Бишкек чулгаган ыштан улам көрүнбөй калды. Тоодон тартылган видео

© Sputnik / Михаил ДудинБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекти каптаган ыш боюнча көптөн бери эле айтылып келүүдө. Атмосфералык абалды ушул видео да далилдеп турат.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Ыштан улам Боз-Бөлтөк тоосунан Бишкек шаарынын эч бир жери көрүнбөй жатат. Мындай видеону Sputnik Кыргызстанга окурман жиберди.

Анын айтымында, тасма бүгүн, 17-декабрда, саат 14.30дар чамасында тартылган. Кадрдан капкара болуп чулгаган ыштан улам борбор калааны табуу кыйын. Тоодон ТЭЦтин түтүгүнөн чыккан түтүндү гана көрүүгө болот.

ӨКМ ноябрь айында Бишкектеги атмосфералык абалга байкоо салган. Анда абада зыяндуу заттардын пайда болушу нормадан жогорулап кеткени айтылат. Кыргызстандын шаарларынын ичинен борбор калаанын абасы көбүрөөк булганары аныкталган.

Өкмөт автоунаалардан чыккан түтүндү абанын булгануусунун негизги себеби катары сыпаттоодо. Мындан улам коомдук транспорттун абалын жакшыртуу, мешке от жаккан турак жай, мончо жана башка ишканаларга көзөмөл күчөтүлөрүн убадалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0