Финпол Кубанычбек Жумалиевге тиешелүү мүлктү иликтеп чыкканын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумалиевдин мыйзамсыз байыганы туурасындагы фактыны териштирүү үчүн Башкы прокуратуранын бирдиктүү реестрине материалдар Жазык кодексинин 323 жана 324-беренеси боюнча катталган.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финпол) Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевге эмне болгон мүлктүн тиешеси бар экенин аныктады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

“Финпол Башкы прокуратура тарабынан катталган Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкү боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатат. Анын алкагында бир катар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө уставдык капиталында Жумалиевдин үлүшү бар экени аныкталды. Ошондой эле ал уюмдаштыруучу, жетекчи болуп саналат экен. Мындан тышкары, Жумалиевдин жакын туугандарынын көп сандаган мүлкү аныкталды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш уланып жатат.

Эске салсак, Жумалиевдин мыйзамсыз байыганы туурасындагы фактыны териштирүү үчүн Башкы прокуратуранын бирдиктүү реестрине материалдар Жазык кодексинин 323 ("Мыйзамсыз баюу") жана 324-беренеси ("Кызмат адамдарынын ишкерликке мыйзамсыз түрдө аралашуусу") боюнча катталган. Анын алкагында Финпол сотко чейинки өндүрүш ачканы айтылат.

Киши текчеден Дело папканы чыгарып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Финпол Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүн териштирүүгө киришти
Кийин депутат аны мыйзамсыз баюу боюнча айтыптап чыккан активист Сыймык Жапыкеевдин үстүнөн милицияга арыз жазган. Анда ал түрдүү чакырыктарды таштап, үй-бүлөсүнө жана жеке өзүнүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жатканына даттанган. Ошону менен бирге жалган маалымат таратып жатканын да териштирүүнү суранган.

ИИМден бүгүн билдиришкендей, Жапыкеевдин социалдык тармактардагы баракчасындагы билдирүүсү боюнча лингвистикалык экспертиза Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы тарабынан жүргүзүлдү.

“Лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, Сыймык Жапыкеевдин билдирүүлөрүндө массалык акцияларга, жарандарга карата зомбулук көрсөтүүгө чакыруу, тактап айтканда, Жазык кодексинин 264-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери бар экендиги аныкталды”, — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча кылмыш жасоого тиешеси бар бардык жарандарды тактоо жана аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0