Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аны менен мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маек курду.
— Билим берүү тармагында 12 жылдан бери өз алдынча иштеп келет экенсиз. Бул тармакка кантип келип калдыңыз?
— Ооба, 2008-жылы Алматы шаарында студенттерди чет өлкөгө жөнөткөн компания ачып иш баштаганбыз. Кийин Бишкекте да кеңсебиз ачылган. Ал кезде чет өлкөдө билим алуу жаңыдан гана калыптана баштаган эле. Ошол кез менен азыркы учурду салыштырып болбойт. Убакыттын өтүшү менен бизде бул тармак жолго салынып, эл аралык деңгээлге чыкты. Азыр Кыргызстанда жаштарга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштаган көп компания өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.
— Чет өлкөгө көп чыгат экенсиз. Учурда Кыргызстанда кандай иштерди жасап жатасыздар?
— Былтыр "Келечектеги лидерлер мектеби" аталышындагы социалдык долбоорду ишке киргизгенбиз, азыр анын алгачкы жемишин көрө баштадык. Ага Табылды Эгембердиев атындагы фонд каржылык колдоо көргөзүп, жети окуучуну 1,5 жылдай чет элдик ЖОЖдорго өтүүгө даярдадык. Аталган фондго терең ыраазычылык билдирем. Бизге азыр ЖОЖдордон жооптор келе баштады. Жакында эле бир окуучубуз үч университетке чакыруу алды. Ар бири жыл сайын анын окуусунун 25 миң долларлык контрагын төлөп берет. Азыр ал кайсы университетте окууну ойлонуп жатат. Дагы бир бүтүрүүчүбүз бир жогорку окуу жайдын вице-президентинин 26 миң долларлык стипендиясын алды, эми анын президенттик стипендиясынын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Эгер жеңип алса, төрт жыл бою АКШдагы эң алдыңкы ЖОЖдо акысыз билим алат.
— Жакшы экен. Буюрса бир нече айдан кийин миңдеген окуучу мектепти аяктайт. Чет элдик мыкты жогорку окуу жайларга өтүү үчүн эмне кылышы керек?
— Азыр жаштарга чет жактан окууга мүмкүнчүлүктөр көп элеби?
— Мурдагыга салыштармалуу бир топ көбөйдү. Окуучулардын алдында дүйнөнүн жүздөгөн, миңдеген окуу жайларынын эшиги ачык. Илимий даражасына, финансылык мүмкүнчүлүгүнө жараша түрдүү ЖОЖдордо окуй алышат. Эгер бүтүрүүчүнүн акчасы жок болуп турса, Кытайда ошол тилде толук акысыз окуса болот. Азыр ал мамлекет чет элдик студенттердин саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Англис тилинде Чыгыш Европадагы Польша, Чехия, Венгриядан жылына 2000-5000 доллардын айланасындагы акча коротуп билим алууга болот.
— Сиздер борбордогуларга кызмат көрсөтүп, аларды мыкты ЖОЖдорго өткөрүүгө көмөктөшүп жатпайсыздарбы, ал эми алыскы айылда окуган окуучулар кантип чет жакта окуй алышат?
— Азыр мүмкүнчүлүктөрдүн доору. Нарындагы алыскы бир айылда окуучу колундагы интернети менен дүйнөнү ача алат. Анын жардамы менен онлайн китепканаларды колдонуп билим алса болот. Көптөгөн университеттердин чет тилди үйрөнүү боюнча курстарына акысыз катыша алат. Мындан сырткары, интернетте толгон-токой китептер бар. Алар Бишкек шаарында жашабай туруп эле интернетти өз багытында колдонуп бир топ жетишкендиктерди багындыра алат. Бирок окуучулардын көпчүлүгү интернетти көңүл ачуу үчүн гана колдонууда, бул — жаштардын эң чоң жаңылыштыгы. Иш жүзүндө алыскы айылдагы окуучунун да онлайн курстар аркылуу чет тилди өздөштүрүп дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларына өтүү мүмкүнчүлүгү бар. Айылдык балдар шаардыктарга караганда алыс жерге барып, башка чоң шаарда билим алууну эңсеп чыйрак болушат. Ошол маалда ата-энелердин да колдоосу чоң түрткү берет.
— Мектеп бүтүрүүчүлөрү өзүнүн адистигине жараша белгилүү бир мамлекеттин ЖОЖдоруна ыктап тандаса болобу?
Дагы айта кетчү жагдай, кыргызстандык бүтүрүүчү окуу маалында акча табууга, ЖОЖду бүткөндөн кийин да ал жакта иштеп калуу жагын ойлонуштурганы жакшы. "Силер батыштын сапаттуу билимин гана албастан, ал жактан тажрыйба топтоп, узак убакыт иштеп, анан мекенге келгиле" деп көпчүлүк бүтүрүүчүлөргө кеңеш берип келем. Ошондо гана алар Кыргызстанда мыкты кызматкерлерден боло алышат.
— Өнүккөн өлкөдөн жакшы билим алып келип Кыргызстанда жумушсуз отуруп калбаш үчүн эмне кылыш керек? Андайларды көрүп эле жүрөбүз.
— Ооба, чындыгында батыштан билим алып келип Кыргызстанда өз ордун таба албагандар көп. Мен аларга окуган мамлекетте кеминде 3-4 жылдай иштегиле деп кеңеш берет элем. Себеби ошондо гана ал жактан үйрөнгөнүн бизде өз алдынча колдоно алат. Мисалы, 1990-жылдары чет жакка билим алганы кеткендер азыр мекенге кайтып келе баштады. Ийгилик жаратып, ишкерлик менен алектенип Кыргызстанга жардамдашып жатат. Азыркы жаштардын кесипке көңүл буруп, келечегин ойлоп тандап жаткандыгы мени кубандырат. Алар IT, экономика, бизнес, туризм тармагындагы адистиктерге ыкташууда.
— Чет жакта окуй турган кыргызстандыктардын илим жааты менен кетип магистрлик, кандидаттык, докторлукту жактай турган ниети болсо эмне кылышы керек?
— Биздин жаш окумуштуулар үчүн да көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Азыр сыртта PhD (кандидаттык, докторлук) даражасын алуу өтө жеңил. Биринчиден, алар үчүн гранттык орундар арбын, аларга батышта жакшы шарт түзүлгөн. Бир эле маалда окуп, стипендия алып, иштей да алышат. Мындайча айтканда, алар өзүн толук камсыздап заманбап илимий борбор, лабораторияларда илимий даражасын жогорулата алат.
— Өзүңүздүн жумушуңуз менен чет өлкөгө көп чыгып жүрөсүз. Биздеги билим берүүнүн сапатына кандай баа бересиз?
— Эч кимди таарынткым келбейт. Тилекке каршы, бизде жыл өткөн сайын орто жана жогорку билим берүү деградация болуп жатат. Аны көрүп алып аябай жаным кейийт. Мугалимдик кесиптин кадыр-баркы түшүп калды. Ага эч кимди күнөөлөй албайм. Мен жумуштап Россия, Казакстанга көп барам. Алардын мектептери керектүү техника, жабдуу менен камсыздалганын көрүп Кыргызстан менен салыштырам. Бизде үлгүлүү мектептер жок эмес, бирок саналуу. Жалпылап алганда өлкөдөгү көптөгөн мектептерде жөнөкөй эле интернет да жок.