18:33 05 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Коом
Кыскача шилтеме алуу
48311

Кыргызстандык Талант Рыспаев эл аралык деңгээлдеги таанымал окумуштуулардын бири. Ал Германияда көп жылдан бери илим менен алектенип, студенттерге металлургия жана машина куруу боюнча лекцияларды окуп келет.

Техника илимдеринин доктору жасаган эмгектер учурда медицина, авиация, машина куруу тармактарында кеңири колдонулуп жатат. Жаратман илимпоз менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы маек курду.

— Азыр Германияда иштеп, ошол жакта жашайт экенсиз. Башында бөтөн элде, бөтөн жерде орун-очок алуу кыйын болдубу?

— 1999-жылы "XXI кылымдын кадрлары" мамлекеттик программасы аркылуу англис тилинен экзаменден өтүп, Германияга кеткем. Алгач ал жакта төрт ай немец тилин окуткан курстардан өттүм. Андан кийин ишке аралашып жүрүп тилди өздөштүрүп кеттим. Ал жылдары Кыргызстандын илим жана билим тармагы каржыланбай калган. Германияга келгенде эки жактагы илимдин деңгээли асман менен жердей экенин байкадым. Мен Томск шаарында инженердик билим алып, Москвада кандидаттыгымды жактагандыктан германиялык кесиптештериме тез эле аралашып кеттим.

Кыргызстанский ученый Талант Рыспаев с учениками
© Фото / из личного архива Таланта Рыспаева
Кыргызстандык Талант Рыспаев эл аралык деңгээлдеги таанымал окумуштуулардын бири

— Мекенден алыс жүргөнүңүзгө 20 жылдан ашып калыптыр. Россия, Казакстан, Өзбекстан, Германия, Австрияда иштеп калган экенсиз. Эмнеге Кыргызстанда өз ордуңузду таба алган жоксуз?

— Германияга башында бир эле жылга келгем. Ошол жылдары эле Кыргызстандагы жалпы система башаламан экенине көзүм жетти. Окуганы барган 14 кыргыз студент тил курсунан өткөндөн кийин ар кайсы окуу жайларга тарап кеттик. Мен Чыгыш Саксониядагы Клаусталь техникалык университетине илимий иштерим боюнча сегиз айга келдим. Эки айдан кийин мага 18 миллион евролук ири долбоордун бир бөлүгүн сунушташты. Эки-үч жылдан бери жакшы жыйынтык чыкпай жүргөн экен. Томск политехникалык институтунда, Москвадагы Болот жана эритме институтунда алган советтик билимдин деңгээлин карабайсызбы, мен сунуш кылган технологиянын негизинде Европа, Япония жана Американын патенттерин алдык. Ошондо Клаусталь университети мага беш жылга кызмат сунуштап, үй-бүлөмдү Германияга алып кеткем. Балдарым немец мектептеринде окугандыктан, дагы алты жылга жумушумду ошол университетте уланттым.

2011-жылы Германияда техника илимдери боюнча докторлук диссертациямды жактагандан кийин мекениме кайтып келип, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кыргыз-герман техникалык факультетинин деканы болуп иштегем. Ошол жылдары германиялык кесиптештеримдин колдоосу менен Кыргызстанда логистика, телематика жана медициналык инженерия кафедраларын ачтык. Жаңы ачылган техникалык адистиктеги студенттерди окутуу үчүн жабдыктар керек эле. Билим берүү жана илим министрлиги, университеттин жетекчилиги андай шарт түзүп бере албай коюшту. Анысы аз келгенсип, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүп, менин ордума чоочун кишини алып келишти. Андан кийин Усть-Каменогорск шаарындагы Чыгыш Казакстан техникалык университети (ВКГТУ) мени металлургия жана тоо кендери факультетинин декандык кызматына чакырды. Эки ай өтпөй ал жакта проректорлук орунга которуп, металлургия боюнча ошол университетте, казак заводдорунда 12 жаш адистин PhD-докторлугуна жетекчи болуп, кийин алар диплом алышты. Коңшу мамлекеттин илим-билим тармагы Кыргызстанга салыштырмалуу абдан алдыга кеткенин байкадым. Казакстанда батыш мамлекеттеринен күчтүү профессорлорду чакыртып иштеткен программа бар. Казакстандагы түстүү маталлдардын 90 пайызынан ашыгы мен иштеген Усть-Каменогорск шаары жайгашкан аймакта өндүрүлөт. Ал жерде "Кумтөрдөн" 10-15 эсе чоң ишканалар бар. Мисалы, америкалык Boing, европалык Airbus өз учактары үчүн керек болгон титан металлынын 25 пайызын Усть-Каменогорск шаарындагы титан жана магний комбинатынан сатып алат. Мурун Казакстан титанды жана башка металлдарды сырье катары арзан сатып келсе, кийин өздөрү заманбап инженерлерди даярдап, казак заводдору металлдарды жарым фабрикат катары кымбат эскпорттой баштады.

