23:11 20 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.4170
  • RUB1.0958
Коом
Кыскача шилтеме алуу
585 0 0

Күз илебинен кайтып кар түшкөндө өлкөнүн бардык аймагында карышкыр менен чөө баш көтөрө баштайт. Ириде алар малга зыян алып келе турганы белгилүү. Муну эске алган өкмөт жырткычтарды жок кылууга уруксат берип, жарандарга сый акы берип келет.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги акыркы жылдары канча карышкыр жана чөө атылып, канча киши сыйлык алганы жана мал чарбачылыгына келтирилген чыгымдын көлөмү тууралуу сураштырып көрдү. Суроого Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин жетекчиси Алмаз Мусаев жооп берди.

Директор Департамента рационального использования природных ресурсов (Охотнадзор) Госагентства охраны окружающей среды и лесного хозяйства Алмаз Мусаев в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Данияр Сандыбаев
Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин жетекчиси Алмаз Мусаев

Республикада канча карышкыр жана чөө бар?

2015-2018-жылдардагы болжолдуу маалымат боюнча карышкырдын саны өлкө боюнча 3,5-4 миңди чапчыса, чөөнүкү 2,5-3,5 миңди түзөт. Акыркы он жылда чөөнүн саны кескин көбөйсө, карышкырдыкы стабилдүү экендиги айтылат. Жырткычтар жылына беш же алты күчүктөн төлдөйт.

Карышкыр жей турчу жаныбары калбай калганда короодогу малга кол салат деген пикир анча туура эмес. Мусаевдин биологдордун пикирине таянып билдиргени боюнча, карышкырдын адам чөйрөсүнө ыңгайлашып көчүп-конгондору жана эл барбаган аска-зоодо, алыскы токойлордо эчки-теке жеп азыктанган эки түрү бар. Анүстүнө Кыргызстандын тоолуу жана токойлуу жери карышкыр байырлаганга ыңгайлуу.

Акыркы беш жылда канча карышкыр жана чөө жок кылынган?

Адатта жырткычтар менен карапайым калк көбүрөөк күрөшөрү айтылат. Себеби эл жер шартын жакшы билет жана мал-жанын коргоого көбүрөөк кызыкдар. Мындан сырткары, аларга Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин аймактардагы ыкчам топтору жана айыл өкмөттөрү жардам берип келет.

Беш жылда жалпысынан 7786 жырткыч жок кылынган. Анын 2633ү — карышкыр, 146сы — бөлтүрүк, 5007си — чөө.

Бул каттоого алынган эле көрсөткүчтөр. Мындан сырткары, жырткычтар менен өз ара күрөшүп, тери-башын иштеткендер бар. Буга чара деле каралган эмес, өкмөткө өткөрөбү же жокпу, ар кимдин жеке каалоосу.

Мамлекет кандай шартта мергенчилерди сыйлайт?

2016-жылы өкмөт жапайы жырткыч жаныбарлардын санын кыскартуу боюнча жаңы токтом чыгарып, аларды жок кылгандарга акы төлөй баштаган. Райондордо түзүлгөн атайын комиссиялар жарандарга сыйлык берерден мурда мергенчилик документи менен карышкырдын өлкө аймагында жок кылынгандыгы тууралуу тастыктамасын алып, андан соң терисине бирка (кайра алып келбеш үчүн) басышат. Эгер талаптар туура келсе, мергенчинин банктык эсебине каражат которулат.

Карышкыр аткандарга 6000 сом, чөөгө 2000 сом, бөлтүрүккө 1500 сом берилет. Ошондой эле карышкырдын терисин базарга алып барып орточо эсеп менен 3000-5000 сомдун тегерегинде сата алат. Кыскасы, жергиликтүү тургун бир карышкырдан 10 миң сомго чейин пайда табат.

Акыркы беш жылда сыйлык үчүн канча сом бөлүнгөн?

  • 596 карышкыр үчүн 2 321 000 сом;
  • 49 бөлтүрүк үчүн 81 500 сом;
  • 1450 чөө үчүн 2 965 000 сом;
  • Жалпы 5 367 500 сом каралган.

Мал чарбачылыгына канча чыгым алып келген?

Беш жылда мал чарбачылыгына 145 миллион 614 миң сом зыян келтирилген. Бул сумма малдын базардагы орточо баасы менен чыгарылат.

Белгилей кетсек, малчыга жырткычтар тарабынан келтирилген чыгымды мамлекет төлөп бербейт.

Карышкыр көбүнчө туяктуу жаныбарларга — арка, кулжа, тоо теке, эликке кол салат. Чөө болсо кыргоол, кекилик, коен, түлкү, суур жана башкаларга зыян келтирет.

9 карышкыр тегеректеп келгенде мылтыгы от албай калган мергенчини элестетип жатасызбы? Анда кызыктуу маегин окуңуз.

Тема боюнча

Баткенде кутурган карышкыр беш кишиге кол салды
Ак-Талаа: 9 карышкыр тегеректеп келгенде мылтыгым от албай калды
Белгилер:
чөө, миллион, мергенчилик, жырткыч, сом, өкмөт, карышкыр, сыйлык

ЭҢ МААНИЛҮҮ