00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
07:46
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Утро хорошего дня
"Сдай кровь – спаси жизнь" - почему благотворительность важна для каждого из нас?
06:03
41 мин
Күн башат
Борбор Азия университеттеринин ректорлорунун форуму Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында өтүүдө
07:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
Подростковые проблемы через призму искусства - как говорить о сложном?
08:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Калк жашоосун чагылдырган салттуу музыка – Эл ичинен талант издеген сынак
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Женщины в бизнесе Кыргызстана: равные права или двойные барьеры?
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкекте тургундарды жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча кандай иштер жүргүзүлүүдө?
13:04
25 мин
Күн башат
Кызыл-Омполду, Кумтөрдү жана башка кендерди иштетүүдө Кыргызстан эмнеге көңүл бурушу керек?
13:31
24 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда кант диабети “жашарууда”— диабетти алдын алуу иштерине кандай көңүл бурулуп жатат?
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
с Кубатом Рахимовым
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Спорттук экипировкаларды тандоодо эмнеге көңүл буруу кажет?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:06
0 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда кант диабети “жашарууда”— диабетти алдын алуу иштерине кандай көңүл бурулуп жатат?
23:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Дене ууланат. Малдан адамга жуккан күйдүргүдөн кантип сактануу керек

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүУй сааганы келаткан аял. Архив
Уй сааганы келаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мал киндиктүү Кыргызстанда сибирь жарасы улам чыгып турган оорулардын бири. Кыргыздар күйдүргү деп атаган оору адамга мал аркылуу гана тарап, кишиден кишиге жукпаганы менен кесепети оор. Ал залалдуу жараны гана пайда кылбастан, организмди уулап салат...

Жыл жаңыргандан бери өлкөнүн эки жеринде — Оштун Кара-Суу району менен Нарындын Ат-Башы районунда күйдүргү катталды. Бардык учурда тең уйдун ээлери ветеринарга малдын ооруп жаткандыгы тууралуу кабар бербестен союп, этин элге таратып жиберишкен. Сибирь жарасы табылган айылдар карантинге алынып, оорулуулар менен дартка шектелгендер медициналык жардам алышкан.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги тиешелүү адистердин жардамы менен күйдүргүнү алдын алуунун жолу тууралуу айтып бермекчи.

Өлкөдө оорунун 560 очогу бар

Ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциясынын Малдын ден соолугун көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Мурат Абдраев Sputnik агенттигине Кыргызстан боюнча сибирь жарасынын 560 эски очогу аныкталып, каттоого алынганын билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековВетеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциясынын Малдын ден соолугун көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Мурат Абдраев
Дене ууланат. Малдан адамга жуккан күйдүргүдөн кантип сактануу керек - Sputnik Кыргызстан
Ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциясынын Малдын ден соолугун көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Мурат Абдраев

Адистин айтымында, күйдүргүнүн эски очокторун түп тамыры менен жок кылуу мүмкүн эмес, алар жер кыртышында кеминде 100 жылдан ашык сакталат.

Мындай кооптуу жерлер ветеринардык кызмат тарабынан жылына эки жолу дезинфекцияланып, топурак кыртыштын үлгүсү лабораториядан өткөрүлүп, дагы башка ветеринардык иш-чаралар жүргүзүлүп турат.

"Оорунун очогу деген жерлерге жашылча-жемиш, эгин, бак айдаганга болбойт, курулуш иштери жүргүзүлүп, мал жайылбашы керек. Кыскасы, сибирь жарасы катталган жер тосулуп, атайын белгилер коюлуп, айыл өкмөттүн балансына өткөрүлүп, көз салып туруу милдеттендирилет. Мындан күйдүргү катталган жерлердеги малга убактысы менен сибирь жарасына каршы жылына бир жолу эмдөө жүргүзүлүп, ылаңды алдын алып турабыз", — деди адис.

Абдраев кошумчалагандай, сибирь жарасы чыккан учурда эпизотологиялык изилдөө жүргүзүлөт. Кээде өз убагында малды эмдөөдөн өткөрбөгөндүгү үчүн же ылаңга күмөн болгон малды лабораторияга жибербей, анализи жок эле союуга уруксат берген ветеринар жазаланат. Ошондой эле оорулуу малды билип туруп, ветеринарларга көрсөтпөй союп элге таратып жиберген мал ээсине айып пул салынып, иши укук коргоо органдарына өткөрүлөт.

