00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Будь в курсе
Швейный хаб или «цех на выживание»? Как Бишкек становится столицей евразийского аутсорсинга
08:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы абал: Трамп АКШ-Иран согушундагы максатына жетпей калдыбы?
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Разрыв ожиданий: почему выпускники и работодатели не могут договориться о зарплате
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өткөрүлдү. Кандай ыкмалар колдонулат?
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
ТЭЦ или машины? Компьютерная модель раскрыла настоящих виновников смога в Бишкеке
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
13:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Не просто юрист: почему лучший педагог СНГ ставит добро выше кодексов
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Исражидин Зарипов: «Адам баласынын жүрөгүнө көчөт отургузууга болгон сүйүүнү отургузушубуз керек»
17:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Hitec и работа с местными властями - как в КР предвидят чрезвычайные ситуации
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Жогорку окуу жайлар эми илимди өндүрүшкө чыгара алабы? Жарлыктын келечеги
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сыноону бекем тартип менен жеңебиз! Президент Жээнбеков элге кайрылды

Жазылуу
Президент өлкөнүн бүткүл аймагына 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине карабай, эрежелерди бузган, тартипти сактабаган учурлар катталып жатканына токтолду.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-мартта, өлкөнүн айрым шаарларында жана райондорунда өзгөчө абал режими киргизилгенине байланыштуу элге кайрылуу жасады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент өлкөнүн бүткүл аймагына 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине карабай, эрежелерди бузган, тартипти сактабаган учурлар катталып жатканына токтолду.

"Коронавирусту жайылтпоо үчүн мындан да катуу чараларды кабыл алуу зарылдыгы жаралды. Өлкөдөгү өзгөчө кырдаал жана аталган аймактардагы өзгөчө абал жашоо турмушубузда айрым ыӊгайсыздыкты, бир кыйла чектөөлөрдү жаратат. Мекендештерибизден тартипти темирдей бекем сактоо талап кылынат", — деди президент.

Өлкө башчы илдеттин мындан ары жайылып кетүүсүн болтурбоо максатында мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик, дарыгерлер, чек ара жана милиция кызматкерлери күнү-түнү иштеп жатканына токтолду.

"Эпидемиологиялык кырдаалдын начарлоосуна жол бербей, өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын талаптарын кынтыксыз аткаруу алардын эмгегине чоң колдоо болот. Дүйнө жүзүндө вакцина табуу үчүн тынбай изилдөөлөр жүрүп жатат. Бирок азыр коронавируска каршы эффективдүү каражат — тартип, биримдик, санитардык-гигиеналык талаптарды так сактоо", — деп айтылат кайрылууда.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев  - Sputnik Кыргызстан
Вирус ар бирибиздин жаныбызда! Абылгазиевдин элге жасаган видеокайрылуусу
Президент чет өлкөдөн келгендерди, обсервацияда же дарыланууда жаткандарды өзүм билемдик кылбоого, илдетке чалдыккандар менен байланышта болгондорду издетпей, телефон аркылуу билдирүүгө чакырды.

"Бүгүнкү чоң сыноо келген күндөрү тартипти сактоо — ар бирибиздин атуулдук милдетибиз. Бул өзүңдүн гана эмес, мекендештериңдин, балдарыңдын ден соолугу, өмүрү, келечеги үчүн, жалпы коомдун саламаттыгы үчүн жоопкерчилик", — деди ал.

Мындан тышкары, Жээнбеков күнү-түнү оору менен алышып, элдин ден соолугуна кам көрүп жаткан ак халатчандарга ыраазычылык билдирип, алардын эмгеги жогору бааланарына токтолду.

Ошондой эле кичи жана чакан бизнес менен алектенген ишкерлерге өкмөт атайын алгоритм иштеп чыгарын, аларга жеңилдиктер каралганын эске калды.

Сөзүнүн аягында президент элдин башына түшкөн сыноону биримдик, бекем тартип менен гана жеңүүгө болорун баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0