Аида Салянова ооруканага алып келинди

© Sputnik / Табылды КадырбековБрифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой
Брифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖАМКтын маалыматы боюнча, ал бүгүн дарыгердин текшерүүсүнөн өтмөк.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Мурунку башкы прокурор Аида Салянова бүгүн эртең менен №1 тергөө абагынан Мирсаид Мирахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна алып келинди. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

"Салянова 15-июнга кардиологдун текшерүүсүнөн өтмөк", — деп айтылат маалыматта.

Ушу тапта дарыгерлер консилиум өткөрүп, аны дарылоонун кереги бар-жогун аныктап жатышат.

Белгилей кетсек, Аида Салянова 5-июнда Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча жанданган кылмыш иштин алкагында камакка алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0