21:44 06 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD76.9205
  • EUR91.0969
  • RUB1.0531
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1087 0 0

Сонунгүл Жылтырова бир нече жылдан бери элеттиктерге дары чөптөрдү өстүрүүнү үйрөтүп келет. Ал жаратылыш койнундагы дарычылыгы бар өсүмдүктөр кайсы илдетке дары болуп, бейтапты эмне менен айыктырууга мүмкүн экендигин жакшы билет.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Жылтырова менен чет өлкөгө тонналап сатылып жаткан чөп, аларды өстүрүү жөнүндө маек курдук.

— Дары чөп өстүрүүгө кантип аралашып калдыңыз?

— Кичинекей кезимде чоң энем рак илдетине кабылып, мен ал кишинин көрсөткөнү боюнча чөптөн дары даярдап берчүмүн. Ошолорду ичип жүрүп айыгып кеткен. Кийинчерээк мектепти бүтүп, жогорку окуу жайда окуп жүргөндө дары чөптөргө кызыгып, жаратылышка жакын болдум. Атамдын агасы дагы түрдүү дары чөптөрдү терип, кургатып, мага көп нерсе айтып берчү. Бир кезде кан басымы жогорулап сыркоолоп, ак халатчандар жазган дары-дармектин баарын иче берген экен. Ошол дарылар ден соолугун бузуп койгонун айтчу. Көрсө, дары бир жерди айыктырса, экинчи органды талкалайт экен. Ашказанында жара пайда болуп 59 жашында кайтыш болуп калды. Ооруп жүргөндө дары чөптөрдү кеч пайдаланып калыптырмын деп өкүнүп жүрдү. Мен кийин ар кандай долбоорлорго катышып, 1998-жылдан баштап бул тармакка аралашып, өз алдымча изилдеп дарылыгы бар чөптөрдү айдай баштагам.

— Мындай өсүмдүктөрдү кыргыздар байыртадан эле колдонуп келген да. Негизи бул өнөрдү этияттык менен аркалоо керек го?

— Негизи кыргыз элинде дары чөптөрдү мурунтан баштап эле абдан жакшы пайдаланчу. Мен төрт айымда эки өпкөмө суук тийип ооруп калыптырмын. Ооруканага жатып дарыланып келгениме карабай жакшы боло албай, кыйналып жүргөн экенмин. Энем кышында көкөмерен өскөн жерди таап, карды күрөп тамыры менен казып келип жуунтуп жүрүп айыктырыптыр. Азыр деле элди дары чөп менен дарылагандар бар, көп учурда жыйынтыгы жакшы. Бирок анын терүү учурун, кургатуу ыкмасын, колдонуудагы өлчөмүн билүү зарыл.

Предпринимательница Сонунгул Жылтырова, занимающаяся лекарственными травами
© Фото / Сонунгул Жылтырова
Ишкер Сонунгүл Жылтырова бир нече жылдан бери элеттиктерге дары чөптөрдү өстүрүүнү үйрөтүп келет.

— Кыргызстандын тоолорунда дары чөптөргө арбын деп жатасыз, ошол эле маалда айрым өсүмдүктөрдүн азайып кеткени байкалууда.

— Ооба. Тоого чыгып, дары чөп терип кургатып саткан көп эле адам бар, анын аркасынан жакшы эле акча табышат. Алар чөптөрдүн жетилип, дарылык касиети баралына жеткен айы, күнүнө чейин билишет. Мен чөптүн 12-13 түрүн эле абдан жакшы билем, алардын курамын изилдегем. Ал эми Кыргызстанда 4 000ден ашык дары чөп бар. Тилекке каршы, алар мурун аябай көп өсчү, кийинки жылдары азайып кетти. Жок болуп баратат десем да жаңылбайм. Биринчиден, мал жеп, туягы тепселеп жатат. Экинчиден, жергиликтүүлөрдүн чогултканын Кытай жарандары арзан баада эле ири көлөмдө алып кетүүдө. Аларды мамлекет тарабынан эч ким көзөмөлдөгөн жок. Казганда да дары чөптүн өзүн алып тим болбой, башкаларына да зыян келтирип жатат. Жалпылап айтканда, бул жаатта абдан көп көйгөй бар.

Ата-энем COVID жуктуруп алган соң ишке кириштим. Нарындык ыктыярчы кыздын маеги

— Ошондон улам дары чөптөрдү үй шартында, талаада өстүрүүгө ыктап кеттиңизби?

— Башында үйдө кичинеден ромашка, календула, мышык тамырды (валериана) өстүрө баштагам. Убакыт өтүп эл аралык уюмдун долбоору Ысык-Көлгө келип, алар менен 2011-жылдан баштап иштешип калдым. Координатор катары облустун тургундарына мышык тамырды өстүргөндү үйрөттүм, азыр дагы ошол багытта иш алып барам. Германиядагы бир фармацевтикалык компания менен келишим түзүп, дыйкандар бир килограммын 57 сомдон сатууда. Чет элдиктер кызыгып 200 тоннага чейин өстүрүп бергиле деп сурап жатат. Бирок биз жылда араң дегенде 30 тонна гана чогулта алабыз.

—  Ысык-Көлдүн Европага кетип жаткан чөбүнөн эмне дарылар жасалат?

— Мышык тамыр өсүмдүгүн германиялыктар 100дөн ашык таблетка, сайылуучу дарыга кошуп чыгарат. Бизден сатып алып жаткан компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, Кыргызстандагы өсүмдүктөрдүн экстракты 130 пайызга жогору экен. Ошондуктан биздикин жакшы баалап алып кетип жатышат. Ал чөп Европанын бир катар мамлекеттеринде да өстүрүлөт. Аларга, мисалы, европалыктардан он тонна алгандан көрө Кыргызстандан бир тонна алганы пайдалуу экен.

Предпринимательница Сонунгул Жылтырова, занимающаяся лекарственными травами
© Фото / Сонунгул Жылтырова
"Тоого чыгып, дары чөп терип кургатып саткан көп эле адам бар, анын аркасынан жакшы эле акча табышат",- дейт Сонунгүл Жылтырова.

— Кыргызстандын шартында дары чөптөрдү өстүрүү кирешелүү эле бекен?

— Биздин долбоордун алкагында 1000ден ашык адамды ал өнөргө үйрөттүк. Азыр Нарын, Талас облусундагы элеттиктерге жол көрсөтүп жатабыз. Эң негизгиси, ал өсүмдүктөргө суроо-талап болушу керек. Ошондо эл өзү эле ыктай баштайт. Ысык-Көлдөгү Маман айылынын тургундары дары чөптөрдүн ыгын таап алышкан. Андан киреше таап, жашоо-турмушу жаман эмес. Органикалык чарба жүргүзүп, дары чөптөрдү өстүргөндө сөзсүз жерге дагы жакшы таасирин берет. Ошол эле жерге кийинки жылы картошка, жер-жемиш сепсең, түшүмдүүлүк жогорулап, айдоо жерден түрдүү зыянкечтер жоголот.

Бирок дары чөп өстүрүүнүн өзүнүн кыйынчылыктары бар. Көпчүлүк ишти техниканы пайдаланбай колго жасайсың. Ар бирин помидор тиккендей отургузасың, тамырын бош кылсаң көтөрүлө албай калат, мындан тышкары, чоңураак аянтка тиге албайсың. Биз окуткан элеттиктер иштин көзүн билип алышты. Сентябрь айында сатып алуучу издешпейт, чет элдик компаниялар өздөрү келип килограммын 57 сомдон алып кетишет.

Нан жасап сатканыман уялчумун... Кыргызстандык ишкер келиндин ийгилиги

— Пандемия учурунда ден соолукка кам көрүп, сергек жашоо образы менен күн кечирүү зарыл экендигине көпчүлүгүбүздүн көзүбүз жетти. Дары чөптөр менен иштеген адис катары айтсаңыз, айланада өсүмдүктөргө кандай мамиле кылышыбыз керек?

