БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. АрМИ–2020 танк биатлонуна катышып жаткан Кыргызстан командасынын экинчи экипажы группалык этапта 3-орунду алды.
Кечээ биринчи экипаж таймашка түшүп, алар дагы 3-орунду ээлеген. Бирок экинчи экипаж беш бутанын төртөөнө тийип, ылдамдыгы дагы батыраак болуп, биринчиге караганда жакшыраак жыйынтык көрсөттү.
Бүгүнкү таймаштагы жыйынтык:
- Россия — 21 мүнөт 16 секунд, беш бутанын баарына ок тийди;
- Казакстан — 25 мүнөт 20 секунд, беш бутанын баарына ок тийди;
- Кыргызстан — 25 мүнөт 55 секунд, беш бутанын төртөөнө ок тийди;
- Өзбекстан — 30 мүнөт 11 секунд, беш бутанын бирине гана ок тийди;
Кыргызстан "Танк биатлонуна" катышты. Видео
Танк биатлону боюнча АрМИ мелдеши — Россияда жыл сайын өткөрүлүп келген аскердик ири иш-чаралардын бири. Ага ондогон өлкөнүн аскерлери катышат. Былтыр Россиянын, Ирандын жана Армениянын командалары кирген өз тайпасында Кыргызстан экинчи орунду алган. Өлкө бул мелдешке 2013-жылдан бери катышууда.