17:47 02 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8988
  • EUR92.7010
  • RUB1.0895
Коом
Кыскача шилтеме алуу
4100020

Каарманыбыз КамАЗ айдап, мотор басып, унаа оңдой билет. Эки жогорку билимдин ээси, банкта башкы бухгалтердик кесипти аркалап, бейөкмөт уюмдарда жана мамлекеттик мекемелерде юрист болуп эмгектенген ар тараптуу инсан.

Келбети моделдей арык чырай айымды алгач көргөндөр анча-мынча мырзалар эптей албаган ишти оңой жасап, керек болсо КамАЗ менен Кара-Кечеден көмүр ташыйт деп ойлобосо керек. Ашканада ашпозчу, үйдө уз, сахнада бийчи, кесиби юрист, эсепчи, жеке ишкер Жайна Нурмамбетова Sputnik Кыргызстан агенттигине маек курду. 

— Кара-Кечеден көмүр ташуу идеясы кайдан чыкты?

— Турмуш деген ар кандай болот экен. Техникага жакындыгыман улам көмүр менен иштөө боюнча ишкерликке ыктадымбы же буга ошол кездеги абалым түрткү болдубу, айтор, ушул иш мага буюруптур. Ага чейин "Кара-Кече кооптуу жер, кыз кишиге барууга болбойт" деген сыяктуу сөздөрдү угуп калчумун. Алгач айдоочум эле барчу. Кийин көмүр жүктөтүү көйгөй жарата баштаганда белди бекем буудум дагы, "барганда көрө жатарбыз" деп карьерге кошо баргам. Чынында алгач барганда Кыргызстандын бир районуна эмес, башка мамлекетке түшкөндөй болдум. Элдин сүйлөгөнүн, баскан-турганын, эрежелерин көрүп таң калгам. Акыйкаттык жок экен. Жумалап кире албай, жедеп капкара болуп кеткен улгайган айдоочуларды көрүп, зээним кейиди. Жумалап КамАЗга түнөп калган кишинин өңү түтүндөн деле бир башкача карарып-түнөрүп кетерин байкадым. Биринчи барганда бир жума күтүп, КамАЗда уктап, акыры тажаганда мушташып жатып, араң көмүр салдырып чыккам. Ал жакта система такыр башкача болчу. Калыстык жок. Биринчи күнүм ошентип башталган. Кийин өзүм да КамАЗ айдап байма-бай каттап калдым. Эки жолу көмүрү жок, кезек тийбей бош келген учурум болду. Кара-Кечеде мамлекеттик карьер ачылганы көйгөй бир аз жеңилдеди, болбосо кыйын эле болчу. Эми муну ал жакка барган адам түшүнөт. 

— КамАЗ айдаганды кандайча үйрөнүп калдыңыз эле?

— Айдоочулук күбөлүгүмдү жаңы алып жатсам "С" бастырып берели дешкенде "аны эмне кылам" деп күлгөм. Көмүр менен иштеп жүргөн ошол кезде Казакстандан да туз тартып келе баштагам. Айдоочу кылып банктагы кесиптешимди жаныма алып алдым. Казакстанга кирип, орто жолго жеткенде эле ал: "Жайна, чарчадым, сен айдачы", — деди. Негизи мага "жок" деп айтыш кичинемден эле намыс болчу. "Макул" дедим да рулга отурдум. Кантип айдаш керектигин жана рычагды салганды көрсөтүп берди. Алгач кыйыныраак болуп, 60 чакырым гана айдап бардым. Кайра экинчи жолу алмашып, рулга отурганда 300 чакырымга чейин айдап бардым. Ошондо гана колум көнүп жеңилдей эле сезилип, ал тургай жагып да калды. 2009-жылдан баштап КамАЗ менен иштеп баштагам. Айдоочум унааны бузуп коюп, бир айлап жоголуп кетет же ичип келбей коёт. Аябай тажаткан. Акыркысында КамАЗды жыгып салып качып кетти. Ошондон кийин өзүм айдайм деп чечтим. Кара-Кечеге кийин иним менен алмак-салмак айдап барып жүрдүк. Жолдон бузулуп калса, өзүбүз эле оңдоп койчубуз. Жол азабы кыйын, аны жакшы эле көрдүк. 

— Чоң унааларын оңдоп эле эмес, мотор басарыңызды да уктук?

— Негизи техника деген бузула берет да. "Тиги тетигин алып бер, мунусу бузулду" дей беришти. Бузулганда өзүм да кошо кармалашып, оңдогонду үйрөнүп калгам. Айылда 7-8-классымда эле үйдөгү "Трактор" деген китепти кылдат окуп чыккам. Техника боюнча менде жалпы түшүнүк бар болчу. Башында унаа бузулуп калганда ар кимден сураштырып аябай тажагам. Акыркы жолу бузулганда КамАЗым от алдыргычынан кетип, эч ким коё албай бир жума ишсиз отуруп калдык. Муну деле мендей адам оңдоор деген тейде интернеттен карап отуруп от алгычын өзүм койдум. Ошондон баштап ар кимге жалдырабай КамАЗды толук жасап баштадым. Акырындап моторун да басканды үйрөндүм. Бир жолу унаам жол кырсыгына учурап калды. Ошондо сырткы корпусу эле бар кабинаны алып келип орнотуп, КамАЗдын ичи-сыртын, бортунан бери жасап чыккан күндөр болду. Бир гана мосттун ичин чечип, кайра жасай элекмин. Калганын бүт эле жасайм. Билип алсаң жакшы экен, бирөөгө көз каранды болбойсуң. 

Водитель КамАЗа, предпринимательница Жайна Нурмамбетова во время беседы
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жайна Нурмамбетова: Бир жолу унаам жол кырсыгына учурап калды. Ошондо сырткы корпусу эле бар кабинаны алып келип орнотуп, КамАЗдын ичи-сыртын, бортунан бери жасап чыккан күндөр болду. Бир гана мосттун ичин чечип, кайра жасай элекмин. Калганын бүт эле жасайм.

— КамАЗ айдап же оңдоп жатсаңыз көргөндөр башкача караса керек?

— Ооба, ошол жагы бар экен. Бир жолу Кара-Кечедеги "Шаргон" карьерине барып, ылдый чиркегич менен түшүп келе жатканда ошо жердегилер тим эле бир башкача нерсе көргөндөй аябай карашкан. Мен да кызыктай болдум. Андан кийин капюшон кийип, эл көзүнө чалдыкпай, көмүскө айдап калдым. Бирок прицеп менен ашуудан түшүп келе жатып башкача адреналин алам. Эң татаалы жана дайым кыян жеп кеткени — "Турук" көмүр кенине барчу жол. Азыр иштебей турат. Андан түшүп келе жатканда жолдун бир капталы зоока, бир жагы үрөйдү учурган аң. Андан кулаган КамАЗдын эчтекеси калбайт. Далай эле унаалар кулап кеткенин уккам. Өзгөчө бир менен түшүп келе жатканда коркунучтуу. Мындай жолдо айдоочулардын бири рулда болсо, экинчиси рычагды тептирбей басып туруп абайлап түшөсүң. Тептирип жиберсең эле болду, КамАЗың менен кошо "оомийин" болосуң. Ошол себептен "Турук" карьерине барганда, башкаларга ишенбей кошо барчумун. 

— Бала чагыңыз тууралуу айта кетсениз?

— 1982-жылы Нарын шаарында туулгам. Бир жашка чыкканда Нарын районунун Кеңеш айылына көчүп кетип, балалыгым ошол жакта өттү. Айылдын четинде, Нарын суусунун жээгинде сарайда мал кармачубуз. Жылына жайлоого чыгып, ат минип, инилерим менен кой кайтарып жаратылыш койнунда чоңойдук. Бир туугандар баарыбыз мектепке 2-3 чакырым жөө барып "Кеңеш" орто мектебинде окуганбыз. Кичинемден эле техникага кызыкчумун. Байкемдин УАЗы бар болчу. Анысы бузулуп калганда үйгө келип оңдоп жатса, жанынан карыш чыкчу эмесмин. Агам "темир жейсиңби" деп тилдеп, үйгө кубаласа да айланчыктап, тетиктердин аттарын жаттап жүрө берчүмүн. Мага негедир аябай кызык болчу.

Кесибим боюнча юрист жана бухгалтермин. 1999-жылы Нарын мамлекеттик университетинин юридика факультетине тапшырып, акыркы курстарды Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан аяктадым. Ошондой эле бухгалтердик жагынан да окуп алгам.

— Кесибиңиз боюнча иштедиңиз беле?

— Мамлекеттик жумуштарда деле иштегем. Студенттик кезимден коомдук иштерге аралашып калдым. 2001-2005- жылдары бейөкмөт уюмдарда аялдардын укугу боюнча юрист-консультант, окутуучу болдум. 2005-жылы университетти бүтүп, Нарын облустук "Балыкчылар жана мергенчилер" коомунда юрист болуп эмгектендим. Андан кийин эле "Кыргызстан" коммерциялык банкына жетектөөчү адис болуп кирип, башкы бухгалтерге чейин көтөрүлдүм. Бирок ошол кездеги саясий абалдан улам кадр алмашууларга туш болуп калдык. 

Водитель КамАЗа, предприниматель Жайна Нурмамбетова у своего грузовика
© Фото / Улан Кыштообеков
Нурмамбетова: Кара-Кечеге биринчи барганда бир жума күтүп, КамАЗда уктап, акыры тажаганда мушташып жатып, араң көмүр салдырып чыккам. Ал жакта система такыр башкача болчу. Калыстык жок.

