Аида Исмаилова ШКУ форумуна катышты. Эмне тууралуу сүйлөдү

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевВице-премьер-министр Аида Исмаилова ШКУ форумуна катышты
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова ШКУ форумуна катышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара COVID-19 эпидемиясына каршы күрөштө саламаттыкты сактоо деңгээлин жогорулатууда ШКУ өлкөлөрүнүн салттуу медицинасынын жетишкендиктерин аныктоо максатында өттү.

БИШКЕК, 31-июн. — Sputnik. Вице-премьер Аида Исмаилова Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) "COVID-19 эпидемиясына каршы биргелешкен күрөштө салттуу медицинанын уникалдуу ролу" темасындагы форумга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевВице-премьер-министр Кыргызской Республики Аида Исмаилова приняла участие в Форуме по традиционной медицине Шанхайской организации сотрудничества по теме "Уникальная роль традиционной медицины в совместной борьбе с эпидемией COVID-19" в формате видеоконференции. 31 июля 2020 года
Вице-премьер Аида Исмаилова Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) COVID-19 эпидемиясына каршы биргелешкен күрөштө салттуу медицинанын уникалдуу ролу темасындагы форумга катышты - Sputnik Кыргызстан
1/2
Вице-премьер Аида Исмаилова Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) "COVID-19 эпидемиясына каршы биргелешкен күрөштө салттуу медицинанын уникалдуу ролу" темасындагы форумга катышты
© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевВице-премьер-министр Кыргызской Республики Аида Исмаилова приняла участие в Форуме по традиционной медицине Шанхайской организации сотрудничества по теме "Уникальная роль традиционной медицины в совместной борьбе с эпидемией COVID-19" в формате видеоконференции. 31 июля 2020 года
Иш-чара видеоконференция форматында өткөн - Sputnik Кыргызстан
2/2
Иш-чара видеоконференция форматында өткөн
1/2
Вице-премьер Аида Исмаилова Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) "COVID-19 эпидемиясына каршы биргелешкен күрөштө салттуу медицинанын уникалдуу ролу" темасындагы форумга катышты
2/2
Иш-чара видеоконференция форматында өткөн

Иш-чара видеоконференция форматында өткөн.

Анда вице-премьер уюм алкагында саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү менен саламаттыкты сактоо жаатында ишти активдештирүү зарыл экенин айткан.

"ШКУга мүчө-мамлекеттердин жалпы адамзатка чакырык таштаган коронавирус пандемиясына каршы күч-аракетин бириктирүү зарыл. Ушул татаал учурда биз ШКУнун негизги принциптеринин кынтыксыз аткарылышына колдоо көрсөтүшүбүз керек. Биз эпидемия коркунучтарына каршы биргелешип күрөшөбүз", — деген Исмаилова.

Инфекционист, эпидемиолог көздөн учту. Жети дубандын эли кантип дарыланууда

Иш-чара ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылар кеңешинин XIX кеңешмесинде кабыл алынган саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтыкты күчтөндүрүү тууралуу консенсусту ишке ашырууну көздөгөн. Калктын ден соолугун коргоону жакшыртуу, өзгөчө COVID-19 эпидемиясына каршы күрөштө саламаттыкты сактоо деңгээлин жогорулатууда ШКУ өлкөлөрүнүн салттуу медицинасынын жетишкендиктерин аныктоо максатында өтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0