БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин вице-спикерлери болуп көпчүлүк коалициядан Нурбек Алимбеков менен оппозиция өкүлү Бакыт Есенбаева шайланды.
Бардыгы болуп төрага орун басарлыгына үч талапкер — көпчүлүк коалициясынан Нурбек Алимбеков ("Кыргызстан"), оппозициядан Максат Сабиров ("Республика — Ата-Журт") жана Бакыт Есенбаева ("Бир Бол") ат салышты.
Добуш берүүнү жыйынтыгы менен Алимбековдун талапкерлигине 102, Сабиров үчүн 42, ал эми Есенбаева үчүн 80 депутат макулдугун берген.
Мыйзамга ылайык, талапкерлер добуш берүүгө катышкан депутаттардын жарымынан көп добушуна ээ болушу шарт.
Жогорку Кеңештин спикери болуп шаршемби күнү Асылбек Жээнбеков шайланган.