлөр туурасындагы мыйзам долбоору жарыяланган.

Ал жети жыл мурун, Алмазбек Атамбаев президент болуп турган убакта, кабыл алынган. Бирок пандемия эл өкүлдөрүн мыйзамга бир катар маанилүү, анын ичинде компенсация төлөөгө байланышкан кепилдиктер менен толуктоого түрттү. Бир ай өтпөй, 21-майда, парламент ал өзгөртүүлөрдү кабылдаган. Ошондон бир айдан кийин, тагыраагы, 29-июнда, президент Сооронбай Жээнбеков ал өзгөртүүлөрдү жактырган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирген, бирок иштей элек, мыйзам алдындагы актыларды кабыл алуу зарыл.

Бул өзгөртүүлөр эмне берет?

Кеп мында мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде гана иштеген медиктер туурасында экенин белгилеп коюу абзел. Бирок көрсөтүлгөн жагдайларда ишке жеке клиникалардан медицина кызматкерлери тартылган болсо, анда бул алты пункт аларга да толук көлөмдө тиешелүү.

Өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режими маалында медиктерди төмөнкүлөр менен:

  • үйдөн жумушка жана кайра үйгө чейин транспорт;
  • тийиштүү коргонуу каражаттары (бет кап, көз айнек, костюм, бахила, антисептик жана башкалар) — коопсуз иштөөгө мүмкүндүк берген көлөмдө;
  • талаптагыдай эмгек шарттары менен камсыздоо зарыл.

Эгер медициналык кызматкерлер ӨК же ӨА режим убагында өз саламаттыгын чоң тобокелге салуу менен кесиптик милдетин аткарса, аларга компенсация кошумча каралат. Аларды министрлер кабинети аныктайт, бирок өлчөмү ээлеген кызматына жараша төрт окладдан кем болбоого тийиш.

Санитардык-карантиндик зонада иштеген медиктерге оор иш, ошондой эле зыяндуу жана кооптуу эмгек шарттары режими коюлат. Алар үчүн ээлеген кызматына жараша он окладдан кем эмес өлчөмдө компенсация каралат. Алардын өлчөмүн да өкмөт аныктайт.

Заматта баары тозокко айланып кетерин эч ким күткөн эмес. Дарыгердин маеги

Эгер медициналык кызматкер ӨА жана ӨК режиминде өз милдетин аткаруу убагында кабылган илдеттен көз жумса, анда анын үй-бүлөсүнө маркумдун жыйырма жылдык орточо маянасынан аз эмес өлчөмдө бир жолку жөлөк пул төлөнөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин юридикадык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеевдин айтымында, бул сумма орточо эсеп менен жумушта коронавирус жуктуруп, илдеттен каза тапкан медиктердин үй-бүлөлөрүнө азыр төлөнө турган бир миллион сомдон кыйла ашат. Башкача айтканда, одоно эсеп менен эгер каза тапкан медиктин жылдык орточо маянасы 120 миң сомду түзсө, анда жаңы мыйзамга ылайык, кеминде эле 2,4 миллион сом каралат.

Эгер ӨА же ӨК шарттарында кесиптик милдетин аткаруу убагында медик ооруга кабылып, анын айынан таптакыр же белгиленген жагдайларда илешкен дартынан улам бир жыл өткөнчө иштей албай турган болсо, анда бир жолку жөлөк пул төлөнүп берилет.

  • I топтогу майыпка — жабыр тартуучунун 10 жылдык орточо маянасынан кем эмес;
  • II топтогу майыпка — жабыр тартуучунун 8 жылдык орточо маянасынан кем эмес;
  • III топтогу майыпка — жабыр тартуучунун 5 жылдык орточо маянасынан кем эмес.

Бир жолку төлөм Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен берилет.

Эгер медицина кызматкери ӨК же ӨА убагында кызматтык милдеттерин аткарууга байланышкан ооруга кабылып же травма алса, бирок булар майыптыгын тастыктоого укук бербесе, андай учурда да ээлеген кызматына жараша 15 окладдан кем эмес бир жолку жөлөк пул төлөнөт.

COVID менен күрөшүүгө 3,3 млрд сом кетти. Акчанын кайда жумшалганы боюнча отчёт

Андан тышкары, медкызматкерлердин эмдөөгө, иш убагында кабылган дартынан дарыланууга кеткен чыгымдары мамлекеттик жана муниципалдык медициналык уюмдардын өз эсебинен төлөп берилет. Ушул эле пунктка милдеттүү медициналык кароолор да тиешелүү.

Жумакеев азыр өзгөртүүлөр иштей турган механизмдер иштелип чыгып жатканын түшүндүрдү. Анын айтымында, иштин басымдуу бөлүгү аткарылды.

"Төлөм тартибин аныктай турган механизм өкмөттүн деңгээлинде түзүлүүдө. Анда компенсациялар боюнча бардык процедуралык учурлар так жазылмакчы. Ушул тапта документ макулдашуу баскычында", — деп кошумчалады юрист.

Үчүнчү жагдай: жыйынтыгында акча кандай бөлүнөт?

Учурда КРде медиктерге компенсация төлөөгө байланышкан эки документ бар. Бири иштеп жатат, экинчиси үчүн механизм иштелип чыгууда. Азырынча медиктер иштеп жаткан схема менен компенсация алышарын түшүндүрдү Жумакеев.

"Жаңы мыйзам боюнча төлөм тартиби жөнүндөгү токтомду кабыл алыша элек. Вирус жуктурган медиктерге азыркы система боюнча компенсация төлөнөт. Башкача айтканда, илдетке кабылгандарга 200 миң сомдон, акка моюн сунган ак халатчандардын жакындарына бир миллион берилет", — деди ал.

Юридикалык көз караштан алганда, мыйзам буйрук же тескемелерден жогору турат. Ошондуктан келечекте компенсация кандай төлөнөрү жаңы мыйзамга тиркелген өзүнчө токтом менен аныкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0