— Жөнөкөй талаада өскөн ромашканы терип кургаткандан кийин ымыркайды жуунтса болот, чайга кошуп ичсе жакшы. Ал сонун антисептик, аны менен жуунса дагы болот. Шалфей тамак ооруп калганда жакшы айыктырат, аялдардын репродуктивдүү органдарына пайдалуу. Чай чөп ички органдардын иштешин жакшыртып, рак клеткаларын өстүрбөйт. Чалканда С витамини аябай көп, канды тазалайт. Мындай чөптөрдүн ондогон түрүн Кыргызстандын аймактарынан кыйынчылыксыз табууга болот. Ошолорду колдонууну үйрөнүп алса ашыкча болбойт. Кыргызстандыктар толгон-токой дары чөптөрдү тебелеп эле басып жүрөбүз.

Талаада ыйлаган күндөр болду. Чөлдү кирешелүү бакка айланткан Маджиковдун маеги

— Сиз жогоруда дарылыгы бар чөптөрдү өстүрүүдө өлкөбүздөгү климат, топурагынын артыкчылыгын айта кетпедиңизби. Негизи айыл чарба тармагынын ушул багытын жолго салсак жакшы эле болот экен да?

— Ооба. Жакында эле Германия 200 тонна мышык тамыр жибергиле деп кайрылды. Бирок биз андай көлөмдү чыгара албайбыз. Эгер өкмөт колдон-буттан алып жардам берсе, беш жылда ал көлөмдү даярдай алат элек. Азыр дары чөптөр аябай арзан эле сатылып жатат. Бийлик ага көңүл бурса, Кыргызстандын укмуш дары-дармектерди чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар, карапайым элге да жумуш орундары түзүлмөк. Ал үчүн чоң илим-изилдөө иштери жүргүзүлүп, өкмөт ири каражат бөлүшү керек. Коронавирус өлкөнү каптаганда фармакология, саламаттык сактоо системасындагы жылдап жыйналып келе жаткан көйгөйлөрдү көргөзүп койду. Атамекендик фармкомпаниялар болсо алып сатуу менен эле алек.

Предпринимательница Сонунгул Жылтырова, занимающаяся лекарственными травами
© Фото / Сонунгул Жылтырова
Сонунгүл Жылтырова: азыр дары чөптөр аябай арзан эле сатылып жатат. Бийлик ага көңүл бурса, Кыргызстандын укмуш дары-дармектерди чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар, карапайым элге да жумуш орундары түзүлмөк.

— Ар бир иш илимий мамилени талап кылат эмеспи, бизде кесипкөй фармакологдор жетиштүү элеби?

— Саналуу эле бар. Жаштар арасында өтө эле аз. Алар деле фармаколог болгусу келет, бирок бул тармак бизде өнүкпөгөндүктөн ал адистиктерди тандашпайт. Анын ордуна көпчүлүгү чет элден келген даяр дарыларды сатуу менен алек. Бирок биз өмүр бою эле башка мамлекеттерден чыккан дарылар менен эле жашай албайбыз да. Мамлекетибиздеги акыркы айлардагы окуялар муну даана көргөзүп койду. Тиешелүү деңгээлде изилдөө иштерин жүргүзүп, бул тармакты колго алышыбыз керек.

21 жаштагы ишкер кыз: апамдын бейитине гүл алып барсам деп жүрүп бизнес ачтым

Тема боюнча

21 жаштагы ишкер кыз: апамдын бейитине гүл алып барсам деп жүрүп бизнес ачтым
Германиядагы мугалим Бүбүйна: Кыргызстандын алыскы мектебинде иштегим келип кетет
Белгилер:
маек, дары чөптөр, дары, Ысык-Көл

ЭҢ МААНИЛҮҮ