Ит кол салса эмне кылыш керек. Адистердин пикири

Ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциясынын өкүлү учурда өлкөдө эпизоотиялык абал туруктуу экендигин кошумчалады. Соңку ирет оору чыккан аймактарда инструкция боюнча тиешелүү иш-чаралардын бардыгы жүргүзүлдү.

Оорунун келип чыгышы, белгилери, дарылоо, алдын алуу

Аталган суроолорго Карантиндик жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин кандидаты Кубанычбек Бектурдиев жооп берди берди.

© Фото / Соорон ТашкеновКарантиндик жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин кандидаты Кубанычбек Бектурдиев
Дене ууланат. Малдан адамга жуккан күйдүргүдөн кантип сактануу керек - Sputnik Кыргызстан
Карантиндик жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин кандидаты Кубанычбек Бектурдиев

— Сибирь жарасын адамдар кандай жолдор менен жугузуп алып жатышат?

— Күйдүргү малдан адамга жугуучу оору, бирок кишиден кишиге тарабайт. Бул илдет негизинен айыл чарбасы өнүккөн мамлекеттерде көп кездешет. Адатта ылаңдаган малды союп, терисин сыйрып, устукандап, ичегисин тазалап жана башка иштерин жасаганда жуктурушат. Бирок микроб оңой эле кирип кетпейт. Маселен, адамдын денесинин бир жери кесилип, жаракат алып, былжыр чели ачылып калганда тез кирет. Ошондой эле көгөн сыяктуу курт-кумурскалар уйду чагып, анан кайра адамды чакканда сибирь жарасын козгоочу микроб жугушу мүмкүн. Ал эми оорулуу малды багып жүрүп жуктургандар чанда.

Эгер күйдүргү тери аркылуу жукса, ошол жерде микроб көбөйгөндөн кийин кызарып, каканактап, көзөнөктөрү пайда болуп жарылат дагы, жара пайда болот. Анан кишинин дене табы көтөрүлүп, башы ооруп, жарага жакын жайгашкан лимфа түйүндөрү же бездери чоңоюп, бир катар симптомдор коштойт. Ал ортодо жара капкара болуп карттана баштайт. Бейтап муну байкап ооруканага кайрылат, бирок адегенде сибирь жарасы экенин билишпейт. Мындай жаралар териден сырткары ичеги-карын, дем алуу системасынан да чыккан учурлар кездешип, адамды бир топ кыйынчылыкка кептейт.

Асыл тукум уй сатып алууда кантип алданып калбоо керек? Фермердин кеңеши

— Сибирь жарасын кандай ыкма менен аныкташат?

— Адамдын жарасынан анализ алышат, кээде ПЦР-тест тапшырттырышат. Мындан тышкары, оорулуу малдын эт калдыктарынан, терисинен оорунун козгогучун же микробун издешет, ошондой эле аны сойгон жердеги топурак кыртышын текшеришет.

Сибирь жарасы адамдан адамга жукпаганы менен өзгөчө кооптуу деп саналап, инфекциялык ооруканалардагы атайын бокстарда же жарым бокстарда жатышат.

Бейтаптар узак убакыт дарыланышы мүмкүн. Жараланган жери айыгып, карты түшүп калмайынча кармашат. Дары-дармектен тышкары мүнөздөп тамактанышат. Баягы эле куурулган, ачуу, туздуу, ышталган тамактарды чектейбиз.

— Сибирь жарасы болгон малдын этин бышырып, кууруп жеген учурда микробдору өлбөйбү?

— Жок, оңой менен жоголбойт. Күйдүргү менен ооруган малды тамак-ашка пайдалануу өтө опурталдуу. Себеби спора (бактерия — ред.) үч саат кайнаткандан кийин гана зыянсыз болот. Оорунун формасы ысыкка туруксуз келет. Бирок ылаңдаган малдын этин узак убакыт кайнатып же кууруп жесе болот деген ойдон алыс болуш керек. Баары бир кооптуу болуп саналат.

Адам илдетти көбүнесе ооруган малдын чийки этинен, терисинен, жүнүнөн жана мал союуга колдонгон шаймандарынан жуктурат.

— Бул ооруда кандай адамдар тобокел тобуна кирет?

— Ветеринар адистерден, малчылардан, фермерлерден, касапчылардан, тамак-аш жасоо менен алектенгендерден илдет көп кездешет.

