Кыргызстанда дары-дармек кымбаттап жатат. Маморгандар себебин түшүндүрдү

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүСитуация в Симферополе в связи с коронавирусом
Ситуация в Симферополе в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти медикаменттерге болгон баанын өсүшүн түшүндүрүп берди.

БИШКЕК, 31-мар. – Sputnik. Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкектин дарыканаларында медикаменттер кымбаттап кеткенин айтып чыгышты.  Sputnik Кыргызстан агенттиги Саламаттык сактоо министрлигине комментарий алуу үчүн кайрылды. 

Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин директорунун орун басары Мариям Жанкорозова препараттардын кымбатташына бир нече факторлор таасир этип жатканын айтты.

"Кытай дүйнө жүзүндөгү фармацевтикалык компанияларга сырье жеткирип келет. Бирок коронавируска байланыштуу жеткирүү иштери убактылуу токтоп калды. Буга байланыштуу дүйнөдө заводдордун иши үзгүлтүккө учурап калды. Кытай даяр продукцияны дагы чыгарат, бирок ал дагы токтоп калган. Учурда Кыргызстанга сырье алып келүү көйгөй жаратууда. Чартердик рейстер менен жеткирсе болот, бирок ага да чыгым көп кетет. Мындан сырткары, көптөгөн мамлекеттер кайсы бир товарларды сыртка чыгарууга чектөө киргизип жатат", - деди Жанкорозова.

Бишкектеги оорукананын коридорунда бара жаткан дарыгерлер - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө абалга карабай иштей берчү ишканалар. Жаңы тизме
Ал ошондой эле Кытайдагы ишканалар ишке киришкенин билдирип, бирок алар экспортту бай өлкөлөргө жасап жатканын белгиледи. Себеби ал мамлекеттер акчасын алдын ала төгүп, көп көлөмдө буйрутма беришет.

Мындан сырткары, департаменттен дары-дармектин баасынын өсүшүнө доллардын кымбатташы да таасир этип жатканын билдиришти.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги бааларды жогорулаткан тараптарга айып салуу каралбагандыгын маалымдады. Бирок Жогорку Кеңештин кароосунда турган мыйзам долбоордо монополияга каршы мыйзамдарды бузган тараптарга айып салуу нормасы каралганын билдиришти.

Аталган ведомствонун укуктук колдоо жана сатып алуулар боюнча бөлүмүнүн башкы адиси Аскат Азарбеков өткөн жылдын октябрь айында жашоого керектүү айрым дары-дармектердин баасын көзөмөлдөө боюнча убактылуу эрежелер кабыл алынганын билдирди.

"Дүң жана чекене бааларды Дары-дармек менен камсыздоо департаменти бекитет. Эгер дарыканалар бааларды жогорулатып жиберсе монополияга каршы орган эскертүү берет. Бирок анда дагы талап аткарылбаса Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекс боюнча айып салынат. Эреже бузуу кайталана берсе тараптар кылмыш жоопкерчилигине дагы тартылат", - деди Азарбеков.

Медайым укол кылган учурда - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: оорулуулардын саны кескин өсүп кетишине Кыргызстан даяр
Бүгүн, 31-мартта, өлкөдөгү коронавирус кырдаалы боюнча маалымат берген Саламаттык сактоо министрлигинин штаб башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов Кыргызстандагы ооруканаларда медикаменттердин үч айлык запасы бар экенин билдирди. Ошондой эле алардын көлөмүн көбөйтүү боюнча сүлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

31-мартка карата Кыргызстанда коронавируска кабылган 107 учур катталды. Алардын үчөө сакайып кетишти.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот

Жаңылыктар түрмөгү
0