Кыргызстандагы коронавирус жагдайы тууралуу эпидемиологдун ачык маеги

© Фото / Марлис ЭсенакуновЭпидемиолог Айыма Деркембаева
Эпидемиолог Айыма Деркембаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыма Деркембаева мамлекет тарабынан киргизилген катаал чаралар кыргызстандыктарды COVID-19 вирусунан сактай алар-албасы тууралуу айтып берди.

Байыркы турмушубуздан кайгылуу бир фактыны келтирели. XX кылымдын башында азыркы Кыргызстандын аймагындагы эркектер менен аялдар орточо 30 жыл гана жашашкан! Муну ошол убактагы эл каттоо тастыктайт.

Дагы бир факт: изилдөөчү Л.Ошанин 1920-жылдары Ысык-Көлдүн тескейинде сурамжылоо өткөрүп, үй-бүлөлөрдүн 90 пайызы балдарынан ажырап жатканын аныктаган. Ага көбүнесе инфекциялар себеп болгон.

Орууканадагы дарыгрлер жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шатырата кол чабышты! Бишкектиктер балкондон дарыгерлерге рахмат айткан видео
Азыркы жайлуу жана салыштырмалуу коопсуз жашоосу үчүн адамзат окумуштууларга жана медиктерге ыраазычылык билдириши керек. Ушундай оңой-олтоң эмес майданда бишкектик жаш эпидемиолог Айыма Деркембаева да эмгектенет. Аны менен COVID-19 туурасында гана эмес, дегеле өмүр жөнүндө да баарлаштык. Ал тургай, маекке тиркелчү сүрөттөрдү да кырдаалды ого бетер курчутпаш үчүн "коронавирус чыкканга чейинкилерден" тандадык.

— Бүгүн жарандарга метрлик аралыкты сактоо сунушталууда. Негизи бул маанилүүбү?

— Албетте! Ал түгүл, биз сүйлөшүп жатканда эле абага ооздон шилекей чачырайт, ал эми чүчкүрүп же жөтөлгөнүбүздө айтпай эле коеюн. Ошондуктан кезекте турганда, сүйлөшкөндө аралыкты сактоо чоң мааниге ээ. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыма мамлекет киргизген катаал чаралар кыргызстандыктарды COVID-19 вирусунан сактай алар-албасы тууралуу айтып берди
Кыргызстандагы коронавирус жагдайы тууралуу эпидемиологдун ачык маеги - Sputnik Кыргызстан
Айыма мамлекет киргизген катаал чаралар кыргызстандыктарды COVID-19 вирусунан сактай алар-албасы тууралуу айтып берди

— Бөлөк учурду элестетели: мисалы, мен жумушка келип, инфекцияга кабылган адам менен бир күн бою кеңседе чогуу отурдум дейли. Бирок ортобузда аралык бар. Мындай учурда да жугабы?

— Анда мындай болот: сиздин ооруп жаткан кесиптешиңиз чүчкүрөт, жөтөлөт, айланадагы абага инфекция жаят. Натыйжада иш бөлмөсүндө вирус көбөйөт, анан сиз ал жайылган аба менен дем аласыз.

— Демек, мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар калкты чындап эле коронавирустан коргойбу?

— Ооба, мындай ыкма чынында эле натыйжалуу! Биз болушунча байланышты кыскартуубуз шарт, анткени бул вирус бөтөнчө. Кептин баары анын инкубациялык убагынын узактыгында, 14 күнгө чейин, башкача айтканда, аны жуктургандан алгачкы белгилери байкалганча ушунча убакыт өтүшү керек. Адам ага чалдыкканын туйбай, айланасындагыларга жуктуруп жүрө берет.

— Коронавирусту дүйнө буга чейин кабылбаган өтө кооптуу, өлүм коркунучу менен коштолгон инфекция деп айтууга болобу?

— Жок, мындан коркунучтуу эпидемиялар да болгон, ошондуктан COVID-19дун тегерегиндеги ызы-чуу бир аз көбүртүлдү деп ойлойм. Бирок экинчи жагынан, бул таптакыр жаңы түр, дагы кандай күтүүсүздүктөрдү жаратары белгисиз. 

© Фото / Айтбек ОрозбековДеркембаева: биз сүйлөшүп жатканда эле абага ооздон шилекей чачырайт, ал эми чүчкүрүп же жөтөлгөнүбүздө айтпай эле коеюн
Кыргызстандагы коронавирус жагдайы тууралуу эпидемиологдун ачык маеги - Sputnik Кыргызстан
Деркембаева: биз сүйлөшүп жатканда эле абага ооздон шилекей чачырайт, ал эми чүчкүрүп же жөтөлгөнүбүздө айтпай эле коеюн

— Эмнеге эпидемиолог болууну чечкенсиз?

— Врач болууну кыялданчумун, бирок адамдарды дарылоо мага анча ылайык эмес эле. Ушундай эки ача ойдо жүрчүмүн. Эпидемиологдор бейтаптарды дарылабайт, алардын милдети – инфекциялардын жайылышын алдын алуу.

Мурда Кыргызстандан кетким келчү, себеби бардык эпидемиялар негизинен Африкада болот. Эми кетпегениме кубанып турам, себеби ушул тапта биздин өлкөгө да эпидемиологдор зарыл.

— Ишиңиз тууралуу билсек?

