11:39 27 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD74.0750
  • EUR81.1788
  • RUB1.0412
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Психолог менен баарлашуу (107)
2544 0 0

Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында апасынын “ач көздүгүнөн” тажаган кыздын каты жарыяланды.

— Саламатсыздарбы! Менин атым Жибек, 23 жаштамын. Жогорку окуу жайды бүткөнүмө бир жыл болду. Азыр Бишкекте эл аралык компанияда иштейм. Кудайга шүгүр, жашоомдо баары жетиштүү, телегейим тегиз десем болот. Бирок бир нерсе жүрөгүмдү оорутуп жүрөт.

Апамдын жалгыз кызымын, атам экөө мен төрөлгөндө эле ажырашып кетиптир. Азыр атамдын башка үй-бүлөсү, балдары бар. Жашоосу очор-бачар, мени менен катышпайт деле. Мен деле эмнегедир аны менен сүйлөшүүгө ынтызар болгон жокмун. Анткени апам эч нерседен кем кылбай бакты. Анын үстүнө таякелерим жакка аябай жакынмын, ошолордун кызы болуп калгам.

Мектепте окуп жүргөндө апам мени бербеген ийрими калган жок. Фортепиано, бий, кол эмгек, тил курстарынын баарына бардым. Азыр орус, англис жана немис тилдеринде эркин сүйлөйм. Апам кичинемден кыргыз эле эмес, дүйнө классиктеринин чыгармаларын окутуп үйрөттү. Ал адатым азыр дагы калбай, жаңы чыккан кызыктуу китептерди кууп окуйм. Баса, 8-9-класста окуп калганда моделдик мектепке киргизген. Ар жакта бир жылдай окуп, эки ирет мода көргөзмөсүнө катышкам. Модельер апамдын классташы болгондуктан сүйлөшүп, мага эң жакшы кийимдерди кийгизип, подиумга кыздардын алдында чыгарган. Башында аябай кубангам, бирок кийин такыр көңүлүм келбей таштап койгом. Анда апам мени көпкө алдап-соолап, алы жетпей калганда урушуп дагы көрдү. Бирок мен модель болгум келчү эмес.

Кыскасы, апам менин азыркыдай адам болуп чоңоюшума аябай жан үрөдү, анысы үчүн ыраазымын. Студент болордо дагы ректор группалашы менен сүйлөшүп, мыкты окуу жайга киргизген. Ректорду мага аяш ата дедиртип койгон.

Ошентип аяш атам окууну бүтөр-бүткүчө мени универститеттин ичиндеги жана андан башка коомдук иштерге аралаштырып жүрдү. Бир нече жолу чет өлкөдөн келген президенттерди тосуп алуу үчүн жиберген. Аэропортто нан, туз көтөрүп, кадырлуу коноктордун алдынан чыккан кыздар болот эмеспи. Ошол сыяктуу иш-чараларга барып келген сайын апам "ким менен тааныштың, телефонуңду сурагандар болдубу?" деп сурай берчү. Үчүнчү курстан тарта ачык-айкын эле улам бирөөнү таанышып көрбөйсүңбү деп сунуштай баштады. Дароо эле мындай бизнеси бар, мынча үйү бар, акыркы үлгүдөгү автосу бар деп байлыгына басым жасайт. Бирок мен аны кадыресе кабыл алчумун. Анткени эненин баары эле кызын жакшы жерге барсын, эч нерседен кор болбосун деп ойлойт да.

Төртүнчү курста окуп жүргөндө Эмил деген жигит менен таанышып, экөөбүз жакшы болуп кеттик. 2-3 ай сүйлөшкөн соң ал менин колумду сурады. Өзү менден төрт жаш улуу, билимдүү бала эле. Атасы университетте сабак берчү, өзү министрликтердин бирине сынактан өтүп, жаңы эле жумушка орношкон. Аябай аракетчил, кыскасы, жолдо калбай турган бала болчу. Бирок апам ага турмушка чыгышыма такыр макул болбой койду. Эмнеге десем, “мамлекеттик жумуштун тыйын санаган айлыгына кантип жашайсың?” деп урушуп койду. Мен сүйүүмдөн баш тартчу оюм жок болчу. Бирок Эмил бир күнү жок болуп кетти. Телефонун албай койгондуктан иштеген жерине барып күтүп, жолуктум. “Апаңдын сага пландары башка турбайбы? Ал экөөбүзгө жашоо бербейт. Мени унут” деп басып кетти. Менден оңой баш тартып койгонуна таарынып жүрүп, ошол бойдон мамилебиз үзүлүп кетти.

