Кыргызстанда бүгүн дагы 1 108 адамдан коронавирус чыкты

© AFP / JACK GUEZЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү брифинг учурунда өлкө аймагында өлүм саны азайып жатканын белгилешти.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда дагы 1 108 адамдан коронавирус чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

  • Бишкек - 323;
  • Ош – 124;
  • Чүй облусу – 122;
  • Ош облусу - 93;
  • Талас облусу - 70;
  • Нарын облусу – 54;
  • Ысык-Көл облусу – 154;
  • Жалал-Абад облусу – 107;
  • Баткен облусу - 61.

Өткөн суткада өлкөдө коронавирустан 1 667 киши айыкты

Акматованын айтымында, жаңы жуктуруп алгандардын арасында 47 медицина кызматкери бар.

Жалпы жонунан вирус жуктуруп алгандардын саны 28 251 болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0