https://sputnik.kg/20260902/1103405520.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы жайкы эс алуудан кийин ишин баштады.ЖК төрагасы Марлен Маматалиев жыйынды ачып бергенден кийин гимн жаңырды.Андан соң спикер... 02.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-02T13:00+0600
2026-09-02T13:00+0600
2026-09-02T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/02/1103405354_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c367432d73391412abddcf6dbb2997d9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы жайкы эс алуудан кийин ишин баштады.ЖК төрагасы Марлен Маматалиев жыйынды ачып бергенден кийин гимн жаңырды.Андан соң спикер жыйынды баштап, өлкөдө болуп жаткан чоң өзгөрүүлөр Жогорку Кеңешке да чоң жоопкерчилик жүктөп жатканына токтолду."Жаңы сессияда биринчи кезекте экономиканы өнүктүргөн, инвестиция тарткан жана ишкерликти колдогон мыйзам долбоорлорун илгерилетишибиз керек. Билим берүү менен саламаттык сактоого, айыл чарба, энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл буруу зарыл", — деди төрага.Маматалиев парламенттик көзөмөл Жогорку Кеңештин маанилүү милдеттеринин бири бойдон каларын эске салды. Белгилей кетсек, парламенттин I сессиясы 25-июнда жыйынтыкталган болчу.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы “Биримдик кербенин” салтанаттуу тосуп алуу аземине катышты. Иш-чара Кырчын жайлоосундагы “Кут Ордо” негизги сахнасында өтүп, анда республикалык жана чет элдик меймандардын көч кербенин салтанаттуу тосуп алышты. Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүгүнкү күндө спорттук мелдештин алкагынан чыгып, дүйнө элдерин бириктирген, тарыхый-маданий мурастарды тааныткан маанилүү эл аралык аянтчага айланганын белгиледи. “Бүгүн Ысык-Көлдө дүйнөнүн жүздөгөн мамлекеттеринен келген коноктордун башын бириктирген чоң майрам өтүп жатат. Көчмөндөрдүн улуу цивилизациясын даңазалаган бул жерге келгенде, ата-бабаларымдын дүйнөсүнө келгендей таасир калтырды.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жалпысынан 200 миңден ашык конок күтүлүүдө. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди.Ал спорттук, маданий жана илимий иш-чаралардын эсебинен оюндар өлкө экономикасына 100 миллион сомдон ашык каражат алып келерин белгиледи. Учурда Ысык-Көлдө Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы мелдештер башталды. Саамалыктын басымдуу бөлүгү Кырчын жайлоосунда өтмөкчү. Анда 500дөй боз үй тигилген 15 шаарча жайгашкан.Бийлик этношаарчага күнүнө 100 миңдей көрүүчү келерин болжолдоп жатат. Шаарча мындан аркы маданий жана эл аралык иш-чаралар уюштурула турган борборго айланат.
Бишкектеги ШКУ саммитинде Батышка дүйнөнүн көп уюлдуулугу тууралуу түз белги берилди. Бул тууралуу германиялык Berliner Zeitung гезити жазды.Анда АКШ үстөмдүк кылган эл аралык тартипке ШКУ өзүн альтернатива катары көрсөтүп жатканы белгиленген."Бишкек саммити туруктуу дүйнөлүк тартиптин орношуна өбөлгө болуп же күчөп бараткан системалык атаандаштыктын символу бойдон калышы мүмкүн. Бир нерсе талашсыз: Батыштан тышкаркы дүйнөнүн таасирдүү төрт лидери Си Цзиньпин, Путин, Моди жана Эрдоган бир столго отурушту. Ошол эле учурда Сауд Арабиясынан Вьетнамга чейинки ондон ашык мамлекет ШКУ менен тыгыз байланыш түзүүгө умтулду", — деп жазды гезит.Буга чейин Путин уюмдун кеңейиши анын туруктуу мүчөлөрүнүн чечимине байланыштуу экенин билдирген. Анын айтымында, ШКУнун кадырын түшүрбөш үчүн бул ишти шашпай жүргүзүү зарыл.