Бир ооруканадагы Текебаев менен Салянова, абалы оор Рысалиев. Камактагы саясатчылар

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүГородская клиническая больница №3 г. Тамбова
Городская клиническая больница №3 г. Тамбова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ар кандай фактылар менен кылмыш иши козголгон саясатчылар бар. Айрымдары ден соолугуна байланыштуу дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кылмыш иши козголуп, ден соолугуна байланыштуу ооруканага түшкөн аткаминерлердин саламаттыгы тууралуу сураштырды.

Аида Салянова

© Sputnik / Нурис АлымбаевМурдагы башкы прокурор Аида Салянова
Бир ооруканадагы Текебаев менен Салянова, абалы оор Рысалиев. Камактагы саясатчылар - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова

Мурдагы башкы прокурор 5-июнда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча жанданган кылмыш ишинин алкагында №1 тергөө абагына камакка алынган.

Бейтапты карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайсы оору түрмөгө отургузбайт? Илдеттердин тизмеси
15-июнда эртең менен ден соолугуна байланыштуу №1 тергөө абагынан Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна алып келинген. Дарыгерлер консилиумдан кийин Салянова ооруканада болушу керек деген чечим чыгарып, анын жүрөк-кан тамыр илдеттери менен жабыркай турганын аныкташкан.

Мурдагы башкы прокурордун жактоочусу Рабига Сыдыкованын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдиришинче, Салянованын ден соолугу абактын шартынан улам начарлаган.

"Ал олуттуу илдет менен жаткырылды. Оорулары мурда эле бар болчу. Абак шартында күчөп, дагы башкалары кошулду. Тагыраагы, нымдуулук, муздак, эмоционалдуу стресс, чыңалуу дегендер терс таасирин тийгизди. Учурда күчөтүлгөн дарылоо курсунан өтүүдө", — деди Сыдыкова.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарованын айтымында, Салянова менен кечээ жолугушкан. Өз кезегинде мурдагы башкы прокурор ден соолугу жакшы экендигин билдирип, дарыгерлерге ыраазычылык билдирген.

Зарылбек Рысалиев

© Sputnik / Нурис АлымбаевЖогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев
Бир ооруканадагы Текебаев менен Салянова, абалы оор Рысалиев. Камактагы саясатчылар - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев

Жогорку Кеңештин депутаты дагы 7-июнда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча жанданган кылмыш ишинин алкагында экинчи ирет суракка чакырылып, ИИМден чыккандан кийин ооруканага түшкөн. Алгач дарыгерлер аны инсультка кабылышы мүмкүн деп божомолдоп, кийин бул диагноз аныкталган эмес.

Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Машыгып, тил үйрөнүп, мыйзам жазып... Абактагы атка минерлер эмне менен алек
Буга чейин президент менен өкмөттүн Иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Александра Олексюк Рысалиевдин абалы салыштырмалуу оор экендигин, жакшы сүйлөй албай жатканын билдирген. 

Олексюк менен кайра байланышканыбызда Рысалиевдин абалы дагы деле салыштырмалуу оор экендигин кабарлап, керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

Өмүрбек Текебаев

© Фото / пресс-служба ГСИН КРМурдагы депутат Өмүрбек Текебаев
Бир ооруканадагы Текебаев менен Салянова, абалы оор Рысалиев. Камактагы саясатчылар - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев

"Коррупция" беренеси менен сегиз жылга эркинен ажыратылган мурдагы депутат июндун башынан бери Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланууда. Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунованын айтымында, дарыгерлер консилиумдан кийин саясатчыны ооруканада калтырышкан.

"Өмүрбек Чиркешович дагы деле дарыгерлердин көзөмөлүндө. Жүрөгүнөн тышкары бели ооруйт. Көп убакыт отура албайт, жатышы керек", — деди Токтакунова.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарованын айтымында, Саляновадан тышкары Текебаев менен дагы кечээ жолугушкан. Өз кезегинде мурдагы депутат ден соолугу жакшырып бара жатканын билдирген.

Рассмотрение ходатайства следствия об аресте А. Улюкаева - Sputnik Кыргызстан
Ооруп калдым! Соттолуп жаткан саясатчылар эмне дартка чалдыгат
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында ("Алдамчылык") камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.

Анын алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган. Россиялык бизнесмен Леонид Маевский Текебаев "Альфа Телеком" (Megacom) компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алды деп айтып, депутаттын үстүнөн арыз жазган. 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаевди коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Шаардык сот жана Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.

Кийин Россиянын Мамдумасынын мурдагы депутаты Леонид Маевский Москва шаарынан кармалган. Ал жан-жөкөрү менен "Альфа-групп" жана "А1" компаниясынын өкүлдөрүнөн 40 миллион доллар талап кылып, "аны бербесеңер, силерге шек келтире турган маалыматтарды таратабыз" деп коркуткан деп шектелүүдө.

Осмонбек Артыкбаев

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев
Бир ооруканадагы Текебаев менен Салянова, абалы оор Рысалиев. Камактагы саясатчылар - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев

Жогорку Кеңештин депутаты ТЭЦ чуусуна байланыштуу кылмыш ишинин алкагында УКМК тарабынан камакка алынган

Былтыр жүрөгүнө операция жасалып, бир нече ирет ооруканага жеткирилген.

УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун айтымында, Артыкбаев ушул тапта ооруканада. Кайсы жакта дарыланып жатканын тактаган жок.

Артыкбаев 2018-жылдын 5-июнунда "Бишкек ТЭЦин модернизациялоонун алкагында коррупциялык иштерге барган" деп айыпталган. 2019-жылдын 21-ноябрында тергөө иши аягына чыгып, Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") боюнча айыбы угузулган

Жаңылыктар түрмөгү
0