Ошто өрттөн качып 5-кабаттан кулаган аялдын туугандары табылбай жатат

© Фото / пресс-служба УВД города ОшДвушка упавшая с пятого этажа во время пожара в многоквартирном доме в Оше
Двушка упавшая с пятого этажа во время пожара в многоквартирном доме в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык милиция кызды тааныгандар болсо кабарлап коюуну өтүнөт

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт учурунда 5-кабаттан кулаган аялдын туугандары табылбай жатат. Бул туурасында Ош ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба УВД города ОшДвушка упавшая с пятого этажа во время пожара в многоквартирном доме в Оше
Двушка упавшая с пятого этажа во время пожара в многоквартирном доме в Оше - Sputnik Кыргызстан
Двушка упавшая с пятого этажа во время пожара в многоквартирном доме в Оше

Эске сала кетсек, 24-апрелге караган түнү саат 01.00дөр чамасында калаанын Жим көчөсүндөгү 12 кабат үйдө өрт чыгып, алгач 5-кабаттагы №22 жана №23 батирлерде башталганы айтылган. Анын кесепетинен алты киши жабыркап, ооруканага жеткирилген. Өрттөн качкандардын экөө терезеден кулап кеткен. Алардын бири эркек киши, экинчиси 25-30 жаштагы аял экени белгилүү болгон.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто өрт учурунда 5-кабаттан кулаган аял каза болду
"Өрт учурунда терезеден кулаган аял азыркы күнгө чейин ооруканада эсине келе албай жатат. Анын аты-жөнү белгисиз. Буга байланыштуу сүрөттөгү аялды таанып билгендер болсо Ош шаардык милициясына кайрылууну өтүнөбүз", — деп айтылат маалыматта.

Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 03222 4-82-82, 0550 506000 же 102 номерлери аркылуу кабарласаңыздар болот.

ӨКМдин Ош шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Баймуратовдун айтымында, кырсык болгон маалда куткаруучулар 30 кишини эвакуациялоого жетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0