— Эмгек жолуңузда бир катар чет элдик илимий долбоорлорду ишке ашырган экенсиз жана аларга кыргызстандык жана казахстандык илимпоздорду да тартыпсыз?

— Германия негизинен автомобилдерди, энергетикалык, тоо-кен жана химиялык өндүрүштүн машиналары менен тетиктерин экспорттоодон киреше көрөт. Машина жана тетиктердин сапаты жогору болуш үчүн көп илимий иштер аткарылат. Өлкөдө илимий долбоорлорду каржылаган мамлекеттик жана менчик фонддор иштейт. Алардын арасында Volkswagen фонду сап башында турат. Бул фонддун каржылоосу менен Кыргызстан жана Казакстан университеттеринде бир катар илимий долбоорлорду аткардым. 2011-жылы Кыргызстанда жаш илимпоздордун илимий тобун түзүп, төрт аспирантка стипендия алып бердим. Алар алты жыл бою Берлин колдонмо техникалык университетинде жана Клаусталь техникалык университетинде жыл сайын эки ай илимий изилдөө иштерин жүргүзүштү. Долбоор аркылуу Бишкектеги техникалык университетке 15 миң еврого жаңы жабдууларды алып бердик. Мындан сырткары, жогорку окуу жайда материалдар жана ширетүү боюнча Кыргыз-Герман Компетент борборун уюштурдук. Анын жардамы менен Бишкекте металлдар боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүгө шарт түзүлдү. Мисалы, 2014-жылы "Кумтөр" компаниясы борбор калаадагы "Физприбор" заводуна кен рудаларын талкалап майдалаган "Грохот" деген жабдууну жасап бергиле деп кайрылган. Ага чейин ал жабдууну "Кумтөр" Чили мамлекетинен кымбат баада сатып алып келчү экен. "Грохоттун" конструкциясын жасоодо жөнөкөй болот менен дат баспаган болотторду ширетүү керек болгон. "Физприбордун" ал көйгөйүн биздин Компетент борбору чечкен. Тилекке каршы, мен Казакстанга кеткенден кийин борбор жоюлуп кетиптир.

Кыргызстанский ученый Талант Рыспаев с коллегами
© Фото / из личного архива Таланта Рыспаева
Окумуштуу Германияда көп жылдан бери илим менен алектенип, студенттерге металлургия жана машина куруу боюнча лекцияларды окуп келет

— Чакыруулар менен чет элдик жогорку окуу жайларга лекция окуп көп барат болушуңуз керек?

— Ооба. Атайын лекцияларды окуу боюнча программалар бар. Павлодар мамлекеттик университетинин чакыруусу менен былтыр Казакстанда бир ай болдум. Ага чейин үч ай Берлин техникалык университетинде, Батыш Вестфалия университетинде, Венгрия, Өзбекстанда лекция окуп, илим долбоорлоруна катыштым. Чет элдик профессорлорду лекция окуганга же чогуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө чакыруу батышта адаттагыдай эле көрүнүш. Коңшу Казакстандагы Назарбаев университетинин профессорлорунун көпчүлүгү чет элдиктер. Кышкысын 40 градус суук болгон Нур-Султан шаарына Сингапур, Америка, Германия, Нидерландыдан мыкты профессорлор келет, аларга жакшы маяна төлөнөт. Түрдүү долбоорлор аткарылат, билим сапаты жогорулайт. Казакстан илим-билим жагынан Кыргызстандан ондогон жылдарга озуп кетти. Муну дүйнөдөгү университеттердин QS рейтингинде байкоого болот.. Мисалы, 2019-жылдагы тизме боюнча алдыңкы 1000 университеттин катарына Казакстандын 10 жогорку окуу жайы кирген. Ал жакта Кыргызстандын бир дагы университети жок.

