Бишкекте Кайгуул милициясы ишке кирди. Кызматы жана өзгөчөлүгү

© Sputnik / Табылды КадырбековЗапуск пилотного проекта Патрульной службы милиции по Бишкеку
Запуск пилотного проекта Патрульной службы милиции по Бишкеку - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми автоинспекторлор планшети менен жеринде эле унаа тууралуу маалыматты текшерет. Алардын маянасы да эки эсе жогорулады.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Бүгүндөн тарта Бишкекте Кайгуул милициясы расмий түрдө ишке киришти. Бул туурасында Жол коопсуздугу боюнча ички иштер органдарын реформалоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов журналисттерге билдирди.

Жаңы кызматтын функциялары

Кайгуул милициясы азыр иштеп жаткан ЖКККББнын жана коомдук тартипти караган Кайгуул күзөт кызматынын ишин аткарат. Негизги жумушу — белгиленген аймакты күзөтүп, укук бузуулар катталган жерге көз ирмемде барып калышы керек.

Долбоор качан башталган?

Биринчи концепциясы иштелип чыгып, андан соң жумушчу топ деталдык пландары менен алектенген. Быйыл жайдан бери кызматкерлерди тандоо аркылуу кабыл ала баштаган. Тандоонун эки этабы бүтүп, үчүнчүсү жарыяланды.

Алар эмне менен жабдылган?

Ар бир экипаждын колунда планшет болот. Анда жеринде дароо автоунаа тууралуу жана уурдалган унаалардын маалыматтык базасы камтылган. Демек, жеринде эле дароо бүт маалыматты биле алышат.

Кайгуул милициясына кимдер жумушка алынды?

Жаңы кызматка келгендердин болжол менен 30 пайызы жай тургундардын арасынан тандалып алынды. Бардык кызматкерлер, анын ичинде мурда иштеп жүргөндөр да үч айлык окуудан өттү. Алар жарандарга сылык кайрылуу, дене тарбия, оор кырдаалдарда өзүн алып жүрүү жана жаңы техникалык каражаттар менен иштөөнү үйрөнүштү.

Коррупция менен кантип күрөшөт?

Эмгек акылары дээрлик 100 пайызга көтөрүлдү. Мурда катардагы кызматкерлер 11-12 миң сом алса, эми 21-22 миң сом, офицерлерге андан көбүрөөк берилет. Муну менен кызматкерлердин таза жана татыктуу иштешине шарт түзүлмөкчү.

Долбоор Бишкектин баарын камтыйт

Азыр Биринчи Май району, Свердлов районунун бир бөлүгү камтылган, жыл аягына чейин шаардын бүт аймагын Кайгуул милициясы көзөмөлдөй баштайт.

Мурдагы кызматтан эмнеси менен айырмаланат?

Запуск проекта Безопасный город в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Коопсуз шаардын" камералары дагы кайсы көчөлөргө коюлат? Тизме
2016-жылы Жол кайгуул кызматы менен Патрулдук-кайгуул кызматы бириктирилип Кайгуул милиция башкармалыгы түзүлгөн. Бирок көп өтпөй эле ал кайра ажырап Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы негизделген. Ибраимов ал идея деле жакшы болгонун, бирок толук иштелип чыкпаганын белгиледи. Анда кызматкерлер окутулган эмес, "Коопсуз шаар" кирбегенин айтат. Жаңы кызматтын ишке кириши менен автоинспекторлор жол боюна туруп автоунааларды токтотуу укугунан ажырайт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0