Ошентип арадан жылдар өтүп кетти. Ал ортодо апам мага улам бир киши сунуштаганын токтоткон жок. Көңүлүн калтырбайын деп бир-экөө менен жолугуп дагы көрдүм. Бирок бири да менин адамым эмес экенин түшүндүм.

2019-жыл аяктап баратканда апам мени дагы бир ирет сөзгө тартты. Бул жолу күйөөлөгөн немеси менден 15 жаш улуу экен. Кызыгы, эми жөн гана бай эмес, үй-бүлөлүү бай. Апамдын айтымында, аялы менен жакшы болбой, ажырашам деп жүрүптүр.

“Чет өлкөгө эс алганы кетип жатыптыр, 4-5 мамлекетти кыдырат экен, сени чогуу барып келсин деп атат” десе болобу? Аялычы деп сурасам “сени менен барып келгенден кийин аялы өзү эле кетет” деп жатпайбы. Ошондо “жарылып” кеттим. Мен эле эмес, апамдын дагы анык жүзү ачылып, экөөбүз катуу уруштук. Азыр ойлоп көрсөм апам мага жакшылап байлап туруп, кийин кымбатка сатчу малдай эле мамиле кылып жүрүптүр. “Мен сага бүт өмүрүмдү арнадым, бүт тапканымды салдым. Азыр ошонун үзүрүн көрүшүм керек. Мен сени небере багып, үйдө отурайын деп чоңойткон эмесмин”, — деп бетиме айтты.

Эмнеге тапкан-ташыганынын баарын мага жумшады? Атам менен ажырашканда өзү араң 25те экен. Эмне үчүн ошондо өзү бай күйөөгө тийип алган эмес? Эмнеге бай деп эле бир топ жаш улуу, катын-баласы бар бирөөгө берип, мени курмандыкка чалышы керек? Азыр ушул нерсеге жооп таппай жүрөм. Баса, апамдан бөлүнүп кеткениме бир нече ай болду. Ошондон бери көрө элекмин, таарынычым тарай элек.

Перизат Калмаматова, психолог:

— Урматтуу Жибек, бул жерде психологдун кеп-кеңеши сизге эмес, апаңызга керек экен. Апаңыз канчалык бапестеп, ошол эле учурда түгөй табуу жагынан катуу таасир этип чоңойтконуна карабастан, өз пикириңиз, принциптериңиз бар зээндүү кыз болуп чоңоюптурсуз. Сиздин өзүңүз каалагандай жашап, сүйүү менен турмуш куруу ойлоруңуз адам баласы үчүн эң нормалдуу көрүнүш.

Апаңыз тууралуу айтсам, балким ал жаш кезинде өзү эңсеген бир нерсеге жетпей калгандыр. Психологияда адамдар өзү жетпей калган нерсени баласынан көргүсү келет. Ошол нерсени уул-кыздарына таңуулайт. Азыр таарынычым жазыла элек деп жатасыз. Бир аз убакыт өткөн соң апаңыз менен сүйлөшүүгө аракет кылып көрүңүз. Ал кишиге чындап эле адистердин жардамы керектей көрүнөт.

Тема:
Психолог менен баарлашуу (107)

Тема боюнча

Келиниме "башкадан төрөп ал" деп айтсамбы?.. Кайнененин каты
Турмушка чыгайын десем уулум каршы болууда... Аялдын каты
Белгилер:
байлык, кыз, апа, кеңеш, психология

ЭҢ МААНИЛҮҮ