Ооруканадагы чатак: милиция врач менен урушту делген аялды издеп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековПожар в здании церкви и в частной школе в Бишкеке
Пожар в здании церкви и в частной школе в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ, 21-январь күнү, социалдык тармактарда бир аялдын дарыгердин иш бөлмөсүндө чатак чыгарган видеосу тараган. Маалыматка караганда, ал баласын ооруканага жаткырбай койгон үчүн дарыгерге орой мамиле кылган.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Милиция №3 шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын дарыгерине кол көтөрдү делген белгисиз аялды издеп жатат. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Кечээ, 21-январь күнү, социалдык тармактарда аялдын дарыгердин иш бөлмөсүндө чатак чыгарган видеосу тараган. Маалыматка караганда, ал баласын ооруканага жаткырбай койгону үчүн дарыгерге орой мамиле кылган.

"21-январда №3 шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын дарыгери С.Н. белгисиз аялга карата чара көрүлүшүн өтүнүп кайрылды. Анын айтымында, дарыгер иштеп жаткан учурда баласын көрсөткөнү келген аял аны оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, кол көтөргөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факт Жазык кодексинин 119-беренесине ("Майда ээнбаштык") ылайык Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Мындан тышкары, кол көтөрүү фактысы боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен окуяга юридикалык баа берилмекчи.

Ушул тапта милиция видеодогу аялдын ким экенин тактап, аны издеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0