Нурбек Изабеков 50 жашта. Шакирттери агайына алтын жалатылган саат белек кылышты

© Фото / пресс-служба ГАМФКиСКыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Нурбек Изабековдун туулган күнүнө шакирт кыздары алтын жалатылган саат белек кылышты
Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Нурбек Изабековдун туулган күнүнө шакирт кыздары алтын жалатылган саат белек кылышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта Изабеков тарбиялануучулары менен Ысык-Көлдө. Алар 18-23-февраль күндөрү Нью-Дели шаарында (Индия) өтчү Азия чемпионатына даярдык көрүп жатышат.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Нурбек Изабековдун туулган күнүнө шакирт кыздары алтын жалатылган саат белек кылышты. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

© Фото / пресс-служба ГАМФКиСЗаслуженный тренер КР Нурбек Изабеков отмечает 50-летний юбилей
Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Нурбек Изабековдун туулган күнүнө шакирт кыздары алтын жалатылган саат белек кылышты - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Нурбек Изабековдун туулган күнүнө шакирт кыздары алтын жалатылган саат белек кылышты
© Фото / пресс-служба ГАМФКиСЗаслуженный тренер КР Нурбек Изабеков отмечает 50-летний юбилей
Изабековду алгач Айсулуу Тыныбекова баш болгон Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын мүчөлөрү куттукташкан. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Изабековду алгач Айсулуу Тыныбекова баш болгон Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын мүчөлөрү куттукташкан.
1/2
Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Нурбек Изабековдун туулган күнүнө шакирт кыздары алтын жалатылган саат белек кылышты
2/2
Изабековду алгач Айсулуу Тыныбекова баш болгон Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын мүчөлөрү куттукташкан.

Билдирмеге ылайык, Изабековду алгач Айсулуу Тыныбекова баш болгон Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын мүчөлөрү куттукташкан.

"Азыркы тапта Изабеков тарбиялануучулары менен Ысык-Көлдө. Алар 18-23-февраль күндөрү Нью-Дели шаарында (Индия) өтчү Азия чемпионатына даярдык көрүп жатышат", — дешти агенттиктен.

Машыктыруучуну Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жалпы жамааты да куттуктап, ага бекем ден соолук каалашкан.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Нурбек Изабеков - Sputnik Кыргызстан
Изабеков: Айсулуу Рио Олимпиадасынан кийин турмушка чыгам дегенде болбой койгонбуз
Изабеков Айсулуу Тыныбекованы он жылдан бери машыктырып келет. Натыйжада ал Кыргызстандын тарыхында Олимпиада (Лондон) оюндарына катышкан биринчи кыз болгон. Ошондой эле алгач ирет чоңдор арасындагы Азия чемпионатын үч жолу жеңип, бир жолу Азия оюндарынын, бир жолу дүйнө чемпионатынын алтын байгесин алган.

Нурбек Изабеков 1970-жылы 15-февралда Талас районунун Жерге-Тал айылында төрөлгөн. Эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. 1988-1989-жылдары СССРдин спорт интернаттары арасындагы чемпионатта алтын медаль уткан. Бүткүл союздук жаштар оюндарында үчүнчү орунду, СССРдин чемпионатында эки ирет коло медаль тагынган. 1995-жылы Филиппиндеги, 1999-жылы Ташкенттеги Азия чемпионатында вице-чемпион болгон. 2000-2007-жылдары күрөш жана бокс боюнча олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде методист, машыктыруучу болуп эмгектенген. 2007-2009-жылдары Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу. 2010-жылдан тарта Кыргызстандын аялдар күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу.

Жаңылыктар түрмөгү
0