Өлкөнүн башкы энергетиктери канча айлык алып, эмне мүлккө ээлик кылат

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүКызматкрелер. Архив
Кызматкрелер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаршемби күнү Улуттук энергетикалык холдингдин жетекчиси Айбек Калиев бир айда 39 миң сом айлык аларын айтты. Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөнүн башкы энергетиктеринин мал-мүлкүн тактап көрдү.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Шаршемби күнү Жогорку Кеңештин ТЭЦтеги аварияга арналган жыйынында "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ишканасынын башкаруучулугунун төрагасы Айбек Калиев энергетиктердин маянасы тууралуу маалымат берди.

"Мен 39 миң сом, ТЭЦ жетекчиси 27 миң сомдун тегерегинде айлык акы алат. Буу казандар менен иштегендер зыяндуулук үчүн берилген акчаны кошкондо кеминде 16-17 миң сом алат", — деди Калиев депутаттын суроосуна жооп берип жатып.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Калиевдин айткан сөзүнүн чын-төгүнүн текшерип, аны менен кошо өлкөнүн энергетика тармагын башкарган жетекчилердин айлык акысын билип көрүүнү чечти. Иликтөөбүздө чиновниктердин 2016-жылга карата жарыяланган декларациясына таяндык. "Иштеген кызматынан көргөн кирешеси" деген жерде маянадан тышкары сый акылар жана башка төлөмдөрдүн да жазылганын белгилей кетүү керек.

Бакыт Есенбаева

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат жана вице-спикер Бакыт Есенбаева
Депутат Есенбаева Бакыт - Sputnik Кыргызстан
Депутат жана вице-спикер Бакыт Есенбаева

Бакыт Есенбаева Жогорку Кеңештин учурдагы чакырылышында депутат жана вице-спикер болгон. Бирок 2016-жылдын февраль айында мандатын тапшырып берген. Ошол эле айдын соңунда Улуттук энергохолдингдин төрага орун басары болуп дайындалып, ушу күнгө чейин аталган кызматты аркалап келет.

Есенбаева 2016-жылы депутат болгон бир айдан ашыгыраак убакыттын ичинде жана Энергохолдингдин төрага орун басарлыгын аркалаган 10 айдын аралыгында 658 миң сом иштеп тапкан. Маалыматка ылайык, 2005-жылы чыккан Lexus GX 470 үлгүсүндөгү унаасы бар.

Нурлан Садыков

© Фото / пресс-служба Национального энергетического холдинга КРУлуттук энергетикалык холдингдин төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Садыков
Заместитель руководителя Национального энергетического холдинга Нурлан Садыков - Sputnik Кыргызстан
Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Садыков

Авария на ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Депутат: Кыргызстандын энергетикасын мугалим менен тигүүчү башкарып жатат
Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Садыков кызматка Есенбаева менен чогуу — 22-февралда келген. Кесиптешинен айырмаланып декларацияда ар бир иштеген жеринен тапкан кирешесин көрсөткөн. Экономика министринин орун басары болуп турган 2016-жылдын эки айынын аралыгында Садыков 84 миң сом тапкан. Ал эми холдингдеги айлыгы 794,5 миң сомду түзгөн. Бөлө келгенде бир айга 80 миң сомдон туура келет.

Садыков 51 чарчы метрлик батирдин жана беш сотых жердин ээси. Бир нече акционердик коомдун акцияларын ишенимдүү башкарууга өткөрүп берген.

Айбек Калиев

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЭнергетикалык холдингдин жетекчиси Айбек Калиев
Глава Нацэнергохолдинга Айбек Калиев - Sputnik Кыргызстан
Энергетикалык холдингдин жетекчиси Айбек Калиев

Айбек Калиев 2016-жылды экономика министринин орун басары катары тосуп алып, бирок 19-январда эле Энергетикалык холдингди жетектеп калган.

Коомдук транспорттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар жөө жүргөндөн уялар-уялбасын айтып беришти. Пикирлер
Министрликте иштеген эки жарым жума үчүн 53 миң сом алган. Холдингдеги кирешеси 1 миллион 40 миң сомду түзгөн, же орточо эсеп менен бир айда 90 миң сомдон алып турган. 2016-жылы Калиев 4,5 миллион сомдон ашыгыраак суммага кыймылсыз мүлк сатып, кайра 4 миллион 140 миң сомго батир сатып алган. 160 миң сомду эмерекке, 100 миң сомун тиричилик техникасына жумшап 690 миң сомдук Toyota Prado унаасынын ээси болгон. Кызыгы, Калиевдин жакын тууганы да кыймылсыз мүлк сатуудан 690 миң сом киреше көргөн.

Калиевдин дагы эки орун басары Эрали Козубаев менен Нурбек Төкөлдөшев кызматка 2017-жылы дайындалышкан.

Калиев Жогорку Кеңештин жыйынында айлык акыдан башка нерселер тууралуу да айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0