Министрлик: Кыргызстанда 12 дарыга муктаждык жарала баштады

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүСитуация в связи с коронавирусом в городах России
Ситуация в связи с коронавирусом в городах России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин орун басарынын айтымына караганда, керектүү делген дарылардын үч айлык запасы болушу керек.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кыргызстандын медицина тармагында бир нече дары каражатынын жетишсиздиги байкалууда. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев бирфинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, керектүү делген дарылардын үч айлык запасы болушу керек.

"Бүгүнкү күндө пайдаланылып жаткан 56 аталыштагы дарынын 12сине муктаждык жаралууда. Бул алар такыр жок дегенди түшүндүрбөйт, азырынча бар, бирок биз көбүрөөк камдашыбыз керек. Ал эми калган позициялар боюнча үч айлык запас бар, бул жаатта иштеп жатабыз", — деди Каратаев.

Бул күндөр да өтөт, ошондо сүйлөшөбүз! Түлөбаев дары алып саткандарга кайрылды

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 7 691ге жетти. Анын ичинен 2 843ү айыгып, 92 бейтап каза болду.

Ал эми коронавирустун кесепетинен келип чыккан пневмония оорусунан март айынан бери 195 киши көз жумду.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0