13:22 28 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.4683
  • RUB1.0646
Коом
Кыскача шилтеме алуу
218570

Нуржан Казакбаева 30 жашта, кесиби боюнча мугалим. Бирок ал бир гана кесипке байланып калбай өз аракети менен тигүү цехин ачып, ишкерликке киришкен.

Мектепте мугалим болуп иштеген Нуржан Казакбаева келечекте ишкер айымга айланарын өзү да билген эмес. Декреттик эс алууга чыккандан кийин үйдө бош отура албай өзү үчүн шейшеп тигип баштайт. Үйдөн башталган тигүүчүлүк өнөрү аз убакыт өткөн соң көпчүлүккө белгилүү брендге айланган.

— Нуржан айым, алгач өзүңүз менен тааныштыра кетсеңиз?

— Мен 30 жаштамын. Үй-бүлөлүү, эки баланын энесимин. Алгач үйдө жеке өзүм үчүн бир нерселерди тигип жүргөм. Андан кийин жолдошумдун жардамы менен тигүү цехин ачканбыз. Азыркы учурда ошол жерде эмгектенем. Тигүү менен алектенип, аны бизнеске айлантууга Социалдык ишкерлер ассоциациясынын алдындагы бизнес-мектеби абдан чоң жардам берди. Ал жерден бизнести баштоо, өнүктүрүү жаатында алган билимимди азыр өз тажрыйбамда колдонуп жатам.

Текстильная продукция изготовленная Нуржан Казакбаевой
© Фото / Азат Акаев
Нуржан Казакбаева: алгач өзүм үчүн кичинекй курактарды курап, жаздыкчаларды жасап жүрдүм, шейшеп тиктим. Бул өнөрүмдү чоң ишке айландыруу оюмда деле жок болчу.

— Башында тигүүчүлүк менен алектенем же ишкерликке аралашам деген ойлоруңуз бар беле?

— Кичинекей кезимде жатак мектепте окугандыктан, кол өнөрчүлүктү жакшы эле өздөштүргөм. Андыктан тигүүчүлүк мага ар дайым жаккан иш болчу. Бирок биротоло бул тармакка кирип, ишкерлик менене алектенем деген ою болгон эмес. Негизги кесибим мугалим болгондуктан, буга чейин ошол жаатта эмгектенип келгем. Түрк тилин жеке курстарда үйрөтүп, андан кийин шаардык мектептердин биринде сабак берип жүрдүм. Мындан алты жыл мурда декреттик өргүүгө чыгып, үйдө отуруп калдым. Иштеп көнүп калгандыктан бош отура алган жокмун. Бир нерсе менен алектенейин деген максат менен кичинекей тигүүчү машина сатып алдым. Ошентип үйдө баламды караганча тигүү иштерин баштадым. Алгач өзүм үчүн кичинекей курактарды курап, жаздыкчаларды жасап жүрдүм, шейшеп тиктим. Бул өнөрүмдү чоң ишке айландыруу оюмда деле жок болчу.

— Анан кантип баштап калдыңыз?

— Алты жыл мурда, мен жаңыдан гана тигүүчүүк менен алектенип баштаган кезде Кыргызстанда шейшеп тиккендердин саны өтө аз болчу. Шейшептер көбүнчө чет жактан алып келингендиктен баасы да кымбат эле. Айлыгы аз адамдар үчүн андай кымбат оокат алуу кыйын болчу. Андыктан мен Бишкектеги базарлардан эле кездеме алып, өз алдымча тигейин деп чечкем. Тигүү жолдорун интернеттен эле үйрөндүм. Мен тиккен шейшептерди кошуна кыз-келиндер ар дайым "аябай жакшы экен, Түркияныкыбы? Кайсы жерде сатылат экен?" деп сурай беришчү. Аларга өзүм эле үй шартында тиккенимди айтсам "бизге да тигип бер" деген сунуштар түшө баштады. Алгач курбу кыздарыма тигип бердим. Алар бири-бирине айтып жатып, мага кайрылган кардарлардын саны көбөйө баштады. Өзүм да үйдө отуруп эле социалдык тармактардан жарнама кылып, эмгектеримди сүрөткө тартып жарыялоону чечтим. Ал жактан көптөгөн заказдар түштү. Анан алардын баарын үйдөн тиккенге шарт жок эле. Себеби, кездемеден аябай көп чаң чыгат. Үйдө кичинекей балдарым бар. Андыктан атайын жер алып, тигүү иштерин ошол жакта уланттык. Цех ачкан соң инимдин жардамы менен дагы эки тигүүчү машина сатып алдык. Ошентип биротоло ишкерликке кадам жасадым десем болот.

Текстильная продукция изготовленная Нуржан Казакбаевой
© Фото / Азат Акаев
Ишкер: биринчи курбу кыздарыма тигип бердим. Алар бири-бирине айтып жатып, мага кайрылган кардарлардын саны көбөйө баштады. Өзүм да үйдө отуруп эле социалдык тармактардан жарнама кылып, эмгектеримди сүрөткө тартып жарыялоону чечтим. Ал жактан көптөгөн заказдар түштү

— Ишкерлик жаатында бир аз билим алдым деп калдыңыз. Ошол бизнес-мектептин кандай жардамы тийди?

— Бизнес үчүн финансылык билимдин абдан керек экендиги белгилүү. Ал эми мен гуманитардык жаатта билим алгам. "Бизнести кантип, кандай жол менен өнүктүрсө болот" деген суроолорго жооп издеп жатып, "Айым баштайт" долбоору тууралуу угуп калдым. Алгач долбоордун тренингердине катышып жүрдүм. Ал эми окууга 150 аял катталып, алардын ичинен 46 аялдын долбоору тандалды. Бизнес-мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн 50 пайызы өз ишин ачып, бутуна тура башташты. Ал жерден алган билимибизди азыркы учурда жеке ишибиз менен айкалыштырып келе жатабыз. Ишимдин өнүгүүсүнө бул мектептин кошкон салымы эбегейсиз.

— Каражат жагы кандай болду?

— Eltex бренди менен 2-3 айдан бери тааныла баштадык. Ага чейин жөн гана заказдар менен иштеп жатканбыз. Негизинен шейшептерди тигебиз. Шейшеп сатуу аркылуу тапкан алгачкы пайдам 300 сомду түзгөн. Андыктан ишимди 300 сом менен баштагам десем болот. Ага кошумча жогоруда айтылан бизнес-мектебинде жасаган ишиң аркылуу бир гана өзүң пайда көрө бербестен, башкаларга да жардам берүүнүн маанилүүлүгүн үйрөндүк. Сен жана айланаңдагылар өнүксө коом да өнүгөт деген түшүнүк менен билим алдык. Андыктан мен да башкаларга жардам берүүнү туура деп чечтим. Тигүүнү жакшы өздөштүргөн жаш балалуу, үйдө бош отурган аялдар менен иштешебиз. Кездемелерди алардын үйүнө жеткирип берип, даяр болгон соң алабыз. Мен ал айымдардын акыбалын жакшы түшүнгөндүктөн дал ушул жолду тандадым. Себеби менин башыман да кичинекей бала менен үйдө бош отуруу өттү. Жаш бала менен туруктуу ишке кирүү, каражат табуу абдан кыйын. Бардык эле айымдар каржылык жактан көз карандысыз болууну каалашат. Алар жумуш менен камсыз болгондон кийин аз да болсо көйгөйлөрү чечилүүдө деген үмүттөмүн. Биздеги айымдар тиккенине жараша күнүнө миң сомдун айланасында акча алат. Заказдардын аз же көптүгүнө жараша айына 20-25 миң сом айлык тиет. Ал эми цехтин өзүндө мен, жолдошум жана дагы эки кыз туруктуу иштейт.

— Тигүүчүлүк менен алектенүү кандай кыйынчылыктарды жаратат?

— Ишти жаңыдан баштап жаткан кезде бир топ эле кыйынчылыктарга тушукканбыз. Себеби өзүбүз эки бөлмөлүү батирде турчубуз. Көп кабаттуу үйдө жумушуңду кенен-кесир кыла албайсың. Азыркы учурда ишибиз өз нугуна түшүп, тапкан тажрыйбабыз кыйынчылыктарды оңой жеңүүгө жардам берип жатат. Бир гана көйгөй — укуктук талаада тажрыйбабыздын аздыгы. Бул жаатта кеп-кеңешке муктажбыз. Себеби келечекте жакшы пландарыбыз бар. Азыр бир нече өлкөлөрдөн олуттуу сунуштар түшүп жатат. Аларга товар экспорттоо ойлорубуз бар. Бирок юридикалык билимибиз жок болгондуктан, чет өлкөлөргө чыгуу жагынан аксап жатабыз.

