БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында бүгүн, 30-ноябрда, саат 18:00дөн кечки 21:00гө чейин секундасына 17-22 метрге жеткен шамал катталышы мүмкүн. Бул туурасында ӨКМ шашылыш кабар таратты.
Шамалдын түнкүсүн болушун да кошумчалап, жарандардын сак болуусун эскертти.
Акыркы жылдары катуу шамал бир топ материалдык зыян тарттырып, биринчи иретте бак-дарактар сынып, адамдарды, транспортту басып калган учурлар кездешүүдө.