Кыргыз мамлекеттик агрардык университетин аяктоо алдында турган ветеринарлар Айбек Жолдошбеков менен Кудайберди Замирбеков мал деле адам сыяктуу стресс аларын, бала салып, жасалма уруктандырыларын айтып беришти.
— Адам ооруса өзүн-өзү көңүл бөлүп, кам көрө алат. Тили табышмак малдын саламаттыгын кантип билесиңер?
Айбек Жолдошбеков: — Биз малдын саламаттыгын тышынан көрүп эле айта алабыз. Илдети жок мал жүнү жалтырап, жем-чөбүн бурдап жеп, маанайы көтөрүңкү абалда болот. Малды дарылоодо адамдар сыяктуу эле жеке жана тобу менен бөлүп алып карайбыз.
Кудайберди Замирбеков: — Ооруганда малдын деле маанайы чөгөт. Стресске түшүп, жем жегени кескин начарлайт. Мал биз сыяктуу бул же тигил жерим сыркоолоп жатат деп айта албагандыктан, клиникалык байкоого жараша жыйынтык чыгарабыз.
— Мал кайсы убакта, кандай ылаңдан жабыр тартат? Бул мезгилге карата болобу?
Кудайберди: — Сибирь жарасы, кутурма, бруцеллез оорулары мезгилге карабай козголот. Адатта оорулар жайында жана кышында күчөйт. Себеби жайында талаадан чөп менен кошо ар кандай вирустук ооруну козгой турчу курт-кумурскаларды жеп алышат, бир арыктан аккан сууну бардык мал ичет. Кышында малдын баары бир сарайда кармалгандыктан ар кандай оорулардын пайда болушуна шарт түзүлөт.
— Көп учурда малды сойгондо боорунун таза эмес жерин көрүп калсак, кесип салып, соо жерин быжы жасай беребиз. Бул канчалык деңгээлде туура?
Кудайберди: — Маселен, боордун сыртына бөлүнүп чыккан ак бүртүктөр топтолгонго чейин органдын ичи ылаңга толуп калган болот. Боорду адатта 15-20 мүнөт бышырып туруп, пияз менен жеп алабыз. Бул өтө туура эмес. Канча бышырган учурда деле боордо илдеттин 40 пайызы сакталып калат.
Айбек: — Мен бир учурду айта кетейин. Кошунам эхинококк менен ооруп бейтапканага жатып калды. Мал, ит-куш дегенди үйүнө кармачу эмес. Бирок огородуна жашылча-жемишти көп айдачу. Анан кошунанын иттери кирип-чыгып ичтен чыккан калдыктарын таштап кете беришиптир. Себеби, элдин көбү малын вакцинациядан өткөрбөйт. Биз болсо ийне сайдырбагандарды тизме менен каттап кетебиз. Алар кийин өздөрүнүн аймагынан оору чыгып кала турган болсо жоопко тартылышат.
— Адатта мал доктурлар чакыруу менен көп иштешет. Кайсы мал ылаңга көбүрөөк чалдыгат?
Кудайберди: — Жылкы баласы күчтүү болгону менен организми абдан сезимтал, назик жан келет. Жылкынын жаталак оорусу менен көп чалышат же ат чабышта кокустап калат. Көп учурда жылкыга жем берип туруп, артынан суу берип коебуз. Анан ичегилери түйүлүп, иштей калат. Жаталак болгон жылкыны беш мүнөттүн ичинде сактап калбасаң өлүп калышы мүмкүн.
— Болбогон бир нерселерге чакырган учурлар болобу?
Кызык эле учурлар болот. Кээде уй тууй албай жатат деп чакырышат. Ыңгайы келсе табигый жол менен эле туудурганга аракет кылабыз, болбосо кадимкидей эле операция жолу менен баласын алып чыгабыз. Көп учурда музоону көтөрө албагандын себеби жасалма уруктандыруу болуп саналат.
— Жасалма уруктандыруу тууралуу кеп кылсак. Көбүнесе кайсы мал уруктандырылат, негизи эле бул процесс кантип жүргүзүлөт?
Айбек: — Эки-үч жыл мурда жасалма уруктандыруу боюнча долбоорлор сунушталганда эл анчейин көңүлдөнгөн эмес. Азыр долбоор болбосо дагы адамдар малын жасалма уруктандырууга аракет кылып калышты. Жасалма уруктандыруу аркылуу биздин климатка ылайыкташкан, сүт багытындагы уйларды алып жатышат. Маселен, буканы талаага чыгарып койгондо уйдун баары тууйт деген кепилдик жок. Көбү кысыр калат. Жасалма уруктандырууда болсо уйдун 96 пайызы музоолуу болот.
— Кайсыл малды аргындаштыруу мүмкүн эмес? Мисалы, эчки менен койду, уй менен жылкыны аргындаштырууга болобу?
Айбек: — Жылкы менен эшекти аргындаштырып качырды чыгарып жатышат. Алар бир туяктуу болгондуктан физиономиясы окшош болот. Ал эми бир туяктуулар менен ача туяктуулар эч качан аргындашпайт. Анткени генетикалык жактан хромосомалары туура келбейт.
— Мал союлуп жатса кээде ичиң ачышат. Айрым учурда колуңардан өлүп калган жандыкка кейисеңер керек?
Кудайберди: — Туулганына эки ай болгон тай экен. Ичине жел туруп жаталак болуптур. Барсак абдан кыйналып жаткан экен. Мал да болсо ары-бери чуркап алапайыбызды таппай жүрдүк. Бизге кеч чалып калышты. Көпкө кыйналбасын деп мууздап салууну туура көрдүк. Көп учурда ээси малынын кыйналганынан көрө көзүн тазалап коюну эп көрөт.
Айбек: — Айылда уй багып, бедеге көп алдырдык. Бедеге тоюп ичи көөп чыккан уйду бир орунга тургузбай кубалоо керек. Кээде ичин тешип койчумун. Бир жолу жакшы көргөн уюм картошка жеп, ичи көөп кыйналып жатканда ичин тешип койдум. Бирок, аным жардам берген жок.
— Айрым малдар дене түзүлүшүнүн артыкчылыгы менен төрөлөт. Маселен, алты буттуу музоо, эки баштуу козу дегендей. Башкача айтканда, мутацияга эмне себептен кабылышат?
Кудайберди: — Жакында эле бизге беш буттуу музоо келип түштү. Бешинчи буту бел жагында жайгашкан экен. Бутун операциялык жол менен кесип, тирүү алып калдык. Бизде радиация арбын, азон катмары жукарып жатат, көмүр кычкыл газынын көбөйүшү сыяктуу сырткы факторлор мутацияга таасир этет.
— Ветеринар болуу оңойбу? Айрым учурда жумушуңардан иренжиген учурлар болгонбу?
Айбек: — Мындан бир канча жыл мурда Караколдогу парктан аюу өлүп калыптыр. Экспертиза үчүн бизге жиберишти. Анткени балдарга сабак өткөнгө сөөгүнүн түзүлүшү керек эле. Аюуну алып келгиче эки жумага чукул убакыт өтүп кетти. Бизге келгенде желим баштыктын ичине салып коюшуптур, эми жытынан эле тиш түшүп калчудай болду. Өлүккана бул жакта калсын. Ал кезде окуу жайда биринчи курста окучубуз. Биздин курста 120 бала бар эле, ошонун ичинен бешөөбүз чыдап, чириген эттерин кесип тазалаганбыз.
— Малдын гигиенасы тууралуу да азын-оолак кеп кылып кетсек?