Кыш келди, ис уруудан кантип сактануу керек? ӨКМ менен дарыгерден кеңеш

Жазылуу
Кычыраган кыш келип, от жагуунун сезону башталды. Эл көмүр, отун-суу, электр, газ жабдыктары жана башка каражаттар менен жылуулануунун камын көрүүдө. От жагуунун эрежесин бузуудан улам адамдардын иске ууланып көз жумган учурлары да катталып келет.

ӨКМде иске уулангандар тууралуу так маалымат жок. Жалпысынан турак үйдөгү өрт деп катталып, алардын ичинен күйүп калгандары менен түтүнгө уулангандары аралаш. Маалыматка ылайык, былтыр 10 ай ичинде турак үйлөрдө 1915 өрт кырсыгы катталып, 44 адам (анын ичинде 10 жаш бала) каза болгон. Ал эми быйыл 10 ай ичинде 1610 үйдөн өрт чыгып, 32 адам (анын ичинде 5 өспүрүм) көз жумду.

Ис уруу боюнча ЖМКларга чыккан конкреттүү мисалдарды да келтирсек болот. Маселен, былтыр үрөй учурган окуялардын бири Талас облусунун Кара-Суу айылында катталды. 37 жаштагы келин үйүн жылытуу максатында бөлмөгө чаканын ичине от жагып, анын кесепетинен иске ууланып кызы менен кошо көз жумган. Дагы эки баласы — 13 жаштагы уулу жана беш жаштагы кызы оор абалда ооруканага жеткирилген. Ушундай эле окуя Сузак районунда да болгон. Анын кесепетинен үй ээси менен уулу каза таап, жубайы менен дагы бир уулу оор абалда ооруканага түшкөн.

Үйдөгү жылуулукту кантип сактоо керек - Sputnik Кыргызстан
Жөнөкөй жол менен турак жайды кантип жылууласа болот. Жарандарга керектүү кеңеш
Белгилей кетсек, ис бир гана көмүр жагуудан эмес, өрт чыгып башка материалдар күйгөн учурда, тагыраагы, түтүндөн да келип чыгат. Мисалы, былтыр Ош шаарында өрттөн 81 жаштагы кемпир каза тапкан. ӨКМ ал күйүп эмес, ис уруп көз жумганын билдирген.

Ис деген эмне, анын себеби жана алдын алуу тууралуу ӨКМдин Өрт өчүрүү жана аны алдын алуу башкармалыгынын офицери, капитан Асхат Муканов айтып берди.

Ис эмнеден чыгат?

Истүү газ же көмүртек кычкылы (СО) деген курамында көмүртеги бар заттар жана материалдар толук күйбөй калган учурда бөлүнүп чыгат. Тагыраагы, алар кычкылтектин жетишсиздигинен быкшып, түтөп күйө албай калат. Аларга көмүр, нефть, отун, көң, жаратылыш газы, деги эле энергия бере турчу заттар кирет. Истин жыты жана түсү жок. Аны атайын аспаптын жардамы менен билүүгө болот.

Уулануунун себептери жана алдын алуу

1. Мешти туура колдонуңуз. Морун бир айда бир жолу же андан көп тазалап турса ашыктык кылбайт. Мордун ичи толуп калганда, мештеги түтүн өйдө чыга албай ичке үйлөнүп кетет. Мындан улам уулуу зат бөлмөгө тарайт.

2. Аба ырайына көңүл буруңуз. Эгерде сыртта аябай суук болсо, аба түтүндү соро албай кайра мешке үйлөп салышы мүмкүн деген теория бар.

3. Мештин астыңкы көзүндөгү күлдү додо кылбай чыгарып туруу зарыл. Астыңкы көздү от жаккандан кийин думбалап жаап салган же жарымына чейин ачып салган болбойт, бир аз аба өткүдөй жылчык болушу керек.

Смог над Бишкеком - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясы аба булганганын айтып, тургундарды бет кап кийүүгө чакырды
4. От жагып жатканда полго чок түшүп кетпегенин байкоо керек. Ал дагы өрттүн чыгышын шарттап, жалыны менен түтүнү өмүргө коркунуч жаратышы ыктымал.

5. Үй менен имараттар көмүрдөн тышкары электр жана газ жабдуулар менен жылытылары маалым. Мында да коопсуздук эрежелерин сактоо зарыл. Маалы менен адистер алардын иштешин, зым, провод, точкаларын текшерүүсү кажет.

6. Тамак, нан бышырган газ плиталарын жылынуу үчүн колдонбой эле койгон туура. Бул өрттүн чыгышына себеп болушу мүмкүн. Ошол эле учурда турак жайга ис толот.

7. Ис шыптын өйдө жагында болот. Уулуу газ чыгып жатканын билип калсаңыздар, сыртка ылдыйыраак болуп чыгууга аракет кылуу керек. Мүмкүнчүлүк болсо сүлгүнү суулап, ооз-мурунду жаап чыккан туура.

8. Өрт, ис уруу учурунда өмүр биринчи орунда болушу керек. Документ, акча же башка буюмдарын алам деп кайгылуу окуяга кептелгендер жок эмес.

Дарыгерден кеңеш

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнүн башчысы Улан Исманов ис уруунун белгилери, алгачкы жардам жана дарылоо жолдору тууралуу айтып берди.

Сарымсак, пияз жана перец. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сасык тумоодон оолак болуунун кыргызча жолдору. Апамдан үй шартындагы беш лайфхак
Кантип ууланышат? Ис кычкылтек менен кошо өпкөдөн кан тамырларларга тарап, кандагы гемоглобин менен аралашат дагы карбоксигемоглобинди пайда кылат. Ал кычкылтекти ткандарга, клеткаларга жеткирбей тосуп алат. Мунун кесепетинен гипоксия келип чыгат. Гипоксия — бүтүндөй организмдин, анын ичинде органдар менен ткандардын кычкылтек жетишсиздигине кабылган абалы. Бул учурда адам уйкусураган, эс-учун жоготкон абалда болот. Мындан тышкары, баш ооруп, тегеренүү, жүрөк айланып, кускусу келүү, кургак жөтөл сыяктуу симптомдор байкалат. Ис катуу урганда адам эс-учун жоготуп, дем ала албай каза болуп калат.

Дарыгер белгилегендей, ис чыгып жатканда чанда гана адам ойгонот. Көп учурда мас, чылым чеккендер, кары-картаңдар, жаш балдар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер, ооруп жаткандар билбей калышы ыктымал.

Тез жардам келгенче эмне кылуу керек? Сыртка чыгып таза абадан жутуп, үйдүн терезелерин ачуу керек. Адам эсин жоготпогон болсо, күчтүү кофе, чай, деги эле суюктук берүү керек. Булар мээнин ишин жакшыртып, кычкылтектин тарашына жардам берет.

Ооруканада кантип жардам беришет? Бейтап бир сааттан ашык кычкылтек терапиясынан өтөт. Абалы оорлор жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0