21:10 01 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.4927
  • EUR81.8635
  • RUB1.0542
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1251 0 0

Кыргызстандык фермерлер жакынкы жылдары бир катар өлкөлөргө сүттү экспорттоого бел байлоодо. Өкмөт ал үчүн уйдун абалы жана сүттүн сапаты жогору болушу керектигин айтып, мал баккандарга талапты күчөтүүнү пландап жатат.

Бишкектин четиндеги Ысык-Ата районунун Красная Речка айылында региондон келген мал багуучулардын катышуусунда семинар жана көргөзмө өттү. Иш-чараны "Кыргыз-сүт" чарбалык бирикмеси уюштуруп, ага өкмөт мүчөлөрү да катышты. Негизги маселе сүттүн сапатын жана анын көлөмүн жогорулатуу болду.

Таза сүттүн зарылдыгы

Өкмөттүн алдындагы Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумакановдун айтымында, Кыргызстандын сүт тармагы 2021-жылы ЕАЭБдин техникалык регламентине кирет. Анда сүттүн сапаты боюнча бир катар талаптар коюлат.

"Буга байланыштуу өкмөт 2020-жылга чоң тапшырма койду. Тагыраагы, бир документке уйдун идентификациялык номери, сүтү кайсы пунктка жөнөтүлгөнү, андан эмне азыктар иштетилгени, ички рынок менен экспортко канчасы кеткендиги сыяктуу маалыматтар чогултулат. Этине да ошондой талап болот. Бул программаны июнь айына чейин иштеп чыгып, октябрда фермерлерге талап катары киргизебиз", — деди ал.

Жумаканов сүт көбүнчө Россияга, Казакстанга, Өзбекстанга жана Тажикстанга экспорттолорун билдирди. Соңку эки жылда сүттүн көлөмү нормадан ашыгы менен кеткен (11 тоннага).

Ал белгилегендей, фермер сүттү өндүрүшкө жумшайм десе ую кургак учук, бруцеллёз, лейкоз (ак кан) жана мастит сыяктуу төрт илдеттен оолак болушу керек.

"Азыр маститти эч кандай көзөмөлү жок антибиотиктер менен дарылап жатабыз, ал бир айга чейин уйдун организминен чыкпайт. Анан ошонун айынан кишилер ооруга чалдыгат. Маселен, таза сүткө оорулуу уйдун сүтүн кошуп жиберсеңер деле заманбап аппараттар ар бир молекуласына чейин көрсөтүп коюп жатат. Кайра иштетүүчү айрым ишканалар муну аныктап сүттү албайт. Тилекке каршы, айрым ишканалар буга көз жумуп, тазасын экспортко, зыяндуусун ички рынокко чыгарууда. Биз ушул нерселерди жоюшубуз керек", — деди Жумаканов.

Өкмөт өкүлү фермерлер менен ветеринарлар тыгыз иштеши керектигин белгиледи. Ошондой эле сүт алуучу пункттар кардардын азыгы ветеринардык талапка жооп берген документ же тастыктамаларды талап кылышы зарыл экендигин кошумчалады. Эгер сүт продукцияларын чыгарган компания эрежелерди сактабаса, аны Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жаап салышы мүмкүн.

Директор Государственной инспекции по ветеринарной и фитосанитарной безопасности Калысбек Жумаканов на республиканском семинаре в селе Красная Речка Ысык-Атинского района
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жумаканов сүт көбүнчө Россияга, Казакстанга, Өзбекстанга жана Тажикстанга экспорттолорун билдирди. Соңку эки жылда сүттүн көлөмү нормадан ашыгы менен кеткен (11 тоннага).

Уйду маститтен оолак кылуу

Семинардын жүрүшүндө япониялык адис Киношита Хидэтоси уйлардын сүтүнүн сапатын бузган мастит илдетин аныктоонун жөнөкөй жолун көрсөтүп берди. Ал чогулган элдин көзүнчө саап, анын бир эмчеги ооруй турганын аз убакытта көрсөттү. Бул "Калифорниялык мастит-тест" деп аталат экен.

"Мастит — бул микроб. Анда уйдун сүтү бузулуп, аз чыгып калат. Алгач тест үчүн уйдун төрт эмчегин төрт башка идишке азыраактан саап алуу зарыл. Бири-бирине аралаштыра көрбөңүз! Андан соң ветеринардын же фармацевттин сунушу менен йод аралашмасын даярдайбыз. Аны идиштеги сүткө куюп, жакшылап аралаштыруу керек. Силер көрүп тургандай, үч идиштеги сүт сары болсо, бирөөсү жашыл, анан коюу болуп калды. Демек, уйдун бир эмчеги гана мастит экен. Ушуну гана дарылоо зарыл. Көп фермер уйдун кайсы эмчеги мастит болгонун билбей желинге ийне сайып салат" — деди ал.

Хидэтоси ооруну алдын алуу үчүн уйду саап бүткөндөн кийин эмчегин йод аралашмасы менен сүртүп коюу керектигин кошумчалады. Саалган уйдун үрпү ачык болгондуктан, аралашма микробдорду бат өлтүрүүгө жардам берет.

  • Япониялык адис Киношита Хидэтоси ооруну алдын алуу үчүн уйду саап бүткөндөн кийин эмчегин йод аралашмасы менен сүртүп коюу керектигин кошумчалады.
    Япониялык адис Киношита Хидэтоси ооруну алдын алуу үчүн уйду саап бүткөндөн кийин эмчегин йод аралашмасы менен сүртүп коюу керектигин кошумчалады.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Саалган уйдун үрпү ачык болгондуктан, аралашма микробдорду бат өлтүрүүгө жардам берет.
    Саалган уйдун үрпү ачык болгондуктан, аралашма микробдорду бат өлтүрүүгө жардам берет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 2
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Япониялык адис Киношита Хидэтоси ооруну алдын алуу үчүн уйду саап бүткөндөн кийин эмчегин йод аралашмасы менен сүртүп коюу керектигин кошумчалады.

Мындан тышкары, фермерлер асыл тукум уйларды сырттан алып келүү жана багуу тууралуу кеп-кеңештерди айтып беришти. Ал тууралуу өзүнчө кеп болмокчу.

 

Тема боюнча

Кыргызстандын кайсы аймагында уй багуу пайдалуу? Адистердин кеңеши
Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт 1 миллион тоннадан ашты
Белгилер:
оору, Сүт, уй, мал, фермер, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