— Кыргызстанда техникалык адистерди даярдоого көңүл бурулбай жаткандыгын көбү эле билет. Келечекте бизде алардын тартыштыгы боюнча коркунуч пайда болушу мүмкүнбү?

— Андай коркунуч келечек эмес, азыр эле бар. Бир эле мисалды айтайын, жакында Ошто машина куруучу завод ачылмак. Былтыр алар конструктордук бюро түзүп, кесипкөй жаш инженерлерди издеп сынак жарыялады. Ал сынактан бир да кыргызстандык жаш адис өтө албай койду. Иш жүзүндө Бишкек, Ош, Кара-Балта, Нарын, Каракол шаарларындагы университеттер энергетика адистиги боюнча инженерлерди өтө көп даярдап диплом беришет. Заводдун сынагынан Томск политехникалык университетин бүтүргөн эки жаш инженер өтүп, жумушка алынды. Кыргызстанда компетенттүү жана билимдүү инженерлердин жана техникалык адистердин тартыштыгы ушинтип эле байкалып жатат. Дүйнөлүк өнүгүү көрсөткөндөй, өндүрүшү иштебеген мамлекеттердин келечеги өкүнүчтүү болот, өндүрүшү жок мамлекетке жакшы каражат түшпөйт. Ар бир мамлекеттин негизин интеллектуалдык байлык жана жаштар түзөт. Биз жаштарды сыртка жибербей, жакшы билим берип, алардын өндүрүш ачуусуна шарт түзүп беришибиз керек. Антпесек, азыр эле абалыбыз чатак.

— Сиздин бир катар ойлоп табууларыңыз бар экен, алар учурда кайсы тармактарда колдонулат?

— Патенттеримди алюминий жана магний эритмелери боюнча алгам. Авиация, машина куруу жана медицина тармактарында колдонулууда. Мисалы, медицинада имплант, протез жасоодо пайдаланылып жатат. Мурун ал жабдыктар көптөгөн жылдары дат баспаган болоттордон жасалып келген. 20-30 жылдан бери андай импланттарды титандан даярдашат. Себеби титан темирден (болоттон) жеңил келип, адамдын организмине биологиялык жактан оңоюроок кабыл алынат. Ошол эле маалда экөөнүн тең чоң кемчилиги бар: сөөк өсүп, жаракат калыбына келгенден кийин ал протездерди операциялык жол менен алып салуу керек. Бул учурда бейтап кыйналат, ага көп акча сарпталат. Акыркы жылдан бери Германия, Япония жана батыш мамлекеттери кээ бир импланттарды магний эритмелеринен жасай баштады. Биринчиден, магний жаратылыштагы эң эле жеңил конструкциялык металл. Экинчиден, магнийден жасалган имплант бир топ айда адамдын организмине сиңип кетет. Ошондон улам бейтапка кайра операция кылуу зарылчылыгы жок болот. Эгерде магний эритмелеринин түзүлүшү нано деңгээлде өтө майда болсо, анда жасалган имплант протез өтө сапаттуу болот. Мен докторлук диссертациямды магний эритмелеринин нанотехнологиясы жана аларды ширетүү боюнча жактагам.

Кыргызстанский ученый Талант Рыспаев с учениками
© Фото / из личного архива Таланта Рыспаева
Техника илимдеринин доктору жасаган эмгектер учурда медицина, авиация, машина куруу тармактарында кеңири колдонулуп жатат

— Азыр илим жаатында кандай иштер менен алек болуп жатасыз?

— Казакстандагы эки жылдык келишим бүткөндөн кийин кайра Бишкекке барсам Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жетекчилиги жумушка албай койду. Азыр Германиянын эки университетинде кайрадан профессор болуп иштеп жатам. Клаусталь техникалык университетинде лекция окусам, ал эми Саксониянын Анхальт университетинде илимий иштер менен алекмин. Азыр төртүнчү индустриялык революция боюнча Саксониянын беш университетинде аткарып жаткан ири илимий долбоордун координаторумун. Анан Киев жана Македониядагы ЖОЖдор үчүн долбоор даярдап жатам.

Тема боюнча

Жип ийрип, жарма жасап, нан жапкан индеецтердин навахо уруусу. Илимпоз менен маек
АКШга барып окумуштуу болгон айылдык жигит. Илимпоз Сабыров менен маек
Бейшеналиев: билим берүү тармагында формалдуулукту жоюу зарыл
Белгилер:
маек, илим, Окумуштуулар, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