БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт учурунда 5-кабаттан кулаган кыз Ош облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө комада жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган оорукананын башкы дарыгери Шайырбек Сулайманов билдирди.
Сулаймановдун айтымында, жабыркаган кыз болжол менен 25-30 жаштарда. Азырынча аты-жөнү тактала элек. Өрт чыккан батирди ижарага алып жашап келген.
"Жабырлануучу алгач 1-кабаттын тосмосуна кулап, андан соң жерге түшкөн. Баш сөөктөрү жабыркап, мээсине кан куюулуп кеткен. Абалы оор. Кыз менен кошо дагы 30 жаштагы бир киши кулаган. Ал дагы тосмого түшүп, анан жерге жыгылган. Бутунан жаракат алып, бели сыныптыр. Учурда өз алдынча баса албайт. Травматология бөлүмүндө", — деди дарыгер.
Жабыркаган эки киши үйүнө жиберилсе, дагы экөө доктурлардын кароосунда.
Ал эми ӨКМдин Ош шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Баймуратовдун айтымында, кырсык болгон маалда куткаруучулар 30 кишини эвакуациялоого жетишкен.
Өрт эмнеден келип чыкканы такталууда.