00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Музыка менен тарбияланган балдар гений болобу? Кыргыздын жашоосунда музыканын орду
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Көчмөн руху — дүйнөлүк аренада. VI ДКО спорттук жана маданий иш-чараларга бай болот
21:04
52 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кыргызстан-Пакистан кызматташтыгы эки элдин ортосунда достук көпүрөлөрүн курууга бекем негиз түзөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф менен биргеликте ЖМКлар үчүн билдирүү жасаганда билдирди. Садыр Жапаров Кыргызстан маданий-гуманитардык багыттарда иштерди мындан ары улантуу маанилүүлүгүн белгиледи. “Илим, маданият, туризм, жаштар алмашуусу жана спорт тармагындагы кызматташтык эки тараптуу мамилелердин маанилүү бөлүгүн түзөт. Ушуга байланыштуу Пакистандын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусун өзгөчө белгилегим келет. Пакистан оюндарга өзүнүн ири спорттук делегациясы менен катышууда. Муну биз салттуу спорт түрлөрүн сактоо жана жайылтуу боюнча жалпы демилгебизге көрсөтүлгөн урмат-сыйдын айкын көрүнүшү катары кабыл алабыз", - деди мамлекет башчысы. Ошондой эле Садыр Жапаров бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жетишилген макулдашуулар ырааттуу түрдө ишке ашырыларына ишенимин билдирди.
Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Көчмөндөр ааламы: жандуу мурас” этношаарчасынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.Иш-чарага өкмөт башчы Адылбек Касымалиев катышып, облустардын өкүлчүлүктөрү тарабынан тигилген боз үй комплекстерин көрдү. Ал этношаарча жана ага алып баруучу жаңыланган жол туризмди өнүктүрүп, ата-бабалардын мурасын сактоо үчүн кызмат кыларын белгиледи.Ошондой эле ал көчмөн маданияты жөн гана музей экспонаты эмес, күнүмдүк турмушта сакталып келген жандуу мурас экенин, боз үй тигүү, комуз чертүү, шырдак шыруу сыяктуу өнөрлөр муундан муунга өтүп жатканын айтты.Касымалиев сөзүнүн соңунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эң башкы жеңиши — ата-бабалардын бай мурасын сактап, келечек муунга өткөрүп берүү болушу керектигин белгиледи.
Ош шаары менен Пакистандын Лахор шаарынын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюлду. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев белгилегендей, эки тараптуу сүйлөшүүдө шаарлар ортосунда билим берүү, туризм тармактарында кызматташуу талкууланды.. “Лахор дагы Ош шаарындай эле калкынын саны боюнча Пакистандагы экинчи шаар болуп саналат. Калкынын саны 15 миллионго чейин жетет. Учурда Кыргызстанда Пакистандан келип окуган студенттердин көпчүлүгү Лахордон болот. Ошондуктан биз айрыкча билим берүү тармагында иштешебиз деп сүйлөшүп жатабыз. Студенттердин санын көбөйтүүнү да карайбыз. Азыр Лахордон Бишкекке түз аба каттамдары бар. Биз эми Лахордон Ошко да каттам ачууну караштырабыз”, - деди Ош шаарынын мэри.
Бишкекте инфекциялык ооруларды изилдөөчү Россия-Кыргыз илимий борборунун курулушу башталды. Бул туурасында Роспотребнадзордун маалыматында айтылган.Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова бул эпидемияларга каршы күрөшүүдөгү ири долбоор экенин билдирди. Ал Россиянын аталган мекемеси менен Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги көп жылдан бери биокоопсуздук боюнча чогуу иш алып барып жаткандыгына токтолду.Роспотребнадзордун жетекчиси мындай борборлорду ишке киргизүү эки мамлекеттин кооптуу инфекцияларга каршы күрөшүүдөгү кызматташтыгы болорун баса белгиледи.Жаңы мекеменин негизги иштери өзгөчө коркунучтуу инфекциялардын козгогучтарын ыкчам аныктоо, лабораториялык диагностика жүргүзүү, ошондой эле биологиялык коопсуздук, микробиология жана эпидемиология жаатында адистерди даярдоо экенин айтышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0