Эскерте кетсек, Шанхай кызматташтык уюмунун юбилейлик саммити Кыргызстандын ордо калаасы Бишкек шаарында 1-сентябрда өттү. ШКУ жана "ШКУ+" форматындагы иш-чараларга 17 мамлекеттин башчылары жана алты эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышты.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы жайкы эс алуудан кийин ишин баштады.ЖК төрагасы Марлен Маматалиев жыйынды ачып бергенден кийин гимн жаңырды.Андан соң спикер жыйынды баштап, өлкөдө болуп жаткан чоң өзгөрүүлөр Жогорку Кеңешке да чоң жоопкерчилик жүктөп жатканына токтолду."Жаңы сессияда биринчи кезекте экономиканы өнүктүргөн, инвестиция тарткан жана ишкерликти колдогон мыйзам долбоорлорун илгерилетишибиз керек. Билим берүү менен саламаттык сактоого, айыл чарба, энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл буруу зарыл", — деди төрага.Маматалиев парламенттик көзөмөл Жогорку Кеңештин маанилүү милдеттеринин бири бойдон каларын эске салды. Белгилей кетсек, парламенттин I сессиясы 25-июнда жыйынтыкталган болчу.Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы “Биримдик кербенин” салтанаттуу тосуп алуу аземине катышты. Иш-чара Кырчын жайлоосундагы “Кут Ордо” негизги сахнасында өтүп, анда республикалык жана чет элдик меймандардын көч кербенин салтанаттуу тосуп алышты. Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүгүнкү күндө спорттук мелдештин алкагынан чыгып, дүйнө элдерин бириктирген, тарыхый-маданий мурастарды тааныткан маанилүү эл аралык аянтчага айланганын белгиледи. “Бүгүн Ысык-Көлдө дүйнөнүн жүздөгөн мамлекеттеринен келген коноктордун башын бириктирген чоң майрам өтүп жатат. Көчмөндөрдүн улуу цивилизациясын даңазалаган бул жерге келгенде, ата-бабаларымдын дүйнөсүнө келгендей таасир калтырды.VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жалпысынан 200 миңден ашык конок күтүлүүдө. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди.Ал спорттук, маданий жана илимий иш-чаралардын эсебинен оюндар өлкө экономикасына 100 миллион сомдон ашык каражат алып келерин белгиледи. Учурда Ысык-Көлдө Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы мелдештер башталды. Саамалыктын басымдуу бөлүгү Кырчын жайлоосунда өтмөкчү. Анда 500дөй боз үй тигилген 15 шаарча жайгашкан.Бийлик этношаарчага күнүнө 100 миңдей көрүүчү келерин болжолдоп жатат. Шаарча мындан аркы маданий жана эл аралык иш-чаралар уюштурула турган борборго айланат.Бишкектеги ШКУ саммитинде Батышка дүйнөнүн көп уюлдуулугу тууралуу түз белги берилди. Бул тууралуу германиялык Berliner Zeitung гезити жазды.Анда АКШ үстөмдүк кылган эл аралык тартипке ШКУ өзүн альтернатива катары көрсөтүп жатканы белгиленген."Бишкек саммити туруктуу дүйнөлүк тартиптин орношуна өбөлгө болуп же күчөп бараткан системалык атаандаштыктын символу бойдон калышы мүмкүн. Бир нерсе талашсыз: Батыштан тышкаркы дүйнөнүн таасирдүү төрт лидери Си Цзиньпин, Путин, Моди жана Эрдоган бир столго отурушту. Ошол эле учурда Сауд Арабиясынан Вьетнамга чейинки ондон ашык мамлекет ШКУ менен тыгыз байланыш түзүүгө умтулду", — деп жазды гезит.Буга чейин Путин уюмдун кеңейиши анын туруктуу мүчөлөрүнүн чечимине байланыштуу экенин билдирген. Анын айтымында, ШКУнун кадырын түшүрбөш үчүн бул ишти шашпай жүргүзүү зарыл.Эскерте кетсек, Шанхай кызматташтык уюмунун юбилейлик саммити Кыргызстандын ордо калаасы Бишкек шаарында 1-сентябрда өттү. ШКУ жана "ШКУ+" форматындагы иш-чараларга 17 мамлекеттин башчылары жана алты эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышты.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/02/1103405354_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5918257db4dbdca1faaf768df9e28485.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио