https://sputnik.kg/20260902/1103407811.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда расмий сапар менен жүргөн Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн "Ынтымак... 02.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-02T15:00+0600
2026-09-02T15:00+0600
2026-09-02T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/02/1103407645_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_032a20ec03fefeca85f5b48677e958c1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда расмий сапар менен жүргөн Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн "Ынтымак ордодон" билдиришти.Маалымдалгандай, анда эки өлкөнүн соода-экономикалык жана транспорттук кызматташтыгын кеңейтүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.Пакистандын премьери жакынкы жылдары Кыргызстан менен эки тараптуу товар жүгүртүүнү 200 миллион долларга чейин көбөйтүү максатын белгиледи. Ошондой эле Пакистан Кыргызстанга Карачи жана Гвадар портторуна чыгууга мүмкүнчүлүк түзүүгө даяр экенин билдирди.Тараптар транзиттик коридорлорду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Сүйлөшүүлөрдө саясий диалогду бекемдөө, соода, энергетика, транспорт, билим берүү, саламаттык сактоо жана виртуалдык активдер жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери да каралды.Жапаров Кыргызстан Пакистанды Түштүк Азиядагы ишенимдүү өнөктөш катары карай турганын белгиледи. Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосунда жогорку деңгээлдеги саясий диалог акыркы жылдары активдүү өнүгүп жатканын айтты. Жолугушуунун жыйынтыгында лидерлер бүгүнкү сүйлөшүүлөр Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы достук жана өз ара ишенимди бекемдөөгө негиз түзөрүнө ишеним артышты.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда Кыргызстандын жети облусун тааныткан этно-боз үйлөр уюштурулду. Ар бир боз үйдө меймандар аймактардын маданияты, каада-салты, тарыхы жана өзгөчөлүктөрү менен тааныша алышат. Иш-чаранын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жети облустун боз үйлөрүн кыдырды. Мейманды ар бир региондун боз үйүндө салттуу ырлар жана музыкалык чыгармалар менен тосуп алышты. Облустардын өкүлдөрү аны улуттук каада-салттар, кол өнөрчүлүк, турмуш-тиричилик буюмдары, улуттук тамак-аштар жана аймактардын маданий мурастары менен тааныштырышты.
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Бендер-Аббас портунда Кыргызстан үчүн логистикалык борбор түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу Ирандын лидери менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун ШКУ саммитинин алкагында өткөн жолугушуусунда белгилүү болгонун Ирандын ТАСНИМ агенттиги жазды. Өз кезегинде Садыр Жапаров Ирандын мунай чалгындоо компанияларын Кыргызстанда кызматташууга чакырды. Бул эки өлкөнүн өз ара пайдалуу өнөктөштүгү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Белгилей кетсек, Иран буга чейин Кыргызстандын аймагында мунайды кайра иштетүүчү завод курууга катышууга даяр экенин билдирип, жаңы завод үчүн чийки мунай жеткирүүнү пландап жатканын маалымдаган.
Кыргызстандын шараптары чет өлкөлүк рынокторду багындырууда. Экспорт тууралуу маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады. Жылдын биринчи жарымында Кыргызстан 74 миң литр шарап сатты. Ал эми өткөн жылдын январь-июнь айларында бул көрсөткүч 16 миң литрге жеткен эмес. Негизги сатып алуучу — ЕАЭБге мүчө болгон Казакстан. Бул өлкө 68,6 миң литр сатып алган. Калган көлөм Монголияга жана аталышы көрсөтүлбөгөн өлкөлөргө экспорттолгон.
