Беш айда 2 млн. сом таптым. Спорттогу ишкер Сталбек уулу менен аңгеме-дүкөн

© Sputnik / Табылды КадырбековПредприниматель Медер Сталбек уулу
Предприниматель Медер Сталбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башында Бишкекте өткөн күрөш түрлөрү боюнча Азия чемпионатына бардыгы эле күбө болсо керек. Аталган мелдеште бука моюн, буура сан балбандардын көз кандырган беттештеринен сырткары уюштуруу ишинин деңгээли мыкты болгондугун баса белгилеп кетүү ашыкча болбос.

Бишкектик ишкер Медер Сталбек уулу мелдештерди уюштурууга көмөк көрсөткөн Fofingo агенттигин жетектеп, спорттон каражат табуу мүмкүн эмес деген пикирди четке кагып келет.

Сталбек уулунун максаты — элди спорттук мелдештерге кино жана театр сыяктуу баш бактырып, сергек жашоо образына үндөө.

— Эмне себептен ишкерликти спорт тармагынан өнүктүрүүнү чечтиңиз?

— Биринчи кезекте спорттун фанатымын. Мурда КРдин футбол федерациясынын жана "Алай" клубунун басма сөз катчысы катары эмгектенгем. Иш сапары менен чет өлкөгө барганда уюштуруу ишинин деңгээлин көрүп, Кыргызстандагы спорттук иш-чаралардын да маданиятын жогорулатуу зарыл экендигин түшүндүм.

— Футбол тармагына кантип аралашып калгансыз? Ишмердүүлүк эмнеси менен эсте калды?

WEF (World ertaymash Federation) федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
WEF жетекчиси Кыдырмышев: бир телефондук чалуу үчүн 20 миң долларга сынгам
— Футбол федерациясынын басма сөз кызматына 5 жыл мурун жарыя аркылуу келгем. Ошондо курама команда Азия оюндарынын тандоо турниринде ойномок экен. Мени ошол мелдеш учурунда байкаштырышты. Чынын айтсам, буга чейин спортту түшүнчү деле эмесмин. Акча табуу максатында эле келген болчумун. Ага чейин Алмазбек Атамбаев президенттикке талапкер болуп турганда пиар кампаниясында иштегем.

Иш убагында көп кызыктуу күндөр өттү. "Алай" клубу менен иштешип жүргөндө беш мамлекетти көрдүм. Бир жолу Палестинага мелдешке бармай болдук. Ал жакка үч мамлекет аркылуу учуп барыш керек болду. Дин маселеси курчуган өлкө кооптуу туюлду, курал көтөргөн аскер адамдары кадам сайын текшерип турду. Оюнду бир жарым саатка болжолдоп жатканбыз. Эки команда тең чыгып калып, жыйынтыгында дагы бир жарым саатка узарып калды. Жыйынтыгында оюнду жеңип, маңдай жарыла сүйүндүк. Бирок аэропортко 15 мүнөт кечигип калып, учактан куру калдык. Билетти кайрадан сатып алып, ошентип эки эсе чыгым болдук. Көбү маалымат катчынын жумушу журналисттер менен гана иштешүү деп ойлошу мүмкүн. Бирок уюштуруу иштери да биздин моюнда. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСпорттук иш-чараларды уюштурууга көмөк көрсөткөн Fofingo агенттигинин жетекчиси, ишкер Медер Сталбек уулу
Предприниматель Медер Сталбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Спорттук иш-чараларды уюштурууга көмөк көрсөткөн Fofingo агенттигинин жетекчиси, ишкер Медер Сталбек уулу

— Бизде аккредитациядан өткөн 70тен ашык федерация бар, өтпөгөнү мындан көп. Ошонун көбүндө пресс-кызматчылар жок. Муну каражаттын аздыгы менен түшүндүрүшөт. Болгон учурда деле мелдеш учурунда гана активдүү иштегендей туюлат. Сиз буга кандай пикирдесиз?

— Мен федерацияда иштеп жүргөндө беш кишинин ролун аткарчумун: оператор, фотограф, монтажер, пиар адиси, журналист. Азыр бул кызматтарды бирден киши аркалайт. Сырттагы кишиге оңой көрүнүшү мүмкүн. Бирок чындыгында аябай эле оор. Маараке убагында элге көрүнгөнүбүз менен калган күндөрү жумуш чачтан көп.

Биздин Футбол федерациясы дүйнөлүк жана азиялык футбол уюмунун мүчөсү болуп эсептелинет. Алар биздин федерациянын көп чыгымдарын камсыздайт. Кыргызстандагы кеңседе эле 40-50 киши бар. Мен убагында 18 миң сом айлык менен иштечүмүн. Азыр мындан да көп болсо керек.

— Футбол тармагындагы ишиңизди жыйынтыктагандан кийин маркетинг боюнча иш алып бара баштадыңыз да, ээ?

