Кой-Таш окуясында башына таш тийген Самат Курманкулов сүйлөп калды

© Фото / пресс-служба ГУВДВременно исполняющий обязанности начальника ГУВД Бишкека Самат Курманкулов
Временно исполняющий обязанности начальника ГУВД Бишкека Самат Курманкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курманкулов колу-бутун кыймылдатып реабилитациялык көнүгүүлөрдү жасап калды. Анын жанында келинчеги менен агасы бар.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кой-Таш окуясында башынан катуу жаракат алып, дарылануу үчүн Москвага жөнөтүлгөн Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов өзүнө келди. Бул тууралуу ИИМдин медициналык башкармалыгынын жетекчиси Нурдин Метеров Кой-Таштагы окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Курманкулов өз алдынча дем алып, сүйлөп калды.

"Курманкулов колу-бутун кыймылдатып реабилитациялык көнүгүүлөрдү жасап жатат. Анын жанында келинчеги менен агасы бар. Курманкуловдун жумушка кайтып келер-келбеси белгисиз. Себеби анын башына оор операция жасалгандыктан иштеп кетүүгө кыйын болот. Балким, жетекчиликтин чечими менен өтө оор эмес кызмат берилип калышы мүмкүн", — деди Метеров.

Ситуация у села Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура Кой-Таштын тургундарын суракка алып жаткан себебин түшүндүрдү
Ал ошондой эле Кой-Таш окуясында жабыркаган дагы бир жоокер учурда дарыланып жатканын айтты. Укук коргоо органдарынын ушул эки өкүлүнөн башкасы үйлөрүнө чыкканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Самат Курманкулов 7-августта Кой-Таш айылынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка алып келүү боюнча жүргөн атайын операция маалында башына таш тийип, оор жаракат алган болчу. Комага түшкөн Курманкуловго Бишкекте эки ирет операция жасалган. 12-августта дарылануусун улантуу үчүн аны Москвага алып кетишкен.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0