БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Бүгүн кечинде боло турган Кыргызстан менен Индия курама командаларынын футболдук беттешүүсүнөн улам Бишкектин бир катар көчөлөрү жабыла турганын шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 17.00дөн 22.00гө чейин Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Жибек Жолуна чейин, ошондой эле Фрунзе көчөсү Исановдон Панфилов көчөсүнө чейин жабык болот.
Эскерте кетсек, оюн келерки жылы Бириккен Араб эмирлигинде өтө турган Азия чемпионатына тандоо алкагында өтөт.
Беттеш саат 20:00дө Бишкек калаасындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы спорттук стадиондо башталат.
Кыргызстандын командасы Мьянманын курама командасын 5:1 эсебинде жеңгенден кийин 2019-жылы өтө турган Азия чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алган. Кыргызстан Индиядан жеңилип калган учурда да жолдомо жокко чыгарылбайт.