Племенной форелеводческий завод Адлер - Sputnik Кыргызстан
Форель багам дегендерге жардам берет элем. Көлдүк ишкер менен маек
— 2015-2017 жылдары кесиптештерим менен спорттук агенттик ачып, федерациялардын маараке, мелдештерин өткөрүүгө жардамдаша баштадык. Баарыбыз жаш, ишти жөндөп кете албай кыйналган учурлар болду. Кесиптештерим үчүн бул иш хобби эле болчу. Долбоор чыкса иштеп коюшчу. Анткени туруктуу жумуштары бар эле. А мен андан ары өркүндөткүм келди да өз алдымча агенттик түзүүнү эп көрдүм. Былтыр декабрда команда чогултуп Fofingo аталышындагы агенттик түзүп, жыл жаңырганда ишкана катары күбөлүк алдык. Мен жетекчимин, кол алдымда журналист, оператор, фотограф, монтажер, пиар адистери бар.

Көп өтпөй шахмат боюнча 2-3 ири турнир өткөрдүк. Быйылкы жылдагы башкы планыбыз күрөш түрлөрү боюнча Азия чемпионатын менен III Көчмөндөр оюнун уюштурууга көмөктөшүү эле. Кудай буюруп, Азия чемпионатын өткөрүү боюнча тендерди утуп алдык. Жакында эле Улуттук олимпиада комитети менен эл аралык иш-чарада кызматташып, балдар үчүн чуркоо мелдешин өткөрүп бердик. 

© Фото / предоставлено Медером Сталбек уулуМедер Сталбек уулу: быйылкы жылдын эсебинен элүүдөй спорттук иш-чараны өткөрөлү деген ой бар. Алардын ириси —III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну.
Предприниматель Медер Сталбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Медер Сталбек уулу: быйылкы жылдын эсебинен элүүдөй спорттук иш-чараны өткөрөлү деген ой бар. Алардын ириси —III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну.

— Ооба, Азия чемпионаты өтө масштабдуу мелдеш. Өз өлкөбүздө өтүп жаткандан кийин татыктуу уюштуруп берип оор болсо керек?

— Менин командам өз ишинин мыкты билгени менен спорттон алыс адамдар эле. Кызматкерлер башында ошондон кыйналды. Бирок уюштуруу ишин жакшы өткөрүштү. Элге билинбегени менен көшөгө артында көп эле кыйынчылыктар болду. Маселен, ачылыш аземинде жолдор жабылып калып бийчилердин кие турчу формасы 10-15 минута калганда келди. Элестетиңиз, акыркы кызды сахнага эки минута калганда кийинттик. Ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков иш-чарага келер-келбеси арсар болуп жатты. Улам сценарийди өзгөртүп коебуз. Акыры катышты. 

— Сыр болбосо чемпионатты өткөргөнгөнгө жардам бергениңиздер үчүн канча каражат алдыңыздар?

— 397 миң сом алганбыз. Эгерде жыл башынан бери болсо, беш айда 2 миллион сомдой каражат таптык. Бирок анын 20 пайызы эле киреше катары эсептелсе, калганын команданын ишмердүүлүгүнө жумшайм.

© Sputnik / Табылды КадырбековИшкер Медер Сталбек уулу: биздин максат — элди спорттук мелдештерге кино жана театр сыяктуу баш бактырып, сергек жашоо образына үндөө
Предприниматель Медер Сталбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Ишкер Медер Сталбек уулу: биздин максат — элди спорттук мелдештерге кино жана театр сыяктуу баш бактырып, сергек жашоо образына үндөө

— Айрым спорттун түрлөрү көпчүлүк үчүн кызыксыз болушу мүмкүн. Сиздерде тандоо барбы?

Отечественная предпринимательница Фатима Жумабаева - Sputnik Кыргызстан
Сеулда сейилдеп жүрүп, акча толо капчык таап алдым. Кыргызстандык кыздын чыйыры
— Максатыбыз — коомчулукту спорттук мааракелерге тартуу. Бизде киного же театрга эс алуу, көңүл ачуу үчүн баруу деген түшүнүк кеңири жайылган. Биз болсо үй-бүлө мүчөлөрүн спорттук мелдештерге баш бактырып, маданияттуулукту жайылткыбыз келет. Кыргызстанда спорттун күйөрмандары азырынча эркектер. Спорт аркылуу коомчулукка оң таасир берсе болот. Бул кадамдарыбыз спортко демөөрчү жана инвесторлорду алып келип, элибиз сергек жашоо образына тартылат деп ишенебиз. Ошондой эле спорттук мелдештерди чагылдырууга ЖМК өкүлдөрүн тартып, элге жайылтуу ишин колго алып жатабыз.

— Алдыда кандай пландар бар?

— Быйылкы жылдын эсебинен элүүдөй спорттук иш-чараны өткөрөлү деген ой бар. Алардын ириси — өйдөдө айтып кеткендей III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну.

Жаңылыктар түрмөгү
0