БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда коронавирустун көбөйүшүнө аймакка кирип жаткан элдин агымы себеп болууда. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, көл аймагында эпидемиологиялык абал өткөн аптада кескин курчуду.
"27-июлда вирус жуктургандардын саны 72 киши болсо, 29унда бул көрсөткүч 155ке жетти. 31-июлда 81 кишиден вирус аныкталды", — деди Акматова.
Адистин билдирүүсү боюнча, вирустун көбөйүшү менен элдин агымынын байланышы бар.
Боронов: Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында абал оор
"Google компаниясынын элдин мобилдүүлүгү боюнча отчетуна ылайык, акыркы кезде Ысык-Көл облусунда элдин саны кескин көбөйгөн. Бул аймактагы дүкөндөргө, сейил бактарга, эс алуу жайларына баргандардын саны өстү", — деди Акматова.
Мындан улам ал ысыккөлдүктөргө жана облус конокторуна социалдык аралыкты карманып, санитардык эрежелерди сактоого чакырды.
Эске салсак, ушул тапта Ысык-Көлдө коронавирус жуктургандардын саны 2 873кө жетти.