— Азыр жеке клиникада иштейм, ага чейин шаардык санитардык-эпидемиялык станцияда эмгектенчүмүн. Бул – анык эпидемиологдор мээнеттенген бирден-бир мекеме. Ооруканага олуттуу жугуштуу инфекция, мисалы, кызылча, гепатит, кургак учук менен бейтап кайрылат. Врачтар ал боюнча дароо бизге кабарлайт. Биз бейтап менен сүйлөшүп, илдеттин жайылышына бөгөт коюу үчүн ал менен байланышта болгон кишилерди тапчубуз. Ал адамдардын үйүнө, жумушуна барчубуз.

Бишкекти мындай абалда көрө элек болчубуз. Ээн калган шаардын 14 сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Бишкекти мындай абалда көрө элек болчубуз. Ээн калган шаардын 14 сүрөтү
Маселен, бала бакчадан кызылчаны жуктуруп алды дейли. Демек, биз ал бакчада тарбияланган балдардын баарын текшерүүгө тийишпиз. Биздин милдет – дарттын андан ары жайылышын токотуп калуу.

Калкка айтар бир кеңешим бар: эмдөөдөн баш тартпаңыздар! Вакцина — медицинанын адамзат үчүн ойлоп тапкандарынын эң мыктысы. Бир гана эмдөө менен сен өмүр бою өлүм коркунучун жараткан дарттан корголосуң.

Ошол эле кызылчаны алалы, мурда калк жапырт эмделгендиктен, бул ооруну жеңдик деп саналып келген. Бирок эл эмдөөдөн баш тарта баштагандан бери кызылча Кыргызстанга кайра кайтты. Айтмакчы, эмдөөнүн аутизмди өрчүтпөй турганы илимий жактан далилденген. Албетте, организмдин вакцинага реакциясы болот, бирок врачтын туура көзөмөлү менен олуттуу эч көйгөй жаралбайт.

Ымыркайлар алгачкы эмдөөлөрүн төрөт үйүндө эле алат. Айрым кыргызстандыктар диний ишенимдеринен улам балдарын эмдетпейт, дал ошондой көз караштардын айынан наристелер чарчап калган учурлар болгон. Ошондуктан сөзсүз эмдеткиле! 

© Фото / Айтбек ОрозбековДеркембаева: коронавирустан дагы коркунучтуу эпидемиялар болгон
Кыргызстандагы коронавирус жагдайы тууралуу эпидемиологдун ачык маеги - Sputnik Кыргызстан
Деркембаева: коронавирустан дагы коркунучтуу эпидемиялар болгон

— Маалымат каражаттарында улам бир өлкөдө коронавирустун вакцинасын чыгарышыптыр деген кабар кайра-кайра чыгып жатат. Эмнеге алар рынокко түшпөй жатат?

— Тез эле пайда боло калат деп ойлобоңуздар. Вакцина адегенде бардык эрежелерине ылайык сыналууга тийиш, натыйжалуубу, кыйыр таасирлери кандай, баары аныкталгыча бир топ убакытты алат.

— Келиңиз, илдет темасынан четтейли. Дүйнөдө коронавирустан да бөлөк темалар бар... Сиз ат жалында трюктарды аткарат турбайсызбы, ушундайбы?

— Ооба, жылкыны айылга туугандарыбыздыкына барып жүрчү бала кезимден тарта жакшы көрөм. Студенттик куракта бир таанышымдын жылкылар менен профессионалдуу түрдө алектенерин билдим. Ал байкап көрүүнү сунуштады, кыздар үчүн ат спорту өтө кооптуу экенине карабастан макул болдум.

— Эмнеге?

— Ат акробатикасында травма аласың, денең көп көгөрөт. Айрым учурда ат чабыш аял кишилерде жатындын ылдыйлашына алып келиши ыктымал. Чынын айтсам, мага күчтүү эрк керек болду, анткени ат болгон күчү менен жүгүрөт, ал эми сен ошол маалда ат жалында оюн курасың. Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышууга да чакырышкан, бирок ал жакта мен ат акробатикасын көрсөткөн жокмун, тек гана шоу-программа эле. 

© Фото / Айтбек ОрозбековДеркембаева: Врач болууну кыялданчумун, бирок адамдарды дарылоо мага анча ылайык эмес эле
Кыргызстандагы коронавирус жагдайы тууралуу эпидемиологдун ачык маеги - Sputnik Кыргызстан
Деркембаева: Врач болууну кыялданчумун, бирок адамдарды дарылоо мага анча ылайык эмес эле

— Анан сиз чындап эле травма алган белеңиз?

— Ооба. Бир жолу атканага кайтып келе жатканбыз, алдыбыздан жаш балдар чыкты. Алар бош бөтөлкөгө таш толтуруп алып ойноп жатышкан экен. Анын тырсылдаганынан улам атым үркүп, башын буруп ала качып жөнөдү. Тизгиндей албай койдум, алым кетип калды. Чуркап бараткан жеринен секирүүгө туура келди, анан тизе сөөгүм талкаланып, ээгим жарылып, мээм чайкалган.

— Баары бир акырында бир суроону бербей кое албайм. Коронавирус кыйсыпыры дагы канчага созулат?

— Баары өзүбүзгө жараша. Мисалы, Түштүк Кореяда эпидемия басаңдап баратат, себеби адамдар үйлөрүнөн чыкпай, айланасындагылар менен байланыштан обочолонушту. Биз дагы биригип, үйдө болуп тура алабыз. Эгер антпей турган болсок, дагы көпкө уланышы мүмкүн. Андайда бир нерсени болжош кыйын.

Жаңылыктар түрмөгү
0