БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту убактылуу жабылганын мекеменин маалымат катчысы Алия Курбанова билдирди.
Анын айтымында, учуп-конуулар 30-ноябрда саат 21:00дө токтотулуп, бул чектөө түнкү саат 12:00гө чейин уланышы мүмкүн.
Эске салсак, бүгүн кечинде Бишкек шаарында катуу кар жаады. Ага чейин ӨКМ катуу шамал болорун эскерткен.