Текстильная продукция изготовленная Нуржан Казакбаевой
© Фото / Азат Акаев
Казакбаева: алгачкы буюртмадан 300 сом түшкөн. Ишимди ошол 300 сом менен баштагам.

— Бизде аялдын орду үй деген түшүнүк күчтүү болгондуктан, айымдардын коомдук иштерге аралашуусу көп учурда терс кабыл алынат. Сизде да ушундай көйгөйлөр болдубу?

— Албетте, башында мен деле ушундай мамилеге туш болдум. Негизи эле биздин коомдо аялдын түйшүгү көп да. Бала кароо, тамак-аш жасап, үйдү жыйноо кичинекей бир бөлүгү эле. Андыктан көзү жеткен бир ишти аягына чыгарууда, турмуштук көйгөйлөрдү чечүүдө аялдар күчтүүлүк кылат. Мен да тигүүчүлүк менен жаңыдан алектенип баштаганда жолдошум каршы болгон. Менимче ал деле мени кыйналбасын деп аяган болсо керек. Бирок мен эч нерсеге карабай иштей бердим, тиге бердим. Кардарлар көбөйө баштаганда жолдошум карап тура албай мага жардамдаша баштады. Азыр керектүү нерселерди унаа менен ташыйт. Кездеме кесүү, үтүктөө сыяктуу оор иштерге мени жолотпой өзү аткарат. Бири-бирибизди түшүнүү аркылуу чакан ишибизди үй-бүлөлүк бизнеске айланттык десем болот.

Бирок ар бир эле айым жакындары, чөйрөсү тарабынан туура кабыл алына бербейт. Мисалы, мага бизнес боюнча жакшы идеялар келгенде тааныштарыма айтам. Көбү жолдошум, ата-энем же кайын журтум ынанбайт деп баш тартышат. Бирок акыркы кездери ар тармакта иш алып барган ийгиликтүү айымдар көбөйүп жатпайбы. Менимче аялдардын ишкерликке аралашуусу өтө туура көрүнүш. Бизде "аял үйдүн куту" деген жакшы сөз бар. Ал эми үйгө кут алып келүү үчүн айымдардын өздөрүнүн да өнүгүүсү керек. Өнүккөн аялдын үй-бүлөсү бактылуу болот. Үй-бүлө бактылуу болсо коом, өлкө бактылуу болот.

— Өлкөбүздө текстиль тармагында атаандаштык көп. Алардын арасынан суурулуп чыгуу үчүн эмне кылуу керек?

— Албетте, кандай гана иш кылбагын сени башкалардан айырмалап турган бир өзгөчөлүк болушу керек. Биздеги эң негизги нерсе — сапат. Кездемени алууда, аны тигүүдө сапатка кылдаттык менен көңүл бурабыз. Мындан улам биз менен туруктуу иштешкен кардарларыбыздын да саны көп.

— Өз баштоо ниетиндеги кыз-келиндерге кандай кеңеш берет элеңиз?

— Жакын сиңдилериме да, мени менен кезиккен бардык кыздарга да ар дайым бир эле нерсени айтам. Бир гана жогорку билим менен чектелип калбагыла. Сөзсүз түрдө кошумча бир билим алгыла. Чачтарач же ашпозчулук болобу, кошумча тил үйрөнүүбү айырмасы жок. Себеби турмуш ар дайым эле сен күткөндөй боло бербейт экен. Андыктан бардык нерсеге даяр болуу керек. Турмушка чыгып балалуу болгондон кийин кимдир бирөөгө көз каранды болбоо зарыл.

— Келечекте кандай пландарыңыз бар?

— Ишкерлик менен алектенип баштагандан кийин кандайдыр бир жоопкерчилик алып калганыңды сезе баштайт экенсиң. Цехти ачкандан бери жумуш сурагандардын саны көбөйдү. Андыктан дагы көбүрөөк адамды туруктуу жумуш менен камсыз кылсам дейм. Брендди өнүктүрүп, чет өлкөлөрдүн рыногуна чыгуу да башкы максаттарыбыздын бири.

Тема боюнча

Окуучу кезимде акчаны белиме байлап, шаардан товар ташычумун. Ишкер аял менен маек
Белгилер:
аял, тигүүчү, бизнес, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