08:51 18 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8300
  • EUR77.7592
  • RUB1.1348
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (336)
57011

Белгилүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Абды Сүйөркуловдун туулган күнү 12-декабрда белгиленди. Бир топ жогорку кызматтарда эмгектенген кыргыздын камчыга сап уулу 1912-жылы жарыкка келген.

Ата мекенине, элине жасаган эмгеги, кылган кызматы менен унутулбаган инсанды Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу фактылар менен эскерет.

Жетимдер үйүндө өскөн. Абды Сүйөркулов 1912-жылы 12-декабрда Жалал-Абад облусундагы Торкен айылында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Сүйөркул дыйкандардын чарбасында жалданып иштеген. Энесинен эрте ажыраган Абды жетимдер үйүндө тарбияланып, ал жактан орус тилин өздөштүрүп, 14 жашында эле Россиядан келген бир экспедиция менен жергиликтүүлөрдүн ортосунда котормочу болуп иштеген. Кийин Фрунзедеги соода жана контролдук мектепте билим алып, 1930-жылы Ташкент шаарындагы жогорку окуу жайга даярдоо курсунан өткөн. Кийин Москвадагы пландык экономика институтун кыска убакытта аяктоого жетишет.

Советский партийный и государственный деятель Киргизской ССР Абды Суеркулов
© Фото / из семейного архива Суеркуловых
Абды Сүйөркулов 1912-жылы 12-декабрда Жалал-Абад облусундагы Торкен айылында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Колхоздон өкмөткө чейин. Жаш адис эмгек жолун Кетмен-Төбө районундагы керектөө союзунун жетекчилигинен баштап, 30-жылдары Кыргыз ССРинин көптөгөн райондорунда каржы, салык, чарба бөлүмдөрүндө түрдүү кызматтарды аркалаган. Мындан сырткары, колхоз жетекчиси, райондук, облустук аткаруу комитеттеринин төрагасы өңдүү бир топ тепкичтерди басып өткөн.

Репрессиядан качып... Союздук республикаларда 1930-жылдардын соңунда массалык репрессия башталып, кесипкөй Абды бир ажалдан калган. Ошол маалда кыргыздын бир топ каймактары атып өлтүрүлгөн. Кыргыз ССРинин Элдик финансы комитетинде бөлүм башчы болуп иштеген партиялык ишмер келинчегин жана кичинекей балдарын атка мингизип алып кичи мекенине качып кеткен.

Советский партийный и государственный деятель Киргизской ССР Абды Суеркулов
© Фото / из семейного архива Суеркуловых
Эмгек жолун Кетмен-Төбө районундагы керектөө союзунун жетекчилигинен баштап, 30-жылдары Кыргыз ССРинин көптөгөн райондорунда каржы, салык, чарба бөлүмдөрүндө түрдүү кызматтарды аркалаган. Мындан сырткары, колхоз жетекчиси, райондук, облустук аткаруу комитеттеринин төрагасы өңдүү бир топ тепкичтерди басып өткөн.

Согушка барбай калган. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда ал Кыргызстан коммунистик партиясынын борбордук комитетинде пропаганда жана агитация боюнча катчы болчу. Мекенин сүйгөн уул фротко аттануу үчүн эки-үч жолу арыз жазган, бирок жогору жактагылар аны кое бербей койгон.

Советский партийный и государственный деятель Киргизской ССР Абды Суеркулов
© Фото / из семейного архива Суеркуловых
Улуу Ата Мекендик согушка катышуу үчүн эки-үч жолу арыз жазган, бирок жогору жактагылар кое бербей койгон

Жаратман башчы. 1946-жылы Москвадагы Жогорку партиялык мектепти аяктап, үч жылдай Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасы болгон. Көп өтпөй Сүйөркулов Министрлер кеңешинин төрагалыгына дайындалып, сегиз жылдай иштейт, андан кийин он жылдай Соода министрлигин башкарган. Бул мезгил аралыгында өкмөт башчысы Улуттук илимдер академиясын, Опера жана балет театрын, Кыргыз мамлекеттик университетин ачтырып, Бишкек — Ош унаа жолун салуу чечимин кабыл алган. Анын демилгеси менен Касымалы Баялинов атындагы китепкана, борбор калаадагы ат майдан, бир катар өнөр жай ишканалары курулган.

Советский партийный и государственный деятель Киргизской ССР Абды Суеркулов с супругой
© Фото / из семейного архива Суеркуловых
Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин бир нече чакырылышынын депутаты Абды Сүйөркулов байбичеси менен 50 жылдан ашык түтүн булатып, төрт уулду тарбиялап өстүргөн.

Эмгекчил аксакал. Бир катар жогорку мамлекеттик сыйлыктардын ээси пенсияга чыккандан кийин да тынч отура алган эмес. Ал жашы өтүп калганына карабай Фрунзедеги Элдик чарбанын жетишкендиктери жарманкесинин директору болуп, ага тогуз жылдай баш-көз болгон.

Советский партийный и государственный деятель Киргизской ССР Абды Суеркулов с семьей
© Фото / из семейного архива Суеркуловых
Тун уулу Эмил геология илимдеринин доктору болгонго чейин жетсе, Эркин чек арачы болуп көп жыл куралдуу күчтөрдө эмгектенген. Эрке аттуу баласы экономика илимдеринин кандидаты, кичүүсү Энвер социолог.

Мыкты уулдардын атасы. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин бир нече чакырылышынын депутаты байбичеси менен 50 жылдан ашык түтүн булатып, төрт уулду тарбиялап өстүргөн. Тун уулу Эмил геология илимдеринин доктору болгонго чейин жетсе, Эркин чек арачы болуп көп жыл куралдуу күчтөрдө эмгектенген. Эрке аттуу баласы экономика илимдеринин кандидаты, кичүүсү Энвер социолог. Баласынын айтымында, атасы уулдарына жакшы тарбия, билим берип, эмгектенип өз алдынча ийгиликтерди багындырууга үйрөткөн. Эч бирин ортого түшүп кызматка орноштурууга дити барган эмес. Абды Сүйөркулов 1992-жылы 80 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.

 

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (336)

Тема боюнча

Өлкөнү кыйроодон сактап калган. Турдакун Усубалиев тууралуу айтылбаган 10 факты
Аялы аяп баласынын өлүмүн жашырып койгон. Зияш Бектенов тууралуу 7 факты
Үркүп Кытайга барганда аялынан ажырап... Карамолдо Орозов тууралуу 8 факты
Белгилер:
Абды Сүйөркулов, факты, мамлекеттик ишмер, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