Саламатсызбы? Жашым 31де. Турмушка жыйырма эки жашымда эле чыккам. Бирок биринчи күйөөм менен бир жарым жылдай эле жашадым. Кыздуу болгондон кийин анын ашыкча кызганчаактыгынан ажырашууга туура келди.
Бирок "аялдын чырагы кырк" дейт эмеспи, бир жарым жылдан кийин кайра мурда үйлөнбөгөн классташыма турмушка чыктым. Ал мени мектепте окуп жүргөндө эле жактырчу экен. Ажырашкандан кийин артыман калбай жүрүп, акыры үйлөндү. Мен да аны жактырып кеттим. Билимдүү, оор басырыктуу, иштемчил бала эле. Турмуш жолубуз жакшы эле башталды. Эки уулдуу болдук, андан кийин жолдошумдун жумушу жакшы жүрүшүп, үй, машина алдык. Анткени менен кайын журтум экөөбүздүн никебизге башынан эле караманча каршы болчу. Кайненем биринчи күйөөмөн ээрчитип келген кызымды батырбай, аны агам менен жеңем багып алды. Айла жок берүүгө туура келди.
Бул мен үчүн эң оор күн, эң оор учур эле. Күйөөм болсо келип кайра мени күнөөлөп, жакшы карабай койдуң деп өлгөндүн үстүнө көмгөн кылды.
Ажырашып жүргөндө ал башка, колунда бар аял менен жүрүп кеткенин уккам. Укмак тургай экөө ачыкка эле чыгып алышкан. Ал үчүн да канча нервим кетти. Айтып отурсам экөөбүздүн ортобузда көп нерсе болду…
Андан бери эки жыл өттү. Баламдын күйүтү кете элек, кетпейт экен. Өзүмдү алаксытып иштеп жүрөм. Улуу баламды ойлоп, ошол үчүн жашайм.
Жакында эле балдарымдын атасы кечирим сурап келиптир. Үйдүн кредитин төлөп, үйгө оокат алып келип "жарашалы" деп жүрөт. "Баары жакшы болот" дейт. Балам да "аталап" аны жакшы көрөт, жашагысы келет. Мен болсо коркуп калыптырмын. Көңүлүм да сууган, бирок балама карап жашай берсемби деп да ойлоп кетем. Күйөөнүн санын көбөйтпөй, тобокелге барсамбы? Балким, дагы балалуу болсом, чарчап калган уулумдун күйүтү сууйт беле?
"Мага турмушка чык" деп колумду сурагандар бар. Бирок турмушка чыгып, жаңы жашоо баштоодон коркуп калдым.
Жашоомду жаңы барактан баштасамбы? Же күйөөмдү кечирсемби? Эч кимге башымды байлабай жалгыз эле өтсөмбү? Уулум ата тарбиясын көрүп чоңойсо деп да ойлодум эле. Башым катты...
Гүлнара Жасоолова, психолог:
— Бул келиндин айтуусу боюнча эмне кылышты чече албай жатат. Биринчи турмушундагы кызын агасы менен жеңесине бериптир. Ооба, туура, бул турмуш-шартка байланыштуу ушундай болуп калганы түшүнүктүү. Байкеси кызды жакшы багышы мүмкүн. Маселе анда эмес, болгону бала биологиялык энесинин мээримине муктаж. Ошону бала талап кылат.
Ал эми экинчи турмуштан да жолу болбоптур. Бул жерде жолдошуңуз экөөңөр бири-бириңерди түшүнүп, сыйлашып жашайбыз дегенден кийин кайындардын тоскоолдуктарын, сөздөрүн экинчи планга чыгарып койсоңор болмок.
Алгач өзүңөрдүн сүйүүңөрдү, бири-бириңерге болгон ишенимди бекемдеп алышыңыздар керек болчу. Ортоңордо сүйүү, түшүнүү, колдоо болсо башка адамдар эч нерсе кыла алмак эмес.
Азыр сизге үчүнчү турмушту ойлогонго эрте. Кыска ой жүгүртпөш керек. Балким, күйөөңүздүн башка аял менен жүрүп алганы үчүн өч алам деп ойлоп жаткандырсыз. Ал туура эмес. Үй-бүлөнү сактап калуу аялдын колунда. Эгер күйөөңүз үйгө оокат алганын, кредитти төлөп жатканын айтып келип жатса, чечимди өзүңүз чыгарышыңыз керек. Жарашыңыз деп кыйнай албайм, бирок баланы да ойлошуңуз керек.
Катуурак айтсам кечирип коюңуз, үчүнчү турмуш курсаңыз, балаңызды кайненеңиз, бул жолдошуңуз да жактырбай коюшу мүмкүн. Анан аны да бирөөгө берип саласызбы? Бул жагын да ойлошуңуз зарыл.
“Жашоомду жаңы барактан баштасамбы” — деген туура эмес. Адам баарын унутуп, өчүрүп коюуга болбойт. Сиз унутканыңыз менен балаңызчы... Ушул жагын да эске алуу керек.
Адам кайра жаралбайт, кайра жашоо баштасаңыз деле сиз ойлогондой болбой калат. Анан турмуштан корко берсеңиз, жашоодо жалаң утулгандын үстүндө болосуз. Эгер дагы эле чече албай, кыйналып жатсаңыз жеке психологго кайрылып, кеңеш алыңыз. Ошентсе да, ар бир кеңештен кийин терең ойлонуп, чечимди өзүңүз кабыл алганыңыз оң!