— Уз-чеберчилик да өнөрүңүз бар экен. Ал жагын кандайча өздөштүргөнсүз?

— Апам көп жыл бою Нарын шаарында бычмачы болуп иштептир. Айылдын элине буюртма менен тон, ичик жасачу. Бизге да болгон кийимибизди апам тигип берип койчу. Узчулук өнөр апамдан калса керек. Шырдак, тери иштетүү, куракты, тикмечиликти, таар сокконду ошол киши үйрөткөн. Түймөнүн түрлөрүнө да кызыгам. Аны өздөштүргөнүмө жеңем менен эжемдин салымы чоң. Жайкысын көмүрдүн сезону бүткөндө Бишкекке келип тигүү цехтеринде бычмачы, технолог болуп иштеп кетем. Бош жатканды жактырбайм. Дайым кыймылдамын.

— Аял-эркектин жумушу дебей баарына шыктуу экенсиз. Бул тарбияданбы же генби?

— Негизи мурунтан эле эркекке тийиштүү жумуштарды көп жасачумун. Балдар жасап жатса, неге мен жасай албашым керек? Мен да жасай алам деген түшүнүк калыптанып калган. Иним экөөбүз токойдон карагайларды таарып келип, отун жарчубуз. Сырттын жумушун жасаганда өзүмө ыраазы болуп калмайым бар эле. Жашоодо адамдын башына ар кандай нерсе келет экен. Ар кыл кырдаалга даяр тарбия берип, бешөөбүздү тең турмушка чыйрак өстүргөн атам менен апама ыраазымын. Апам 2012-жылы кайтыш болуп кетти. Атам азыр 87 жашта. Мен алтыга чыкканда чөп туураган машина атамдын бутун чайнап кеткен. Бир жак буту ошол күндөн ушу күнгө чейин эки жеринен ириң чыгып, карарып турат. Бирок атам эч моюн бербей жумуш жасап, дени соо кишилерден калышпайт. "Майыптыкка чыгышыңыз керек, жумуш жасабай эле коюңуз" десек бизди жаман көрүп: "Алты саным аман, мен силерге майып көрүнүп турамбы", — деп урушчу. Атамдын ушул кайратын көрүп, чыйралып өстүк. "Бирөөнүн оокатын алба, колдон келсе жардам бер" деп көп айтчу. Атамдын кайратын, намысынан өрнөк алсак керек.

— Ашканада да мыкты экенсиз...

— Ашканада көбүнчө таттуу токочторго, камыр тамактарга талантым бар. Туугандар арасында той-топур болгондо ашканын да бир милдетин алам. Торт, булочка, печенье, кекс өңдүү таттуу токочтордун түрүн жасаганды жакшы көрөм. 

Водитель КамАЗа, предпринимательница Жайна Нурмамбетова во время беседы
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ишкер: Жайкысын көмүрдүн сезону бүткөндө Бишкекке келип тигүү цехтеринде бычмачы, технолог болуп иштеп кетем. Бош жатканды жактырбайм.

— Маданияттачы?

— Студент кезимде бий ийримине барып бийлегенди үйрөнгөм. Корей улуттук бийин жактырам. Кийин таланттуу жубайлар Адылбек Кыязов менен Дамира Баратбаева эженин чакыруусу менен Нарын драма театрында бий үйрөтүүчү катары бир жыл иштедим. Анан өзүмдүн башка иштериме жетише албай жумуштан кетүүгө туура келген.

— Учурда расмий түрдө кайда иштеп жатасыз?

— Учурда мамлекеттик кызматта эмесмин. Жеке ишкерлик кылам. Нарын шаарын жана Нарын районун көмүр менен камсыздаган КамАЗ айдоочуларынын бригадиримин. Мэрияга жана акимиатка кайсы аймактар көмүр менен камсыздалып жатканы боюнча отчёт берем. КамАЗдарымды Бишкекке көмүр ташытсам жеңил болмок, бирок Нарын шаарын көмүр менен камсыздоо маселеси бар. Андан тышкары, "сен саясатка барбасаң, саясат сага келет" дегендей, эл-жердин азыркы абалы мени да саясатка аралаштырууда. Учурда бир саясий партиянын Нарын облусу боюнча жетекчисимин.

Тема боюнча

Жолдошуман ажырагандан кийин коркуп жумушка чыкпай калдым. Ишкер айымдын маеги
43 жашында биринчи жолу көз жарган Замира Молдошева: эми да төрөөгө даярмын!
Балага телефон берип горшокко отургузуп койсо, геморрой болот да! Проктологдун маеги
Белгилер:
ремонт, жол, ашкана, ишкер, тетик, мотор, Кара-Кече, көмүр, "КамАЗ"

ЭҢ МААНИЛҮҮ