Сибирь жарасы менен бардык жаш курактагы адамдар ооруйт. Ал эми анын реакция бериши иммунитетке жана организмдин өзгөчөлүгүнө жараша болот. Эгерде айрымдар өнөкөт оору менен күрөшүп жүрсө, иммунитети начар болсо, аларга кесепети көбүрөөк тийиши мүмкүн.

Ветеринар: чириген аюнун этин тазалап, тишибиз күбүлүп кала жаздаган

— Бардык эле дартка көңүл бурбай койсоң арты жаман болот эмеспи. Бул оору эмнеси менен кооптуу?

— Күйдүргүдө өз убагында медициналык жайга кайрылбаса, үйүндө өз алдынча дарыланып жата берсе оору өтүшүп, кабылдап, акыры өлүмгө алып келиши мүмкүн. Күйдүргү өзү антибиотик менен жакшы дарыланат. Негизи эле оңой дарылана турчу оорулардын катарына кирет.

Териге чыккан жараны дарылабаса септикалык формага өтөт, тагыраагы, чирип кетет. Ал эми ичтеги жаранын айынан ичеги-карындар жарылып кетет. Дем алуу системасында болсо аба алмашуу жүрбөй, башка органдар дагы жабыркайт.

Эң коркунучтуусу — микроб организмде көбөйгөндө интоксикациялык абалга келет, тагыраагы, дене ууланып баштайт. Буга убагында көңүл бурбаса адам өлүп калышы мүмкүн.

— Бул оорудан каза болгондор болдубу?

— 1990-жылдары жана 2000-жылдардын башында эки өлүм катталган. Анда бейтаптар ооруканага кайрылышкан эмес, ошондой эле башка дагы илдеттери болгон.

© Фото / Соорон ТашкеновКарантиндик жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин кандидаты Кубанычбек Бектурдиев
Дене ууланат. Малдан адамга жуккан күйдүргүдөн кантип сактануу керек - Sputnik Кыргызстан
Карантиндик жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин кандидаты Кубанычбек Бектурдиев

— Ооруну кантип алдын алуу керек?

— Оору жазында жана күзүндө көбүрөөк тарайт. Бул убакта мал саргайып, куурап калган чөптү тамыры менен омкоруп жеп алат. Ал жерде балким мурда-кийин оорунун очогу болушу ыктымал. Мал деле адам сыяктуу дене табы көтөрүлөт, бирок тез өлүп калышы мүмкүн. Анан кишилер малды ооруп жатыптыр, арам өлүп калбасын деп союп салып, элге этин таратып жиберип жатышат. Ошондуктан ылаңдаган малды ветеринарга көрсөтүп, анын уруксаты менен гана кийинки кадамдарды жасаш керек.

Ооруган малды карап жатканда жеке гигиенаны сактап, атайын кийимдерди кийип, колду таза жууп, сарайды таза кармаш керек. Жер кыртышынын кооптуулугуна жараша мал сибирь жарасы, бруцеллез, кутурма сыяктуу оорулардан эмделип турушу зарыл.

Ошондой эле эт алып жатканда тышкы көрүнүшүнө көңүл буруу керек. Адатта күйдүргүгө кабылган уйдун этиндеги кан уюбай, тамчылап турат, себеби уу бар да. Мындан тышкары, эт аларда сатуучудан тиешелүү документтерди талап кылуу кажет.

Исираилов: мал сарайды дезинфекциялоо илдетти алдын алууга шарт түзөт

— Сибирь жарасын эмнеге биздикилер күйдүргү дешет?

— Илгери кыргыздар колго сибирь жарасы чыкканда темирди отко аябай ысытып, анан жараны күйгүзүп дарылашчу экен. Күйдүргү деген ат ошондон аталып калыптыр. Албетте, жараны минтип айыктыруу варвардык ыкма болгон. Андан айыкпайт дагы, себеби оору жарага гана эмес, денеге тарап кеткен болот.

Сибирь жарасы деген термин деле постсоветтик өлкөлөрдө колдонулат. Анткени мурдараак немис дарыгери Сибирдеги шахтада изилдөө жүргүзүп, ошондой кийин ушинтип аталып калган.

Негизи оорунун аты — антракс, муну биздин заманга чейин эле Гиппократ коюп кеткен. Антракстын которулушу таш көмүр, себеби карт капкара болуп ошол затты элестетет.

Биздин ветеринарлар сибирь кулгунасы (ириңдөө, чирүү) деп да жүрүшөт. Бирок мен муну дагы туура эмес көрөм. Менимче, Гиппократ койгон байыркы аталыш туура.

Жаңылыктар түрмөгү
0