Быйылкы жылдын 15-сентябрынан тарта Таиланд Кыргызстанга карата кабыл алган 30 күнгө чейинки визасыз режим иштей баштайт. Бул тууралуу падышалыктын Тышкы иштер министрлиги билдирди.Жаңы тартип кадимки паспорт ээлерине тиешелүү. Учурда кыргызстандыктар Таиландга баруу үчүн 15 күндүк виза алышат. 15-сентябрдан кийин мунун зарылдыгы болбойт.Таиланддын жарандары да Кыргызстанда 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда расмий сапар менен жүргөн Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн "Ынтымак ордодон" билдиришти.Маалымдалгандай, анда эки өлкөнүн соода-экономикалык жана транспорттук кызматташтыгын кеңейтүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.Пакистандын премьери жакынкы жылдары Кыргызстан менен эки тараптуу товар жүгүртүүнү 200 миллион долларга чейин көбөйтүү максатын белгиледи. Ошондой эле Пакистан Кыргызстанга Карачи жана Гвадар портторуна чыгууга мүмкүнчүлүк түзүүгө даяр экенин билдирди.Тараптар транзиттик коридорлорду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Сүйлөшүүлөрдө саясий диалогду бекемдөө, соода, энергетика, транспорт, билим берүү, саламаттык сактоо жана виртуалдык активдер жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери да каралды.Жапаров Кыргызстан Пакистанды Түштүк Азиядагы ишенимдүү өнөктөш катары карай турганын белгиледи. Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосунда жогорку деңгээлдеги саясий диалог акыркы жылдары активдүү өнүгүп жатканын айтты. Жолугушуунун жыйынтыгында лидерлер бүгүнкү сүйлөшүүлөр Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы достук жана өз ара ишенимди бекемдөөгө негиз түзөрүнө ишеним артышты.VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда Кыргызстандын жети облусун тааныткан этно-боз үйлөр уюштурулду. Ар бир боз үйдө меймандар аймактардын маданияты, каада-салты, тарыхы жана өзгөчөлүктөрү менен тааныша алышат. Иш-чаранын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жети облустун боз үйлөрүн кыдырды. Мейманды ар бир региондун боз үйүндө салттуу ырлар жана музыкалык чыгармалар менен тосуп алышты. Облустардын өкүлдөрү аны улуттук каада-салттар, кол өнөрчүлүк, турмуш-тиричилик буюмдары, улуттук тамак-аштар жана аймактардын маданий мурастары менен тааныштырышты.Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Бендер-Аббас портунда Кыргызстан үчүн логистикалык борбор түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу Ирандын лидери менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун ШКУ саммитинин алкагында өткөн жолугушуусунда белгилүү болгонун Ирандын ТАСНИМ агенттиги жазды. Өз кезегинде Садыр Жапаров Ирандын мунай чалгындоо компанияларын Кыргызстанда кызматташууга чакырды. Бул эки өлкөнүн өз ара пайдалуу өнөктөштүгү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Белгилей кетсек, Иран буга чейин Кыргызстандын аймагында мунайды кайра иштетүүчү завод курууга катышууга даяр экенин билдирип, жаңы завод үчүн чийки мунай жеткирүүнү пландап жатканын маалымдаган.Кыргызстандын шараптары чет өлкөлүк рынокторду багындырууда. Экспорт тууралуу маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады. Жылдын биринчи жарымында Кыргызстан 74 миң литр шарап сатты. Ал эми өткөн жылдын январь-июнь айларында бул көрсөткүч 16 миң литрге жеткен эмес. Негизги сатып алуучу — ЕАЭБге мүчө болгон Казакстан. Бул өлкө 68,6 миң литр сатып алган. Калган көлөм Монголияга жана аталышы көрсөтүлбөгөн өлкөлөргө экспорттолгон.Быйылкы жылдын 15-сентябрынан тарта Таиланд Кыргызстанга карата кабыл алган 30 күнгө чейинки визасыз режим иштей баштайт. Бул тууралуу падышалыктын Тышкы иштер министрлиги билдирди.Жаңы тартип кадимки паспорт ээлерине тиешелүү. Учурда кыргызстандыктар Таиландга баруу үчүн 15 күндүк виза алышат. 15-сентябрдан кийин мунун зарылдыгы болбойт.Таиланддын жарандары да Кыргызстанда 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/02/1103407645_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a341d73a492d4603a6b652bd2360e972.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио