Ырчы Нурбек Савитахунов баласын дарылатууга элден жардам сурайт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүАкция "Ночь музеев" в Москве
Акция Ночь музеев в Москве  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өнөрпоз бир нече жылдан бери чыгармачылыкка аралашпай калган себебин түшүндүрүп, элден жардам сураган.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстандык ырчы Нурбек Савитахунов аутизм менен ооруган уулунун дарылануусуна каражат топтоо үчүн Facebook жана gofundme краудфандинг аянтчасы аркылуу элден жардам сурап кайрылды.

Савитахунов уулу Артурга көңүл буруу үчүн бир нече жылдан бери чыгармачылык менен алектенбей калганын жазды. Анын айтымында, алгач баласы тез чоңое баштаган. Ал эки жашында геометриялык фигураларды жана тамгаларды таанып калган. Ошондой эле эки тилде сүйлөп, санаганды билчү. Бирок, тилекке каршы, кийинчерээк аутизмдин синдромдору байкала баштаган. Атын айтып чакырса, кабыл албай калган.

Дарыгерлерге алып барганда алар бала аутизм менен жабыркап калганын билдиришкен. Нурбек жубайы Альбина экөө баласынын реабилитациясына бардык күчүн жумшап, жалпы жонунан 13 миң доллар сарптаган. Натыйжада баланын атын айтып чакырса, түшүнө баштаган. Ошондой эле кээ бир сөздөрдү айтууга үйрөнгөн. Анткен менен көптөгөн көйгөйлөр дагы деле чечиле элек.

"Биз убакыт менен жарышып жатабыз. Практика көрсөткөндөй аутизмди 5-6 жашка чейин дарыласа бат жана эффективдүү болот экен. Март айында Артур төрт жашка толот. Учурда ар бир мүнөт, ар бир саат биз үчүн кымбат болуп жатат. Биздин максат 2019-жылы чоң секирик жасап, мурдагы Артурду кайтарып алгыбыз келет. Ал үчүн 18 айлык реабилитациядан өтүү зарыл", — деди Савитахунов.

Ал белгилегендей, дарыланууга (клиника Москвада жайгашкан) 45 миң доллар керек болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0